Эрежелер›Морфология›Тактооч›Тубаса жана туунду тактоочтор
Тубаса жана туунду тактоочтор
Тактооч сөздөр түзүлүшүнө карай тубаса жана туунду тактоочтор болуп экиге бөлүнөт.
Тубаса тактоочтор деп тилдин ушул учурдагы абалында андан ары мүчөлөргө (морфемаларга) бөлүнбөгөн тактоочторду айтабыз. Кыргыз тилинде мындай тактоочторго төмөнкү сөздөр кирет: тез, бат, ылдам, аз, көп, эрте, кеч, кечээ, азыр, ары, бери, дал, дароо, жогору, илгери, төмөн, ылдый, кийин, эми, дайыма, анан, анда, бирге, зорго, бекер, кайра, кайта, бачым, акырын, улам, саал, аябай, чапчаң ж.б.
Тубаса тактоочтордун айрымдары тарыхый жактан андан ары морфемаларга ажырап да кетет.
Мисалы: Ары > ал (ол) (о) - ры, бери > бу, бул - ры, эртең > эр (ир) - таң, илгери > ил -гары, ичкер > ич -гары, жогору > жо -гары, кайта > кай -т -а (салыштырыңыз, кайы: кайып кетти, кайы - сайманын түрү, кайы: кайкып учту, кай: каймана, кай: кайсар) ж.б. Азыркы учурда бул морфемалар өздөрүнүн толук маанилеринен ажырап, сөздүн тутумуна биротоло сиңип кеткен. Аларды тиешелүү морфемаларга бөлүп көрсөтүү үчүн биз диалектилердин, байыркы жазма эстеликтердин жана тектеш тилдердин материалдарына кайрылабыз.
Ошондуктан азыркы кыргыз тилинин шартында мындай тактоочторду тубаса тактооч сөздөрдүн катарына кошобуз.
Туунду тактоочтор деп тутумунда куранды (башкача айтканда, сөз жасоочу) мүчө же бир нече уңгу болгон тактооч сөздөрдү айтабыз.
Мисалы: адамча, балача, кишиче, немисче, каптап, чакалап, менчилеп, ылдамдай, жазды-жаздай, жайды-жайлай, утурлай, эртели-кеч, бүгүн, былтыр, кечкурун, бетме-бет, быйыл ж.б.
Кыргыз тилиндеги тактооч сөздөрдүн көпчүлүгү туунду сөздөр болуп эсептелет. Алардын бир бөлүгү башка сөз түркүмдөрүнө жакын, атүгүл сырткы формасы боюнча ошол башка сөз түркүмүндөгү сөздөрдөн айырмасы жок.
Мисалы: каптап, чакалап, менчилеп, Динарачылап деген сыяктуу тактоочтордо -ып (-чы, -ла, -ып) чакчыл форманты, ал эми учурлай, ылдамдай, жазды-жаздай, жайды-жайлай өңдүү тактоочтордо -й (-ла, -й) чакчыл форманты бар. Мындай сөздөр контекстте гана тактоочтук милдет аткарат.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Тубаса жана туунду тактоочтор