Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Иреттик сандар
Иреттик сандар
Иреттик сандарды уюштуруучу атайын грамматтикалык каражаты бар. Ал -ынчы (-нчы), байыркы түркчө -нч мүчөсү. Бул куранды мүчө бардык эсептик сан атоочторго жалгана берет да, эсеп же санды билдирген сөзгө, эсептик сан атоочко, катарды, иретти билдирүү манисин ыйгарат.
Ошентип, иреттик сан атоочтор заттын, нерсенин, окуялардын, абстракттуу түшүнүктөрдүн ирет тартибин, катарын билдирип канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: бир - биринчи, эки - экинчи, алты - алтынчы, жыйырма - жыйырманчы, токсон - токсонунчу, үч миң алты жүз сексен - үч миң алты жүз сексенинчи ж.б.
Иреттик сандар адатта атооч сөздөр менен гана айкашып келет. Мисалы: Аалы Токомбаев бир миң тогуз жүз төртүнчү жылы туулган. Нази быйыл үчүнчү курста окуйт.
Кээде этиш сөздөр менен да айкаша берүүсү мүмкүн. Бул учурда кыймыл-аракет процессинин ирети, катары же ошол кыймыл-аракетке субөектинин жетүү катары билдирилет. Мисалы: «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналган тойдогу ат чабышта Кыргызстандын күлүгү биринчи келди.
Көрүнүп тургандай, айкашкан иреттик сан менен этиш сөздүн ортосуна кандайдыр жардамчы сөздүн (тактап айтканда, жардамчы этиштин) кошулуп айтылышы зарыл болуп турат. Мисалы: «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналган тойдо Кыргызстандын күлүгү супер ат чабышта биринчи болуп келди.
Сүйлөмдө иреттик сан атоочтор көбүнчө аныктоочтук милдет аткарат. Мисалы: Касым Тыныстанов отуз жетинчи жылы биринчи августта камакка алынды. (К.Сактанов). Биринчи колум - бармагым, кат жазып сага арнадым. (Фольк.).
Бул белгиси боюнча эсептик сан атоочторго окшош болгону менен алардан сандык идеяны конкреттүү билдиргени жагынан айырмаланат. Эсептик сан атоочтор менен иреттик сан атоочтордун ортосундагы дагы бир жалпылык болуп, кээде бул экөөнүн бири-бирине аныктооч катары кызмат кылуу мүмкүнчүлүктөрү эсептелет. Мисалы: Мектебибизде эки жетинчи, уч алтынчы жана төрт бешинчи класстар бар. Биринчи беш студент сынакты ийгиликтүү тапшырышты эле, экинчи беш кишинин экөө «кулап» калды.
Эсептик сан атоочтордой эле иреттик сан атоочтор да заттанышат. Заттык мааниде колдонулгада ээ менен толуктоочтун да милдетин аткара берет. Мисалы: Биринчилерди лекциядан бошоткула (биринчи курстун студенттерин деген мааниде). Төртүнчүлөр келе жатышат, төртүнчүлөр. (Ж.Бөкөмбаев).
Чыгыш жөндөмөдө айтылган иреттик сан атоочтор кээде сенек формага айланып, сүйлөмдө киринди сөз катары милдет аткарат. Мисалы: Биринчиден, колуңду жуу, экинчиден, курсагыңды тойгуз, анан сени менен сүйлөшөм. («Мурас»).
Затташкан иреттик сан атоочтор зат атоочтун категориялары менен өзгөрүүгө жөндөмдүү болушат.
Жакчыл таандык мүчөлөр менен өзгөрөт.
| 1 | бир-инчи-м | он алты-нчы-быз |
| 2 | бир-инчи-ң бир-инчи-ңиз | он алты-нчы-ңар он алты-нчы-ңыздар |
| 3 | бир-инчи-си (-лери) | он алты-нчы-сы (-лары) |
Жалпы таандык мүчөнү да кабыл алат: биринчи - ники, экинчи - ники, он алтынчы - ныкы.
Жөндөлөр менен өзгөрөт.
| А | үчүнчү | экинчим | алтынчысы |
| И | үчүнчү- нүн | экинчим-дин | алтынчысы-нын |
| Б | үчүнчү-гө | экинчим-е | алтынчысы-на |
| Т | үчүнчү-нү | экинчим-ди | алтынчысы-н |
| Ж | үчүнчү-дө | экинчим-де | алтынчысы-нда |
| Ч | үчүнчү-дөн | экинчим-ден | алтынчыс ы-нан |
Жак мүчөлөрдү да кабыл алат
| 1 | биринчи-мин | тогузунчу-буз |
| 2 | биринчи-сиң | тогузунчу-суңар |
|
| биринчи-сиз | тогузунчу-суздар |
| 3 | биринчи (-лер) | тогузунч у (-лар) |
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008