Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Эсептик сандар
Эсептик сандар
Заттардын, буюмдардын, кубулуштардын эсебин, санын жайынча гана билдирген сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат. Эсептик сандар канча? нече? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Бир чака сүткө бир чака суу кошобуз, ал эми эки чака айран болот. (М. Элебаев) Эмденип чыгып, он беш күн иштеп, эс алууга кетти. (К. Жусупов). Атабаев. Эки аял аядыңыз беле? Малабай. Ооба. (Т. Абдумомунов). Асты жагын караса, алты жасоол жол баштап... («Манас»).
Эсептик сандар өзүлөрү эсебин, санын билдирген сөздөр менен дайыма ыкташуу байланышы аркылуу байланышат. Жогоруда белгиленгендей, мына ушул учурда - эсебин, санын билдирген сөздөр менен айкашып келген учурда, сан атооч сөздөрдүн лексикалык маанилери конкреттүүлүк мүнөзгө айланат.
Эсептик сан атоочтор морфологиялык жактан уңгу сөздөр болуп эсептелет. Аларда курандылар жок. Биз жогоруда сан атоочтордун башка сөз түркүмдөрүнөн жасалбай турганын айтканбыз. Эсептик сандар сан атоочтун башка түрлөрүн уюштурууда база болуп кызмат кылат. Жөнөкөй эсептик сандар аз эле санда: бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз, он, жыйырма, отуз, кырк, элүү, алтымыш, жетимиш, жүз, миң, түмөн. Булардан тышкары жарты, жарым, сыңар, эгиз, жуп, кош, жалкы деген сөздөр да жөнөкөй сан атоочтор.
Башка бардык эсептик сандар - татаал сан атоочтор: он бир, он эки, отуз беш, сексен, токсон, бир жүз элүү үч, эки миң тогуз жүз алтымыш беш ж.б.
Эсептик сан атоочтор затташтууга жөндөмдүү болот. Сүйлөмдө дайым эле сан атоочторду алардын аныкталгычтары менен кошо айта бербейбиз. Ошол учурларда, башкача айтканда, эсептик сан атоочтордун өзү эле айтылып, аныкталгыч сөзү көмүскөдө калган учурларда, сан атоочтор заттык касиеттерге ээ болушат. Көмүскөдө калган заттын, буюмдун же кандайдыр башка түшүнүктүн грамматикалык белгилерин өзүнө кабыл алат да затташып кетип, өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мисалы: Бириң - кыздын нурдуусу, бириң - кыздын сулуусу. (Барпы). Жетинин бири - Кыдыр. (Макал).
Эсептик сандар затташып, жөндөмө категориясы боюнча өзгөргөндө, жөнөкөй жөндөлүш формасын кабыл алат. Мисалы:
| А | беш | отуз үч | токсон алты |
| И | бештин | отуз үчтүн | токсон алтынын |
| Б | бешке | отуз үчкө | токсон алтыга |
| Т | бешти | отуз үчтү | токсон алтыны |
| Ж | беште | отуз үчтө | токсон алтыда |
| Ч | бештен | отуз үчтөн | токсон алтыдан |
Кээде затташып кеткен эсептик сандын өзү да үч жактын бирине таандык болуп айтыла берет. Мисалы: Кырк элең, бириң келдиң. (Жомок) Ондун бири болуп мен да Москвага жөнөп калдым. («Ала Тоо»).
Таандык мүчөлөр менен келип затташканда жөндөлүштүн татаал түрүн кабыл алат. Мисалы:
| А | бирим | үчүң | отуз алтысы |
| И | биримдин | үчүңүн (-дүн) | отуз алтысынын |
| Б | бириме | үчүңө | отүз алтысына |
| Т | биримди | үчүңү (-дү) | отуз алтысын |
| Ж | биримде | үчүңдө | отуз алтысында |
| Ч | биримден(- ен) | үчүңөн (-дөн) | отуз алтысынан |
Эсептик сандар затташып кетип, адамзаттык зат атооч маанисинде болсо, жак категориясы боюнча да өзгөрө берет. Жак мүчөлөр менен эсептик сан атоочтордун өзгөрүшү бирдей эмес. Тактап айтканда, жекелик санда анча өзгөрбөйт да (үчмүн, бешсиң деп айтылбайт), көптүк санда эсептик сандар жак боюнча өзгөрүп айтылууга жөндөмдүү болот. Мисалы: Бир курста кырк алтыбыз. Силер он төртсүңөр.
