КыргызчаРусский

Эрежелер›Лексикология›Эвфемизм деген эмне

Эвфемизм деген эмне

Бул термин грек тилинен euphemismos: eu – жакшы + pheme – сүйлөймүн деген сөздөрүнөн алынган. Бизче орой, одоно кептерди «назик, жумшак, сылык, сыпаа айтамын, жагымдуу сүйлөө» дегенди билдирет да, коом турмушундагы этика (адеп-ахлап) нормалары, адептүү, маданияттуу сүйлөө далалаты менен түшүндүрүлөт. Мисалы, бала төрөбөгөн аялга карата: согончогу канабаган, бала үнүн укпаган, туяксыз как баш, куу баш, жеке макоо, багар-көрөрү жок деген эвфемизмдер – сылык сөздөр колдонулат. Кыргыз тилиндеги эвфемизмдер колдонулуш кырдаалына жана азыркы кездеги калыптанган абалына карата: нукура (же өзүнчө, жеке колдонулган) эвфемизмдер жана контексттик эвфемизмдер болуп бөлүнөт. Нукура (же накта, нагыз) эвфемизм дегенде эч кандай текстсиз эле мааниси түшүнүктүү болгон, ар дайыма туруктуу колдонулган сылык сөздөрдү айтабыз. Мисалы, жаңыдан күйөөгө чыккан жаш аял затка карата: турмуш курду, турмушка чыкты, баш кошту, күйөөгө чыкты, күйөөгө тийди, күйөөлүү болду, тагдыры бирикти, коломтосунан түтүн булатты, турмуш сапарын улантты (дагы жогорудагыдай эле мааниде, бирок бир аз ороюраак түрүндө: эрге тийди, эрдүү болду деп да айтабыз). Ал эми өз алдынча турганда эвфемизм катары колдонулбай, сүйлөм тизмегинде гана сылыктык касиетке ээ болгон сылык сөздөр да учурайт. Буларга көбүнчө индивидуалдык мүнөздөгү (же болбосо айрым авторлордун чыгармаларынан кезиккен) көрүнүшкө ээ. Мисал (акын Барпы Алыкуловдун «Мөлмөлүм» деген ырынан): Эки илебиң ачылган кызыл гүлдөй, Мөлмөлүм. Мында бир эле учурда: салыштыруу, ал аркылуу ойду күчөтүү-оргуштатып, ономастикалык сылыктык-назиктик орун алган. Демек, эвфемизм категориясы орун алып жатат. Бул Чыгыш поэзиясындагы залкар акындардын азаптууакадемиялык ашыктыгы, анын субтропикалык эвфемизми жайгашкан. Тематикалык жактан алганда кыргыз тилиндеги эвфемизмдер төмөндөгүдөй топторго ажырайт: 1. Адамдын мүнөзүнө карата колдонулган эвфемизмдер: жайдары, кичи пейил, ак жүрөк. 2. Кишинин сырткы көрүнүшүнө карата пайдаланылган эвфемизмдер: болук, эткел, толмоч (бочка, былтыгый, чанач, меш ж.б.). 3. Кишинин сапатына карай айтылган эвфемизмдер: жылдыздуу, кулагы катуу, каңырыш, бойго жетти ж.б.

4. Адамдын касиетин баяндоодо колдонулуучу эвфемизмдер: маңдайы жарык, ичкен ашын жерге койгон ж.б. 5. Психологиялык абалга, эмоционалдык жагдайга карата айтылган эвфемизмдер: табы жок, көзү түштү, жылдызы өчтү, нуру кетти, сынынан ажырады, жакшы көрүп калды, жүрөгүнө түйүп (сактап) жүрөт ж.б. Дагы белгилөөчү бир факты, кыргыз тилинде эвфемизмдер көбүнчө поэзияда, анан прозада, драмалык чыгармаларда кеңири кезигет. Ошентип, эвфемизмдер речтин (сүйлөнүүчү сөздүн) сылыктыгын, жатыктыгын, эмоционалдуу көркөмдүгүн, эстетикалык даражасын, жагымдуулугун арттырат, чөйрөдөгү ылайыксыз нерселер жөнүндө, ыңгайсыз одоно (же экстремиалдуу) абалдан таттуу сөздөр менен сүйлөп чыгууга, көңүл оорутпоого түрткү берет. Ошол эле учурда автордук-чечендик өнөрүнүн түйүнү да байкалат. Орус тилинде эвфемизм: 1. Он в почтенном возрасте – вместе он стар; 2. Он пороха не выдувает – вместе он неумен. 3. Не сочиняйте – вместе не врите деген лингвистикалык мисалдар менен коштолот.

Булагы: «Азыркы кыргыз тилинин лексикологиясы жана лексикографиясы», 2013