Эрежелер›Морфология›Тууранды сөздөр›Элес тууранды сөздөр
Элес тууранды сөздөр
Адамдын, жаныбарлардын жана жансыз заттардын сырткы көрүнүшүн, кыймыл-аракетин, турпатын туурап айтылган сөздөрдү элес тууранды сөздөр дейбиз.
Мисалы, кишинин кыймылына, турпатына, көрүнүшүнө жараша: аксаң-аксаң, бүкүрөң, дирт, селт, жалт, далдаң, тайраң, тойроң-тойроң, арбаң-тарбаң, илең-салаң ж.б.
Жаныбарлардын кыймылына, көрүнүшүнө жараша: булт, жылт, лып, килең-килең, серең-серең, опоң-опоң, сорок-сорок, тыртаң-тыртаң, текирең, үрпөң ж.б.
Жансыз заттардын турпатына жана жаратылыш көрүнүштөрүнө жараша: жылт, жарк, сорок деген сыяктуу элес тууранды сөздөр айтылат.
Элес тууранды сөздөр да нерсенин көрүнүшүн, элесин так өзүндөй кыла албай болжолдуу кылып туурайт. Ошондуктан бир эле нерсенин көрүнүшүн ар башкача элестүү сөз менен айтып калган учурлар болот. Мисалы: аксаң-аксаң жана чолоң- чолоң деген тууранды сөздөрдүн экөө тең эле аксак адамдын баскандагы көрүнүш элесин туурап айтылат.
Элес тууранды сөздөрдү эмненин элесин, эмненин көрүнүшүн билдиргендигине жараша, негизинен, бири-биринен айырмаланган эки топко бөлүп кароого болот:
а) көрүнүштү, келбетти, турпатты туураган сөздөр;
б) кыймыл-аракетти, абалды туурап айтылган сөздөр.
Биринчи топтогулар адамдын, жан-жаныбарлардын жана жансыз заттардын сырткы турпат, келбет, көрүнүш элесине карата айтылат: далдаң, аксаң, бүкүрөң, серең-серең, үрпөң, сорок, жылт, жарк, жарк-журк ж.б.
Экинчи топтогулар адамдын, жан-жаныбарлардын жана жансыз заттардын кыймыл-аракет, ал-абал элесин туурап айтылат: дирт, селт, тайраң-тайраң, арбаң-тарбаң, опоң-опоң, тыртаң-тыртаң, делдең, шып, шарт, кылт ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Элес тууранды сөздөр