КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Топ сан

Топ сан

Бирөңчөй заттарды же нерселерди бөлүп-бөлүп топтоштуруу, чогултуу маанисинде айтылып, алардын так эмес санын билдирген сан атоочтор топ сан деп аталат. Топ сандар чыгыш   жөндөмөсүнүн   мүчөсүнүн   эсептик сан атоочторго жалгануусу аркылуу уюшулат. Ошондуктан аларга сан атоочтун чыгыш жөндөмөдөгү суроосу берилет - канчадан? Мисалы: Залга ондон-ондон болуп, көрүүчүлөр кирип жатты. («Кыргыз Туусу»). Эч болбосо экиден эгиз тууйт улагың. (Токтогул). Студенттерди беш-бештен ар бир аудиторияга бөлүштүрдүк.

Заттарды сан жагынан топ-топко бөлүштүрүп, топтоштуруп айтуу эки түрдүү мааниде жүргүзүлөт:

1). Теңештирип, барабар кылып бөлүп топтоштуруу. Мындай учурда топ сандар бир эле эсептик сандын кайталанып, экөөнүн тең чыгыш жөндөмөдө айтылышы аркылуу уюшулат: үчтөн-үчтөн, ондон-ондон ж.б. Бир эле сан атоочтун экинчисин чыгыш жөндөмөдө кайталап айтуу аркылуу да тепетең, барабар бөлүштүрүүчү топ сандар уюшулат: үч-үчтөн, төрт-төрттөн, беш-бештен ж.б.

2). Чамалап, божомолдоп бөлүп топтоштуруу. Мындай учурда топ сандар эки башка эсептик сандын жупташып, экөөнүн тең чыгыш жөндөмөдө айтылышы аркылуу түзүлөт: үчтөн-төрттөн отурушту; жана эки башка эсептик сандын жупташып, экинчисинин чыгыш жөндөмөдө айтылышы аркылуу уюшулат: он-он бештен, жети-сегизден ж.б.

Эсептик сандар менен килограмм, грамм, тонна, литр, метр, миль, километр, чакырым өндүү өлчөм сөздөр айкашып келип да топ сандар уюшулат. Бул учурда да чыгыш жөндөмөсү лексикалашкан маани жаратат. Мисалы: Түшүмдү үчөөбүз үч тоннадан бөлүп алдык. Он килодон эмгек алдык дегенге, кубанычка кучагымды толтурдум. (Фольк).

Топ сандар төмөндөгүдөй жолдор менен жасалат:

  • чыгыш жөндөмөсүндө айтылган сан атоочтордон: экиден, үчтөн, тогуздан, ондон. Сынак тапшырууга төрттөн киргизет дешти. (Ш.Бейшеналиев)
  • бир эле сан атооч сөздүн кайталанып, экинчиси чыгыш жөндөмөсүндө айтылышы менен: эки-экиден, беш-бештен, он- ондон. Отургандарга үч-үчтөн табак тартылды.
  • сан атооч сөздөргө литр, метр, грамм, килограмм, тонна, чакырым өңдүү өлчөм сөздөрүнүн  чыгыш жөндөмөсүндө келип кошулуп айтылышы менен: беш метрден, он  тоннадан,  сегиз  чакырымдан.  Жүз  метрден  эстафета чуркоого төрт бала тандалды.

Топ сандарда сандык маанилер заттык маанилер менен тыгыз байланышта болот. Ошондуктан алар көбүнчө аныкталгычтарсыз айтылат. Өзгөрүүлөргө дуушар боло бербейт. Сүйлөмдө көбүнчө бышыктоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Ал быйыл ар бир ириктен алты килограммдан жүн алууга милденттенген. (А.Убукеев)

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Топ сан