Эрежелер›Морфология›Этиш›Чак категориясы
Чак категориясы
Ар кандай кыймыл-аракет мезгил жана мейкиндик менен өлчөнөт. Ал эми этиш сөздөр кыймыл-аракетти, кыймылдык ал- абалды, кыймылдык көрүнүштү билдиргендиктен мезгил, мейкиндик катыштыгынан сыртта калбайт. Башкача айтканда, кыймыл-аракет кайсыдыр мейкиндик алкагында болуп, кандайдыр убакыт бирдигинде жүзөгө ашат. Мына ошол мейкиндик менен убакыт биз сүйлөп жаткан жерден, биз сүйлөп жаткан учурдан башат алат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, кыймыл-аракет биз сүйлөшүп жаткан учурда болуп, биз сүйлөшүп жаткан учурдан мурда болуп өткөн жана биз сүйлөшүп жаткан учурда али аткарыла элек болот. Кыймыл- аракеттин убакыт бирдиги менен шартталган мына ушундай касиеттери бар.
Ошентип, кыймыл-аракеттин аткарылыш жана ал- абалдын болуш мезгили менен биз сүйлөп жаткан убакыттын ортосундагы мезгилдик карым-катыштарды билдире турган грамматикалык категория этиштин чак категориясы деп аталат.
Кыргыз тилинде кыймыл-аракет, ал-абал жана мезгилдик көрүнүштөрдү билдирген этиштин үч чагы бар. Алар: өткөн чак, учур чак, келер чак. Этиштин суроолору да мезгилдик кырдаалдарга жараша өзгөрүлүп, ар бир чактын өзүнө ылайыкташып түшөт. Мисалы: Мен эмне болуптурмун? – деди эжеси ичинен кабатырланып. (М.Гапаров) Кырсык кетсин, ырыскы келсин, келинди этегинен жалгап, үй балага толсун. (Э.Турсунов) Сейит (тыңшап): Шайыргүл ырдап жатат. (Т.Абдумомунов)
Биринчи сүйлөмдө кыймыл-аракеттин сөз болуп жаткан учурдан мурда болуп өткөндүгү (эмне болуптурмун), экинчисинде кыймыл-аракеттин сөз болуп жаткан кезде али аткарыла элек экендиги (кетсин, келсин, толсун), ал эми үчүнчүсүндө кыймыл-аракеттин дал сөз болуп жаткан чакта аткарылып жаткандыгы (ырдап жатат) белгилүү болуп турат.
Чак категориясы этиш сөз түркүмүнүн эң негизги категориясы болуп эсептелет. Болгондо да этиш сөз түркүмүн башка сөз түркүмдөрүнөн айрымалоочу категория болуп саналат. Анткени, жогоруда белгиленгендей, этиш сөздөр кыймыл-аракет же кыймылдык ал-абалды билдирет. Ал эми кыймыл менен ал-абал мезгилсиз, мезгил бирдигисиз ишке ашпайт.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Чак категориясы