КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Тууранды сөздөр›Табыш тууранды сөздөр

Табыш тууранды сөздөр

Адамдан, ар кандай жаныбарлардан, заттардан жана табият кубулуштарынан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр табыш тууранды сөздөр деп аталат. Мисалы: Кишинин түкүргөнүн чыйт, жөтөлгөнүн күрс-күрс, күлгөнүн ха-ха-ха, уйдун үнүн мөө, иттин үнүн арс-арс, ау-ау, чычкандын үнүн чыйп, казан аяктан чыккан үндү калдыр-кулдур, мылтыктын үнүн тарс, койчунун таягынын үнүн тык-тык, саатын урганын тик-так, күн күркүрөгөндү калдыр-калдыр, шамалдын сокконун шуу-шуу деп туурап айтабыз.

Бул сөздөр чындыгында ошол үндөрдүн дал өзү эмес. Аларга окшоштурулуп, ошол үндөрдү чагылдырып туурап айтылган сөздөр. Ошондуктан бир эле заттан чыккан үндү туурап, биз ар кандай табыш тууранды сөздү «жасап алып» колдонушубуз мүмкүн. Анткени, бирөңчөй заттар болсо деле ар кайсынысынан ар башкача үн чыгышы мүмкүн. Мисалы, сааттын сокконун бирде чык-чык деп туурап айтсак, бирде тик- так деп туурап айтабыз. Кичинекей сааттын үнү бир башкача болот дагы, чоң сааттын үнү андан башкача болот.

Борс-борс, кара күчүк үрүп калды. («Ала Тоо») Ау-ау, ач түлкү, казды күчүк алдырбас. (А. Осмонов). Иттердин да бардыгынан бирдей үн чыкпайт.

Табыш тууранды сөздөрдү эмнени, кандай заттардын үнүн туураганына жараша топторго бөлөбүз.

  1. Адамдан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: кобур-собур, күбүр-шыбыр, күңк-мыңк, корс-корс, карс-карс, шыр, чыйт, бырс, кыш-кыш, ха-ха, баа, кажы-кужу, кор-кор, апчхи ж.б. Түгөнүп баратканбы? Тфу! Тфу! Ооз кесир сүйлөбөйүнчү. (М.Макенбаев)
  2. Айбандардан, жаныбарлардан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: арс-арс, дабыр-дүбүр, така-так-така-так, шакылык-шакылык, каак, какылык-какылык, бытпылдык, чыйт-чыйт, күкүк, дың-дың, ыз-ыз, ышш-ышш ж.б. Така-так, така-так. Сырттан аттардын дүбүртү угулуп калды. (К.Жантөшев) Борс-борс, борсулдак, кайдан чыктың корсулдап. (А.Осмонов)
  3. Жаратылыштагы жансыз заттардан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: даң, заң, калдыр-кулдур, тык-тык, карс, тарс, качыр-кучур, топ, дүп, дүңгүр, шалдыр- шулдур, шуу, балч, былч, шар, шылдыр, болк-болк, кыйч-кыйч ж.б. Көксөп келген көрөр көзгө Кызылкыя бир сонун, шарак- шарак, шарактаган кыймылдары миң форум. (Ж.Бөкөмбаев) Оор күрөктү жоон санына сүйөй көтөрүп, күү менен улам алысыраак ыргыта баштады. Шалп-шулп, шалп-шулп… (К.Акматов) Короодо мотоцикл дүрүлдөп, абактын жертөлөсүнөн: «Тарс! Тарс! Тарс!...» деген добуштар чыкты. (Э.Турсунов)
  4. Жаратылыш кубулуштарынан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: күр, калдыр-кулдур, күр-күр, шатыр- шатыр, тарс, дабыр-дүбүр ж.б. Бир маалда шатыр-шутур, жамгыр жаап кирди. («Адабий Алатоо») Калдыр-кулдур… Капысынан чарт-чурт деп айланага жарык сепкен чагылгангандан бир аздан кийин күн күркүрөп кирди. («Алатоо»)

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Табыш тууранды сөздөр