Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Чамалама сан
Чамалама сан
Заттардын, нерселердин санын, эсебин, иретин чамалап, божомолдоп так эмес кылып көрсөткөн сан атоочтор чамалама сан атоочтор деп аталат. Мисалы: Он чакты күндөн бери бир да тамчы тама элек.
Чамалама сандар көбүнчө аныкталгычтары менен кошо айтылат: Анткени аларда так болбосо да сандык маани басымдуулук кылат: Жыйырма чакты кой, үч-төрт окуучу; жүзчө каз; отуздай эчки; жүздөн ашуун китеп ж.б.
Кыргыз тилиндеги чамалама сандардын дээрлик бардыгы туунду уңгулар. Алар морфологиялык ык менен да, синтаксистик ык менен да жасалат.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Чамалама сан