Эрежелер›Морфология›Тактооч›Бышыктагыч тактоочтор
Бышыктагыч тактоочтор
Бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин боло турган мезгил, өтө турган орун, болуш себеп же максат кырдаалдарын көрсөтөт. Бышыктагыч тактоочтор өз ара бир нече топторго бөлүнөт.
- Мезгил бышыктагыч тактоочтор кыймыл аракеттин боло турган учурун, мезгилин көрсөтүп, качан? качантан бери? кайсы кезде? качанга чейин? деген өңдүү суроолорго жооп берет.
Мисалы: Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур. (Макал) Дүйшөнкул бул кыялын чындыкка чыгаруу үчүн күндүр-түндүр иттеди. (Ж.Бөкөнбаев).
Мезгил бышыктагыч тактоочторго негизинен төмөнкү сөздөр кирет: азыр, анан, ар дайым, ар качан, ар убак, анда- санда, анда-мында, бүгүн, башта, жана, кез-кезде, кечке, күндө, эми, эрте, эртең, эртели-кеч ж.б.
Табиятына жараша булар, мезгил бышыктагыч тактоочтор, төмөндөгүдөй маанилерди билдирет.
а). Өткөн чак этиштер менен айкашып келип, кыймыл- аракеттин өтүп кеткен мезгилдик кырдаалдарын билдирет: жана, алда качан, бая, кечээ, капкачан, мурдагүнү, өгүнү, эбак ж.б.
Мисалы: Жоробай: Бая эле ошентпейсизби (жоолукту карматат). (Т.Абдумомунов) Анын чабалдыгын алда качан эле билер эле. (А .Токомбаев).
б). Келер чак этиштер менен айкашып келип, келечекте боло турган кыймыл-аракеттик мезгилдик кырдаалдарды билдирет: анда, эртең, бүрсүгүнү, кийин ж.б.
Мисалы: Андан кийин коноктордун тизмесине келсек..., биринчиден, алардын бардыгы тең март, ооздору бекем, и, ниеттери түз болууга тийиш. (Т.Абдумомунов) Эртеси кайра жолго чыгышат. (К.Баялинов)
в). Кайсы чактагы этиштер менен айкашса да кыймыл- аракеттин ушу кезге учурлаш, мезгилдеш маанилик кырдаалдарын билдирет: эти, азыр, бүгүн, быйыл ж.б.
Мисалы: Биз азыр богок оорусу менен күрөшүүнүн чараларын изилдеп жатпайбызбы. (М.Тойбаев) Эми колукту жолуна күйөө тараптан чачыла, теңге чачылды. (Т.Касымбеков).
г). Кыймыл-аракеттин кыска мөөнөттө аткарылыш же узакка созулуш мезгилдик кырдаалдарын билдирет: кечке, жайды-жайлай, күндүр-түндүр, жайдыр-кыштыр, кезек-кезек, күнү-түнү, эртели-кеч ж.б.
Мисалы: Кезек-кезек кара бороон буркурап, элдин көзүн ачырбай туруп алды. (М.Элебаев) Күндүр-түндүр «Узак жолун» улаганы уланган. (К.Маликов)
д). Кыймыл-аракеттин аткарылышындагы адат болуп калгандык же кайталаныш кырдаалдарын билдирет: дайым, дайыма, арубак, кез-кезде, күндө, эртели-кеч ж.б.
Мисалы: Эмгек - дайым үмүттөрдүн атасы. (А.Токомбаев). Кез-кезде эске түшкөн сайын көкүрөк чөнтөгүндөгү сүрөттү алып, көпкө телмире карап койот. (М.Макенбаев).
- Орун бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин орун, багыт кырдаалдарын билдирет. Кайда? кайсы жакта? кайсы жакка? каякка? деген сыяктуу суроолорго жооп берет.
Мисалы: Жалгыз караан ары басты. (И.Сулайманов). Өйдө кетсең, бөрү жейт, ылдый кетсең, ууру алат, орто жерден чыкпагын. (Фольклор)
Орун бышыктагыч тактоочторго негизинен төмөнкү сөздөр кирет: алга, ары, артка, алда кайда, жогору, алды- артында, ары-бери, бери, мында, илгери (алдыда деген мааниде), өйдө, төмөн ж.б.
Орун бышыктагыч тактоочтор төмөндөгүдөй маанилерди билдирет.
а). Кыймыл-аракеттин ордун, субъектиге карата жайгашкан жерин (алыс, жакын экендигин) көрсөтөт. Мындай касиетке көбүнчө, ат атоочтон пайда болгон тактоочтор ээ болушат: анда, алда кайда, алда кайдан, мында, тигинден ж.б.
Мисалы: Алда кайдан кебез тартып келаткан кербенчинин төөлөрүндөй чубашты. (А.Осмонов).
б). Орун бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин багыт кырдаалдарын да билдирет: ары, бери, жогору, илгери (алды жакка деген мааниде) өйдө, төмөн, кийин, ылдый ж.б.
Мисалы: Эт-бети менен боюн таштай илгери умтулду. (Т.Касымбеков) Акмат тырмалап отуруп, арчанын башына жогору чыкты. (К.Жантөшев) Өйдө-төтөн чапканы эмгиче Зуурага сезилбептир го. (Т.Сыдыкбеков).
- Себеп жана максат бышыктагыч тактоочтор кыргыз тилинде сан жагынан өтө эле аз. Буларга аргасыздан, атайын, атайлап, капилеттен, эрксизден деген өңдүү саналуу гана сөздөр кирет да, алар кыймыл-аракеттин аткарылышына себеп болгон кырдаалдарды билдирет.
Мисалы: Атайлап түшүнбөгөн киши болуп жер карады. (Т.Сыдыкбеков) Атчандардын бири көпүрөгө келгенде атынын оозун тартып, капыстан артка бурулуп, чаптырып жөнөдү. (Н.Байтемиров)
Булар, себеп жана максат бышыктагыч тактоочтор, сын- сыпаттык маанилерге да ээ болушат: Атайылап айтылган сөз анын сөөгүнөн өтө түштү. (М.Макенбаев).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Аныктагыч тактоочтор