Эрежелер›Морфология›Тууранды сөздөр›Тууранды сөздөр
Тууранды сөздөр
Жаратылыштагы ар кандай үндөрдү жана көрүнүштөрдү туурап айтылган сөздөр тууранды сөздөр деп аталат. Мисалы: Ха - ха - ха! Каткыра күлүп, Имаш Набинин кең далысын чапкылады. (М.Макенбаев).
Адамдан же башка жаныбарлардан чыккан ар кандай дабыштар, жансыз заттардын кагылышуусунан пайда болгон үндөр жана ар кандай заттардын көрүнүштөрү ошол калыбында айтылып туюндурулат. Тууранды сөздөр оозеки кепте, тилдин жандуу көрүнүшүндө арбын колдонулат. Көркөм адабиятта да алар көп колдонулуп, айтыла турган ойдун таамайлыгын арттырып, образдуулугун камсыз кылат.
Тууранды сөздөр өз алдынча түркүмдү түзүп, башка сөз түркүмдөрдөн төмөндөгүдөй белгилери менен айырмаланат:
1). Тууранды сөздөр угулган дабышты угулгандай, же көрүнгөн элести көрүнгөндөй кылып тууроо аркылуу айтылгандыгы менен айырмаланат: чык-чык - сааттын жебесин жылдыра соккон механизимдин үнү, күрс - адамдын жөтөлгөнү, ыңаа-ыңаа - наристенин ыйлаганы, серең-серең - койондун кулагынын тикчийген көрүнүшү, бөкчөң - карыган адамдын эңкейе түшүп басканы ж.б. Мисалы: Биз карса-курс туяктарынан учкун жанган аттарды ансайын темине комиссарга корголойбуз. Аңгыча маузер тарс атылды. Мойнуман ылдый муздак тер чып-чып сызылды. (Ж.Осмонкулов)
2). Кандайдыр деңгээлде тууралган үндү, элести алып жүргөн заттын, көрүнүштүн өзүн да билдирер маанисинин болгондугу менен айрымаланат: тарс (добуш менен кошо мылтыктын өзүн да билдирди), жарк-журк (чагылган элестейт), тып-тып (тамган тамчы элестейт), мөө (добуштун уйдан чыккандыгы белгилүү болуп турат) ж.б.
3). Көпчүлүк учурда тыбыштык жактан айтылышынын эркин болушу, кээде жазуу эрежелерине сыя бербеши менен айрымаланат: Карга муну билиптир, карк-карк этип күлүптүр. (А.Рыскулов) Каак-каак, каргалар казан асып отурат. (Фольк.) Эки сүйлөмдө тең карганын үнү тууралып жатат, бирок экөөндө эки башкача (карк-карк, каак-каак) жазылды.
4). Кээде тууранды сөздөр атама сүйлөм маанисин да билдире алат: Тарс! Дагы бири чалкасынан кетти. (Т.Касымбеков).
Кыргыз тилинде тууранды сөздөрдү эмнелерди тууроо, кандай тууроо ыгына, өзгөчөлүктөрүнө жараша табыш тууранды сөздөр жана элес тууранды сөздөр деп эки топко бөлүштүрөбүз.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат