Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Жамдама сан
Жамдама сан
Заттардын, нерселердин сандык касиеттерин, эсептик белгилерин жамдап, бириктире жалпылаштырып көрсөтөт. Кыргыз тилинде жамдама сан атоочторду уюштуруучу грамматикалык каражат -оо мүчөсү бар. А.Н.Кононов бул мүчөнүн тарыхый өнүгүшүн -гун, -гу -ву -ви -в -у -ү көрүнүшү менен түшүндүрөт1.
Жамдама сан атооч сөздөрдө (бирөөдөн башка) сандык маани менен кошо жалпылоо, бириктирүү, көптүк жана заттык (затташуу) маанилери да кошо болот. Мисалы: Төртөөң төп болсоң, төбөдөгүнү аласың, алтооң ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың. (Макал) Айла алтоо, акыл жетөө. (Макал) Кайда барсаң да казандын кулагы төртөө. (К. Юдахин) Ошондуктан алар сүйлөмдө эсептик, иреттик сан атоочтордой болуп аныкталгыч менен кошо айтылбайт. Заттык мааниси күчтүүрөөк чыккан учурда, тескерисинче, жамдама сан атоочтордун өзүлөрү аныкталгыч катары кызмат кылып калат. Мисалы: Алдыда келаткандар дагы эле баягы учөө. Биринчи төртөөң киргиле.
Бирөө деген жамдама сан атоочто көптүк, биргелешүү маанилери болбойт. Мында айырмалоо, бөлүп көрсөтүү, өзгөчөлөнтүү жана заттык (затташуу) маанилер сандык маани менен бирге жүрөт. Мисалы: Жанаша бүткөн алмаңдын бирөөнү бер деп жалынсам. (Барпы) Бирөө ичерге суу таппай жүрсө, бирөө кечерге кечүү таппай жүрөт. (Макал).
Көпчүлүк учурларда бирөө деген жамдама сан атооч сандык эмес кандайдыр абстракттуу заттык мааниде колдонулат. Мисалы: «Токтогу-ул», деп жиберди бирөө.
«Токтогулдан башка ким сүймөнчүк эки журтка?! Токтогул!» (Т.Касымбеков) Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны аскердин бир чоңуна жеткириптир. (М.Элебаев).
Кимдир бирөө деген айкалышта айтылып, белгисиз ат атоочтун тутуму катары кызмат кылат (ат атооч бөлүмүн караңыз).
Көптүк сан мүчөсү жалганса абстракттуу заттык мааниси күчөйт. Мисалы: Бирөөлөр мага окшоп ноопаз бордосо, дагы бирөөлөр ээр чаап, тери ийлеп, шырдак шырып... бу да болсо жардам (Т.Абдумомунов).
Жамдама сан атоочтор биринчи жана экинчи жактардын жекелик түрү менен өзгөрбөйт. Көптүк сан боюнча да бул эки жакта дайыма эле өзгөрүүлөргө дуушар боло бербейт. Субөектилердин аракеттеринде биргелешүү, субөектилердин өзүлөрүнө бириктирүү маанилери басымдуу болгон учурларда гана өзгөрөт. Мисалы: Барган сайын Арзымат экөөбүздүн ортобуздагы көз караш жылуу тартат. (К.Жантөшев). Жанымда жок Орган кары чоң атам. Жанымда жок Эмрайин өз атам. Жанымда жок Мылгун аке, карасаң. Ал үчөөнүн жайын айтам сурасаң. (Ч.Айтматов)
Жалпы таандык мүчө менен да жамдама сан атоочтор өзгөрө берет. Мисалы: Ал экөөнүкүн мага бергиле, менде береселери бар. («Алатоо»).
Адабий тилде жамдама сан атоочторго үчүнчү жактын таандык мүчөсү жалганбайт. Аныктоочу ат атоочтон болсо да аныкталгыч - жамдама сан, таандык мүчөсүз колдонулат. Мисалы: Алардын бешөө тең келген жок. Бирок, адабий тилде созулма менен берилүүчү жамдама сан атоочтун ордуна дифтонг түрүндө колдонулуучу говордук формаларга үчүнчү жактын таандык мүчөсү жалгана берет. Мисалы: Шумкаруя төрүндө Көксулуусу экөөбү үзөңгү кагыша Жеңижок түз эле Субан болуштун үйүнө келип түшүп калды. (Т.Касымбеков).
Жамдама сан атоочтор заттык маанини ала жүрөт дедик. Ошондуктан алар жөндөлөт. Жөндөлүштө алар таандык жөндөлүш формаларын кабыл алышат.
| А | бирөө | алтоо | үчөөнүкү |
| И | бирөө-нүн | алтоо-нун | үчөөнүкү-нүн |
| Б | бирөө-нө (-гө) | алтоо-но (го) | үчөөнүкү-нө |
| Т | бирөө-н (нү) | алтоо-н (ну) | үчөөнүкү-н |
| Ж | бирөө-ндө (дө) | алтоо-ндо (до) | үчөөнүкү-ндө |
| Ч | бирөө-нөн (дөн) | алтоо-нон (дон) | үчөөнүкү-нөн |
Кээде бирөө, экөө деген жамдама сан атоочтор барыш жөндөмесүндө -га болуп да аяктай берет. Мисалы: Бул китептерди бирөөгө берүүгө болбойт. Экөөгө бирөө бата албайт. Аттууга жөө жете албайт. (Токтогул). Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөгө бергис бирөө бар.
Жамдама сан атоочтор кыргыз тилинде жетөө гана. Башкача айтканда, -оо мүчөсү адабий тилде жетиге чейинки гана сандарга жалганат. Бир - бирөө, эки - экөө, үч - үчөө, төрт - төртөө, беш - бешөө, алты - алтоо, жети - жетөө.
Кээ бир аймактарда (Ысыккөлдүн түштүк тарабы менен Нарын өрөөнүндө) сегиз, тогуз, он сан атоочторуна да жамдама сан атоочтун мүчөсү жалганып айтыла берет: оноо, сегизөө, тогузоо.
Синтаксистик кызматы боюнча жамдама сан атоочтор зат атоочторго жакын келет да, сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарат:
Ээнин милдетин аткарат: «Токтогула», деп үн катты бирөө.
Баяндоочтун милдетин аткарат: Кайда барсаң да казандын кулагы төртөө. (К. Юдахин).
Толуктоочтун милдетин аткарат: Бегайым экөөңө көптөн- көп салам айтып, өгүзүнүн күчүнө кошуп, бир козу карын май берди. (К.Жантөшев).
Аныктоочтун милдетин аткарат: Үчөөнүн аты биринчилерден болуп аталды. («Кыргыз Туусу»).
1.) Кононов А.Н. Грамматика языка тюркских рунических памятников (VII-IX вв.). Л., 1980. 114-б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жамдама сан