Эрежелер›Морфология›Этиш›Учур чак
Учур чак
Кыймыл-аракеттин биз сүйлөп жаткан кезде болуп жатканын билдирген этиштин өзгөргөн формалары учур чак этиштер болуп эсептелет.
Мисалы: Экөө бир нерсеге күлүп келе жатышат. (М.Гапаров) Бүгүнкү күндө дал ошолор көп кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүп жатышат. («Кыргыз Туусу»)
Учур чактагы кыимыл-аракеттин аткарылышы биз сүйлөп жаткан кезде гана болуп жатышы, бир топко чейин улана бериши мүмкүн. Кээде мурда башталган кыймьш-аракет ушул учурда да журө бериши, кээде болсо ушул учурдагы кыймыл- аракет, кандайдыр деңгээлде, келечекте аткарылар касиеттери менен кошо болот. Көпчүлүк учурларда кыргыз тилиндеги учур чак этиштердин мындай көп кырдуу грамматикалык маанилери жардамчы этиштер аркылуу жана сүйлөмдө катышып турган мезгилдик маанидеги башка сөздөр аркылуу туюндурулат.
Эскертүү: Кыргыз тилиндеги учур чак этиштердин табияты жана ички тутумдук түзүлүшүнүн көп кырдуу грамматикалык маанилери али ачыла элек. Жалпы түркологияда учур-келер чак, учур-өткөн чак деген сыяктуу терминдер аркылуу берилген мисалдар С.А.Давлетов ж.б. жазышкан бир гана грамматиканы (Кыргыз тили. Пединституттардын педагогикалык факультеттери үчүн окуу китеби. -Фрунзе: Мектеп, 1986, 192-6.) эске албаганда, кыргыз тилчилери тарабынан эч бир грамматикада чагылдырыла элек. Чындыгында, тилибизде учур чак көрсөткүчү деген каражаттардын келер чак маанисин да, кээде өткөн чак маанисин да ала жүргөн көрүнүштөрү жок эмес. Бул, албетте, өзүнчө атайын жүргүзүлө турган илим-изилдөө ишинин объектиси болуп саналат. Андыктан, бул окуу китепте маселенин ушу күндө да ачык экенин белгилөө менен гана чектелебиз.
Кыргыз тилинде учур чакты уюштуруучу грамматикалык каражаттарга төмөнкүлөрдү киргизебиз:
- Жат, тур, жүр, отур, олтур деген сыяктуу жардамчы этиштер уюштурат: келе жатат, сүйлөп турат, ойноп жүрөт, окуп олтурат ж.б. Булардын ичинен жат жардамчы этиши баратат, келатат, окубатат деген сыяктуу татаал формаларда да айтыла берет, бирок учур чакты уюштурар озуйпасын жоготпойт.
Жардамчы этишер аркылуу уюшулган учур чак этиштер, албетте татаал этиштер болушат да, анын тутумундагы негизги этиш мааниси дайыма чакчыл формада келет. Мисалы: Бирок ал өзү жаштык кылып түшүнбөй жатат. (К.Каимов) Чоң баштык толтура китептерин асынып алып, мектебине жай гана бара жатат. («Кыргыз руху»).
- -ууда мүчөсү (кыймыл атоочтун -уу жана жатыш жөндөмөсүнүн -да мүчөлөрүнүн биригишинен жасалган) учур чак этиштерди уюштурат. Бул мүчө аркылуу дайыма жөнөкөй учур чак формалары жасалат. Мисалы: Сугатчы жер суусунун кандырууда, тирүүлүк отун чачып жандырууда. (О.Султанов) Тигил тиздеген нардай катар чөккөн эки асканын кайкаңынан күн алоолонуп жогору көтөрүлүүдө. (Т.Сыдыкбеков).
- Өткөн чактын -ды (-ты) мүчөсү да кээде учур чак маанилерин билдирет. Мисалы: Топоздун этине аябай тоюп, бөрүлөр бир аяк жол менен үңкүрүнө кайтып келатты. (Ч.Айтматов) Алардан Алтынкөкүл Раушанды күндүз алып кетүү кыйын, - деп, Кереч кемпири экөө каршы чыга баштады. (К.Жантөшев) Карышкырды тарамышынан тартылган кайыш боо максатына жеткирбей өксүтүп турду. (Э.Турсунов).
- Жак мүчөлөрдүн таасири астында чакчылдын -а мүчөсү да учур чакты уюштурат. Мисалы: Боз үйдүн сырткы капшытында Токтогул отурат. (Т.Абдумомунов) Шыбыргактаган гана жаандын табышы чыгат. (К.Жантөшев).
- -дыр мүчөсү азыркы кыргыз тилинде, негизинен атоочтор маанисиндеги сөздөргө жалганганы менен этиштик учур чак маанисин билдирүү озуйпасын жогото элек. Мисалы: Ошого жараша теңир алдында кетирген күнөөлөрү да арбындыр. (А.Стамов) /йүндө илбирс, жолборстун же болбосо сүлөөсүн, калтардын терилери бардыр? (А.Стамов). Бирок, мындай этиштерде өткөн чак маанисинин да кошо айтылып жатканы сезилип турат.
Учур чак этиштерди жөнөкөй учур чак, татаал учур чак деп, түзүлүшү боюнча экиге бөлөбүз.
