КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Тактооч›Аныктагыч тактоочтор

Аныктагыч тактоочтор

Аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин сын-сыпат, сан- өлчөм кырдаалдарын аныктап билдирет. Аныктагыч тактоочтор өз ара дагы эки топко бөлүнөт.

  1. Сын-сыпат аныктагыч тактоочтор кыймыл- аракеттин аткарылыш ыгын, сапаттык белгилерин көрсөтүп, кандай? кантип? кандайча? кимче? эмнече? деген сыяктуу суроолорго жооп берет.

Мисалы: Жумагул менен Кабыл экөө жалгыз чаканы божуга серейтип асып коюп, жылтылдаган оттун тегерегинде гана жымжырт отурат эле. (М.Элебаев) Адамча сураса кайра итче үрө баштаганын көрчү!? (К.Сактанов).

Сын-сыпат аныктагыч тактоочторго акырын, аста, адамча, тымызын, тез, бат, дароо, ылдам, жай, бирге, бетме- бет, кайра, араң, зорго, жымжырт, жайбаракат өңдүү сөздөр кирет. Булар төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди билдирет:

а). Кыймыл-аракеттин ылдамдык касиетин, ылдамдык кырдаалын билдирет: «Кана, алып келчи», деп бат-бат айтып эңкейе Караганда, атчандын чоң көгала сакалы шамал тийген бедедей сеңселе түштү. (А.Токомбаев) Алайдан тоссоң жолумду, акырын шилтеп колуңду... (Барпы).

б). Кыймыл-аракеттин көтөрүңкү же басаңдаган (өчүңкү) мүнөздө экендик кырдаалын билгизет: - Бар, арам катын, жыргадың! - деп эле угузбай акырын унчугуп, артынан түртүп койду. (М.Элебаев) Анча-мынча эс алмакчы болду. (К.Баялинов) Эки сүрөтчү келгенде, Жапар алка-шалка тердеп кетти. (А.Токомбаев).

в). Кыймыл-аракеттин кайталаныш, узакка созулуш өзгөчө кырдаалын билдирет: Анын көзү. кайта-кайта карай берди. (Н.Байтемиров) Уккандын баарын нас кылып, үстү-үстүнө бастырып. (Барпы).

г). Кыймыл-аракеттин ишке ашыш кырдаалдарын көрсөтөт: Астыңдан атың мен алдым, досум,  астыртан тиктеп сен калдың, досум. (Барпы).

д). Башка аракетке, башка заттын аракетине салыштыруу аркылуу кыймыл-аракеттин ишке ашар кырдаалын билдирет: Тиги киши кыргызча шар кетпегени менен тилди дурус түшүнөт. (М.Элебаев).

  1. Сан-өлчөм аныктагыч тактоочтор кыймыл- аракеттин көлөмдүк, өлчөмдүк белгилерин көрсөтөт. Алар канча? нече? канчалык? нечелеп? канчалап? деген сыяктуу суроолорго жооп берет.

Мисалы: Ал убакта тагдыр мени ошончолук каргады деп айтпас элем. (М.Элебаев) Канчалык күтсө да Айдарбек келбеди. (К.Жантөшев). Менчелик аны эч ким жакшы көрбөйт. (М.Элебаев)

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008