Эрежелер›Морфология›Тактооч›Тактооч
Тактооч
Тактоочтордун өз алдынча сөз түркүмүн түзөөрү түркология илиминде, анын ичинде кыргыз тил илиминде да, узак мезгилдер бою шектүү каралып келген. Кээ бир окмуштуулар аларды өз алдынча сөздөр тобун, сөз түркүмүн, түзөт, дешсе, кээ бирлери тактооч сөздөрдүн бир бөлүгүн сын атаоочторго, бир бөлүгүн зат атоочторго ыйгарып келишкен. Тактооч сөз түркүмү тууралуу маселе ойго да келген эмес.
Кыргыз тил илиминде сөз түркүмдөрү маселесинин жеткилең чечиле бербегенинен улам, 1950-жылдарга чейин эле тактооч өз алдынча сөз түркүмү болуп мектеп грамматикасына киргизилген эмес1. Кыргыз тил илиминин башатында турган кызыл профессор К.Тыныстановдун окуу китебинде тактооч деген сөз түркүмү катталган эмес2. Тактооч сөздөрдүн өздөрү да мисалдар катары тигил же бул сөз түркүмүнөн жолукпайт.
Ү.Асылбековдун педагогикалык окуу жайлары үчүн жазган грамматикасында3 да тактоочтор сөз туркүмүнүн катарына кирбей, көңүлдүн сыртында калган.
Мектеп окуучулары үчүн жазылган К.Бакеевдин грамматикасынын бардык басылыштарында тең4 тактооч жок, башка сөз түркүмдөрүнүн алабынан да тактооч сөздөр мисал катары жолукпайт.
Кыргыз тилинде тактооч сөздөрдүн өзүнчө сөз түркүмү катары өз ордун алуусу тууралуу алгачкы ой белгилүү тилчи С.Кудайбергеновго5 таандык. Атайы илимий изилдөө иштерин алып барып, тактоочтордун башка сөз түркүмдөрүнөн болгон айрымачылыктарын ачып, кыргыз тилинде өз алдынча сөз түркүмү боло аларлыгын далилдөөнү С.А.Давлетов6 жүзөгө ашырган.
Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалдарын (орундук, мезгилдик, себеп, максат, сан-өлчөм, сын-сыпат кырдаалдарын) көрсөтүп, сүйлөмдө көбүнчө этиш сөздөр менен айкашып келип бышыктоочтук милдет аткарган сөздөр тактоочтор деп аталат. Алар качан? кайсы? кайда? канча? кантип? кандай? деген сыяктуу суроолорго жооп берет.
Мисалы: Анархан баласына жаңы көйнөктү кийгизип жатканда тыштан Дарыяхан акырын кирип келди. (К.Жантөшев) Түндөгү далайга ачык дуулдаган барлар, ресторандын эшиктери азыр дымып, зымпыя жабык бойдон. (К.Жусупов).
Тактооч сөздөрдүн маанилери адатта абстракттуу болот. Анткени алар этиш сөздөрдүн түрдүү белгилерин, касиеттерин же орундук жана мезгилдик кырдаалдарын билдирет. Ал эми этиш сөздөр - кыймыл-аракетти билдирген сөздөр, баамыбызда, акыл-эсибизде гана конкреттүү болот. Кыймыл-аракет көзгө көрүнбөйт, кыймылга келген зат гана көзгө көрүнөт. Ошентип, кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалдары да биздин баамыбызда гана абстракттуу түрдө таанып билинет.
Тактооч сөздөр качан? кайсы? кайда? канча? кантип? кандай? деген сыяктуу суроолорго жооп берет дедик.
Мисалы: Бул жердеги мейманкана европалыктарча жасалгаланыптыр. (К.Жусупов) Кечээ гана тиги кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш. (А. Осмонов) Азыр арман кылып калышат. (К.Жусубалиев)
Тактоочтор башка сөз түркүмдөрүнөн төмөнкү белгилери менен айырмаланат:
- Лексикалык жактан маанилери абстракттуу болуп, кыймыл-аракеттин, процесстин, ал-абалдын кырдаалын (орундук, мезгилдик, себеп, максат, сан-өлчөм, сын-сыпат кырдаалдарын) билдирет.
- Морфологиялык жактан тактоочтун өзүнө гана тиешелүү куранды (сөз жасоочу) мүчөлөрү бар. Мисалы: -ча: балача, кыргызча; -лап: эртелеп, баштыктап, сенчилеп ж.б.
- Синтаксистик жактан дайыма этиш сөздөр менен айкашып келип, сүйлөмдө көбүнчө бышыктоочтук милдет аткарат.
Тактоочтор лексика-грамматикалык маанилерине карай эки чоң топко бөлүнөт:
- Бышыктагыч тактоочтор.
- Аныктагыч тактоочтор.
1.) Сартбаев К.К. Кыргыз тилин окутуунун методикасы. 4-6асылышы. Фрунзе: Мектеп, 1968. 121-б.; Кудайбергенов С. Тактоочтор жөнүндө. - «Мугалимдерге жардам». 1949, № 2. 32-б.
2.) Tynystanup Q. Qyrgyz tilinin morfologijasy. Frunze, 1934.
3.) Asylbekov U. Grammatika. 1 boluk. Morfologija. Frunze, 1940.
4.) Бакеев К. Кыргыз тилинин грамматикасы. 1-бөлүк. Фонетика жана морфология. Жети жылдык жана орто мектептердин 5-6 класстары үчүн окуу китеби. Фрунзе: Кыргызмамбас, 1948. 168-б.
5.) Кудайбергенов С. Тактоочтор жөнүндө. «Мугалимдерге жардам», 1949, № 11. 32-35
6.) Давлетов С. Наречие в современном кыргызском языке. Автореферат дисс... канд. филол. наук. Фрунзе. 1956. 15 б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат