Эрежелер›Морфология›Тактооч›Тактоочтордун жасалышы
Тактоочтордун жасалышы
Тактооч сөздөр жасалыш өзгөчөлүгүнө карай морфологиялык жол менен жана синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор болуп экиге бөлүнөт.
Морфолгиялык жол менен жасалган тактоочтордун басымдуу тобу куранды (сөз жасоочу) мүчөлөр аркылуу уюшулат. Айрым уланды мүчөлөрдүн жардамы менен уюшулган тактоочтор да бар.
Тактооч жасоочу өнүмдүү курандылар
-ча курандысы кандайдыр бир нерсенин кыймыл-аракет белгисин экинчи бир нерсенин кыймыл-аракет белгисине окшоштуруу, же сан-өлчөмдүк салыштыруу маанилерин түшүндүргөн тактоочторду жасайт: балача, кишиче, бизче, айбанча, атча, кийикче, бүгүнчө, анча-мынча, орусча, казакча, баланча, түкүнчө ж.б.
-лап (этишти жасоочу -ла жана чакчыл -ып ) мүчөсү менен мезгилдик, өлчөмдүк маанилерди туюндурган тактоочтор жасалат: күндөп, түндөп, айлап, эртелеп, жылдап, чакалап, каптап, баштыктап, тонналап, кыялап, ылдыйлап, күндөп- түндөп, айлап-жылдап ж.б.
-чылап (тактоочту жасоочу -ча, этишти жасоочу -ла жана чакчыл -ып) мүчөсү менен окшоштуруу, кейиптештирүү маанилерин туюндурган тактоочтор жасалат: сенчилеп, бизчилеп, аларчылап, Асанчылап, орусчалап ж.б.
-лай (этишти жасоочу -ла жана чакчыл -й) мүчөсү аркылуу өлчөмдүк, мезгилдик маанилерди билдирген сөздөр жасалат: жайлай, кышты-кыштай, күздү-күздөй, акчалай, эгиндей, накталай, тирүүлөй, утурлай ж.б.
-чалык (тактооч жасоочу -ча жана сын атооч жасоочу -лык) мүчөсү аркылуу сан-өлчөмдүк, салыштырмалуулук маанилерди билгизген тактоочтор жасалат: менчелик, бизчелик, сенчелик, кишичелик, итчелик, ошончолук, Гулнарчалык, Дүйшөнчөлүк ж.б.
-сын (таандык уланды -сы жана жөндөмө мүчө -н) мүчөсү менен мезгилдик маани түшүндүргөн сөздөр жасалат: кечкисин, кышкысын, бүгүнкүсүн, түшкүсүн, түнкүсүн, жайкысын ж.б.
Аз өнүмдүү курандылар
-лата (этишти жасоочу -ла, аркылуу мамиледеги жак мүчө -т жана чакчыл -а) мүчөсү менен сын-сыпаттык жана ырааттуулук маанилерди билдирген тактоочтор жасалат: акчалата, эгиндете, улуулата ж.б.
Кыргыз тилинин кээ бир диалектилеринде тактооч сөздөрдү жасоочу -ындасы (-дөсү) мүчөсү да жолугат: жайындасы, кышындасы, түндөсү, кечиндеси, күзүндөсү ж.б.
Өнүмсүз курандылар
-ата: кыдырата, алсырата
-та: бажырайта, тасырайта
-ым: ыкчам
Морфологиялык жол менен жасалган тактоочтордун бир тобу жөндөмө мүчөлөрдүн атооч уңгуларга биротоло ажырагыс болуп кошулуп кетишинен да жасалган:
- барыш жөндөмө менен уюшулган тактоочтор: алга, зорго, күнгө, күчкө, бекерге, бир азга ж. б;
- жатыш жөндөмө менен уюшулган тактоочтор: түштө, мында (бу -нда), кээде, өйдө (өй=өр), күндө, эзелде ж. б;
- чыгыш жөндөмө менен уюшулган тактоочтор: илгертен, эзелтен, кокустан, эмитен, мурунтан, азыртан ж. б;
- (байыркы) курал жөндөмө менен уюшулган тактоочтор: акырын, кечкурун, күнүн, түнүн, кышын, жазын, кийин, тымызын, төмөн, белен (?) ж.б.