Жөнөкөй учур чак этиштер бир эле уңгудан туруп кыймыл-аракетти билдирет. Мисалы: Азыр Кыргызстан адам укугунун сакталышы боюнча Батыш Европа өлкөлөрү менен бирдей деңгээлде турат. («Заман Кыргызстан»)
Татаал учур чак этиштер. Эки же андан көп уңгудан туруп, бир эле кыймыл-аракетти же ал-абалды билдирген учур чак этиштер татаал учур чак этиштер болушат. Жогоруда айтылгандай, татаал учур чак дайыма жардамчы этиштер аркылуу уюшулат. Ар бир жардамчы этиштин өзүнө жараша маанилик өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан алардын ар бирине жекече токтололу.
Жат
Жат жардамчы этиши чакчылдын -а, -ып формаларындагы негизги этиштер менен жак боюнча өзгөргөн абалда айкашып келип учур чак маанисин билдирет. Бул жардамчы этиш этиштин бардык формаларынын мүчөлөрүн кабыл алып, андан ары өзгөрө берет: бара жатам, келе жатат, жазып жатышат, сабап жатам, айтып жатасың, күлүп жатат, багып жатам, иштеп жатабыз, окуп жатасыз ж.б.
Жат жардамчы этиши аркылуу уюшулган татаал этиштер чыныгы учур чак маанисин билдиргенде төмөнкүдөй касиеттерге ээ болот:
- Өзүнүн этиштик кыймыл-аракеттик маанисин солгундатып, көбүнчө андан ажырап да калып, айкашып келген негизги этиш (чакчыл формадагы) билдирген кыймыл-аракеттин чак, жак, сан белгилерин гана түшүндүрүп калат. Мисалы: Кайсы бирөө тээп түшүү үчүн арткы дөңгөлөгүн таба албай бутунун башын соймоңдотуп убараланып жатат. (М.Алыбаев) Алтын катылган казык ушул көрдүн ичинде деп жатат, байкушум. (А.Стамов).
- Негизги этиш (чакчыл) билдирген кыймыл-аракеттин чак, жак, сан белгилерин түшүндүрүү менен бирге өзүнүн этиштик лексикалык маанисин солгундатат.
Мисалы: Көздөрү ачыла элек бөлтүрүктөр бири-бирине ыкташып уктап жатышат. (К.Жантөшев).
Жат жардамчы этиши менен уюшулган татаал этиштерде учур-өткөн чак маани да болот. Мисалы: Кээ бирөө түшүндө чийбаркыт кийсе, кээ бирөө бир эле шакек салынып калып, түшүнөн чочуп жатышты. (М.Алыбаев) Жаңыл жылмайып, аны кыйлага чейин карап жатты. (М.Гапаров) Келтирилген мисалдардагы өткөн чак маанилерге грамматикалык каражаттар эмес, контекст шарт түзүп турат. Биринчи сүйлөмдө түш көрүү процессинин өткөн экендиги айкын айтылып турса, экинчи сүйлөмдө чейин деген жандооч чак мааниси менен кыймыл- аракетке өткөн чактык сапат ыйгарып турат.
Жат жардамчы этиши менен уюшулган татаал учур чак этиштер тыбыштык кыскарууларга да дуушар болот. Азыркы кыргыз тилинде мындай көрүнүштөр өтө арбын.
Мисалы: Алардын жардамы менен кыргыздын дагы бир чырпыгы жетилип келатат. («Асаба»).
Тур
Тур жардамчы этиши чакчылдын -ып формасындагы саналуу гана этиштер менен айкашып келип, татаал учур чакты уюштурат. Жардамчы этиш (тур) өзү чакчыл мүчөнү (-а) кабыл алып, этиштин жак, чак, сан көрсөткүчтөрү менен өзгөрүүгө жендөмдүү.
Бул жардамчы этиш да көпчүлүк учурларда өз лексикалык кыймыл-аракеттик маанисинен ажырап кылат.
Мисалы: айтып турам, ичип турат, сүйлөп турат, жашап турабыз, жеп турат, ойноп турат, көрүп турам; А Саякбай айтып турат «Манасты». (О.Сооронов).
Жүр
Жүр жардамчы этиши чакчылдын -ып формасындагы саналуу гана негизги этиштер менен айкашып келип татаал учур чакты уюштурат. Мында да жардамчы этиш (жүр) чакчыл мүчөсүн (-а) кабыл алып, анан жак, чак, сан боюнча өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мисалы: окуп жүрөт, иштеп жүрөм, байкап жүрөсүң, айтып жүрөт; Кудага шүгүр, университетте окуп жүрөм. («Эркин Тоо»).
Отур
Отур жардамчы этиши да чакчылдын -ып формасындагы саналуу гана негизги этиштер менен айкашып келип татаал учур чакты уюштурат. Мында да жардамчы этиш чакчыл -а мүчөсүн кабыл алып, жак, чак, сан боюнча өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мисалы: байкап отурам, айтып отурат, иштеп отурасың; Астыртан көзүнүн кыйыгы менен карап, баарын байкап отурат. («Асаба»).
Башка жардамчы этиштерден айрымаланып, отур деген жардамчы этиш татаал учур чактын тутумунда өзүнүн лексикалык кыймыл-аракеттик маанисин кээде сактап калат. Мисалы: Баятан бери байкап отурам, бир да автобус өткөн жок. (К.Акматов)
Үч тутумдан турган татаал учур чактарда акыркы түгөйү (жат) түшүп да калат. Түшүп калса да, анын учур чак мааниси сактала берет. Мисалы: Артыбыздан жез кемпир келаткансып, тызылдап кетип барабыз. («Асаба») Ошол кезден ушул кез, бул заводдо иштеп келем. («Кыргыз Туусу»). Биринчи мисалда кетип бара жатабыз, экинчи мисалда иштеп келе жатам деп үч тутумдан турган татаал этиштердин акыркы тутумдары кыскарып, кетип барабыз, иштеп келем деп айтылып жатат.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Учур чак