Азыркы кыргыз тилинде эсептик сан атоочтордун бардыгы эле бирдей колдонулушка ээ эмес. Бир деген сан атооч ар кандай кырдаалдарга жараша ар кандай маанилерге эгедер боло берет. Ал төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат:
а). Зат атоочтор менен айкашып келип, алардын санын, эсебин билдирет: Метродо ойлуу бараткан студенттин колтугунда бир китеп бар.(«Алатоо») Жаман атка миң камчы, жакшы атка бир камчы. (Макал)
б). Бала, киши, күнү деген сыяктуу сөздөр менен айкашып келип, санды эмес абстракттуулук маанисин билдирет. Мисалы: Илгери-илгери, бир бала болуптур. (Жомок) Бир киши келип кетти. (Биерде чоочун бирөө деген маани айтылып жатат). Экөөбүз бүгүн бир иш кылабыз (иштин санын эмес, абстракттуулугун билдирди).
в). Жолу, ирет, мерте деген сыяктуу сөздөр менен айкашып келип, мезгилдик саноо маанилерин билдирет. Мисалы: Бир жолу аябай ыйлаган окшоймун… (Т. Сыдыкбеков)
г). Бир сан атоочунун жатыш жөндөмө формасы кээде мезгилдик маани билдирет. Мисалы: Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. (Макал) Көздөрү бирде жумулуп, бирде ачылар эле. (К. Юдахин).
д). Этиш сөздөр менен айкашып келип, абстракттуулук маани берип, кыймыл-аракеттин кыска мөөнөттүүлүгүн билдирет. Мисалы: Таңдын атканын ошондо бир билдик. (К. Юдахин). Чаргын ачуусу менен келип бир тийди. (Т.Сыдыкбеков).
е). Кээ бир учурларда бир деген эсептик сандын ордуна жалгыз, жалкы, жеке, сыңар деген сөздөр колдонулат. Мисалы: Жалгыз дарак такой болбойт. (Макал) Жеке таз жети тазды ошентип, дагы бир жолу алдады. (Жомок). Биринчи төл эгиз болдубу? - Жок, жалкы болду. («Ала-Тоо»).
ж). Бир деген эсептик сан башка сөздөрдүн, жаңы сөздөрдүн, жасалышына да негиз боло алат:
га: бирге (бирге жүрдүк);
гала (га-ла): биргелешип иштейли;
-гээр (диал.): биргээр-биргээр (кээ-кээде деген мааниде);
-дай: бирдей (бирдей иштейли);
-деме: бирдеме деш керек;
-дик: бирдик (Макал: Бирдик болгон жерде тирдик);
-ер: бирер минутадан кийин;
-ык: бирик (Бириккен Улуттар Уюму);
-өө: бирөө (бирөө билбегенди бирөө билет):
-ын: бирин: бирин-серин (бул мүчө монгол тилдеринде активдүү колдонулат).
Эсептик сан атооч сөздөр, алардын татаал формаларын эске албаганда, саналуу гана. Бирдик сандардын аталышы тектеш түрк тилдеринин бардыгында бирдей, айрым тилдерде гана тыбыштык өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Азыркы кыргыз тилиндеги аталыштар негизинен байыркы түрк уңгуларын сактайт.
Ондуктар аталышы боюнча тектеш түрк тилдеринин бардыгында бирдей эмес. Жыйырма, сексен, токсон деген сан атоочтор гана бардык түрк тилдеринде бирдей аталат. Калган ондуктардын аталышы ар башка. Отуз деген ондук тува тилинде гана үжен (үч+он) формасына ээ. Кырк, элүү болсо, алтай, тува, якут тилдеринде төртөн (төрт+он), бежен (беш+он) болуп айтылат. Алтымыш, жетимиш ондуктарынын мындай формада айтылышынын ареалы алда канча кең.
Алтайча: алтан, жетен, шорчо: алтон, четтен, хакасча: алтон, читон, тувача: алдан, чеден, якутча: алтауон, сеттеуон.
Эсептик сандар көптүк санда айтылбайт. Анткени бирден башка сан атоочтордун бардыгы көп экендигин, же өзүлөрүнүн аныкталгычтарынын эсебинин көп экендигин сандык конкреттүүлүк менен билдирет.
Эсептик сан атоочторго көптүк сандын -лар мүчөсүнүн жалгана бериши мүмкүн. Бирок мындай учурунда алар көптүк санды эмес, божомол, чамалоо маанилерин билдирет. Мисалы: Мен көргөндө, Алтынай Сулайманованын чачына ак кирип, толмоч тартып, элүүлөргө таяп калган киши экен. (Ч.Айтматов).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жөнөкөй жана татаал сан атоочтор