Бир нече жөндөмө мүчөлөрүн кабыл алган сөздөрдөн да тактоочтор келип чыккан.
- Тутумунда жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрдүн мүчөлөрү бар тактоочтор: мурдатан, баштатан, илгертеден, эртеден ж.б.
- Тутумунда байыркы барыш -ры жана чыгыш жөндөмө мүчөсү бар тактоочтор: арытан, беритен.
- Тутумунда байыркы барыш -ры менен жатыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү бар тактоочтор: беритеден, арытадан, ичкертеден.
- Тутумунда байыркы барыш -гары жана чыгыш жөндөмө мүчөсү бар тактоочтор: илгертен, жогортон.
Синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор
Уңгу бирикмелери аркылуу жасалган тактоочтор синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор деп аталат. Буларды татаал тактоочтор деп да айтабыз. Алар түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай өз ара кош тактоочтор жана кошмок тактоочтор болуп экиге бөлүнөт.
Кош тактоочтор кош сөздөр кебетелүү тактоочтор болуп эсептелет. Алар төмөнкүдөй ыкмалар менен жасалат:
а) уңгулардын кайталанышы аркылуу: кайра-кайра, бат- бат, тез-тез, алыс-алыс, илгери-илгери, кез-кез, ылдам-ылдам, мурда-мурда, сүйлөй-сүйлөй, кезек-кезек, каптап-каптап ж.б.;
б) уңгулардын маанилик жактан каршылашып келип, антонимдик жупташышы аркылуу: өйдө-ылдый, олбуй-солбуй, илгери-кийин, астын-үстүн, ары-бери, чогуу-чаран, эртели-кеч, жайы-кышы, оңду-солду ж.б.;
в) экинчи компоненти мейкиндик жөндөмөлөр формасында турган тактоочтор аркылуу: кез-кезде, бир паста, аз-аздан, бат-баттан, топ-топтон ж.б.;
г) эки компоненти тең жөндөмөлөр формасында турган тактоочтордун жупташып келишинен: анда-санда, андан- мындан, ойдон-тоодон, кээде-кээде, күндө-күндө ж.б.;
д) биринчи компонентине -ма мүчөсүнүн жалганышы аркылуу: оозмо-ооз, колмо-кол, жекме-жеке, айылма-айыл, жүзмө-жүз, бетме-бет, көзмө-көз, түтүнмө-түтүн, шаарма- шаар ж.б.;
е) эки компонентине тең -дыр мүчөсүнүн жалганышы аркылуу: жайдыр-кыштыр, күндүр-түндүр, эртедир-кечтир, жакшыдыр-жамандыр ж.б.
ж) биринчи түгөйү (компоненти) чыгыш жөндөмөсүндө болуп кайталанган сөздөрдөн: ачыктан-ачык, бирден-бир, көптөн-көп, өзүнөн-өзү, уламдан-улам ж.б.
Кошмок тактоочтор кошмок сөздөр кебетелүү тактоочтор болуп эсептелет: алда кайда, алда качан, бир жылы, бир күнү, ар убак, ар дайым, эч жерде ж.б.
Бир катар кошмок тактоочтор биригип бир бүтүндүккө айланып кеткен. Компоненттери тыбыштык жактан өзгөрүп таанылгыс болуп калгандары да бар. Алар тилдин азыркы учурунда жөнөкөй сөз же жөнөкөй тактооч катары кабыл алынат: былтыр, быйыл, эчак, бүгүн, өгүнү, бүрсүгүнү ж.б. Булар тарыхый жактан гана мүчөлөнүп, татаал тактоочтор катары каралат. Былтыр (бир жылдыр), быйыл (бул жыл), эчак (не чак), бүгүн (бул күн), өгүнү (ол күн), бүрсүгүнү (бир соң күн).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Тактоочтордун жасалышы