Эрежелер›Лексикология›Омоним деген эмне
Омоним деген эмне
Омонимдер — (гр. homos — «бирдей» жана onuma — «ат, атоо») тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок бири-биринен маани жагынан кескин айырмаланган ар башка сөздөр. Мисалы, I) ысык — сын атооч (күн ысык тийди) — II) ысык — зат атооч (бетке ысык чыгыптыр); I) эт — зат атооч (эти бар жигит) — II) эт — этиш (кыбыр этти); I) чык — зат атооч (эттин чыгы) — II) чык — этиш (эшикке чык); I) кайыш — зат атооч (кайыш чылбыр) — II) кайыш — этиш (ит өлөрүндө кайышат) ж.б. Омонимдердин табиятын туура түшүнүү үчүн ага окшош болгон айрым бир тилдик көрүнүштөрдү, алардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн да териштирүүнүн мааниси бар. Анткени кээ бир изилдөөлөрдө барат (бар+а+т) жана орус тилинен кирген парад сөздөрү өз ара омонимдик катышта болот деген калпыс пикир да айтылып жүрөт. Эгерде этиштин түрдүү лексика-грамматикалык категорияларын түзүүчү мүчөлөрдүн уланышы аркылуу окшошуп калган сөздөрдүн баарын тең эле омонимдер дей турган болсок, анда болот (зат атооч — болот өндүрүү) — болот (этиш — ал адам болот), бармак (зат атооч — баш бармак) — бармак (этиш — ал үйгө бармак) сыяктуу сөздөр да омонимдер катары каралууга тийиш. Бирок атоочтордун ар түрдүү жөндөмөлөрдө же этиштердин түрдүү грамматикалык категорияларда өзгөрүшүнүн натыйжасында башка сөздөр менен бирдей формада болуп калган учурларын омонимдер деп карай берүүгө болбойт. Ушул сыяктуу эле барат жана парад деген сөздөр да омонимдер эмес. Алар жана ушуга окшогон көрүнүштөр тыбыштык түзүлүшү ар башка болуп, оозеки кепте (айтылышта) гана окшошо алган сөздөр. Мындай өзгөчөлүктөгү сөздөр омофондор деп аталат. Ал эми ток (сын атооч — курсагы ток) — ток (зат атооч — электр тогу). сок (этиш — торду сок) — сок (зат атооч — шире, маңыз) деген сыяктуу сөздөр графикалык жактан айырмаланган жок, бирок айтууда өзгөчөлөнүп, ар башка маанини билдирди, мындай лексемалар омографтар деп аталат. Омофон, омоформа жана омографтар түзүлүшү жагынан бири-бирине окшобойт, бирок алардын үчөө тең ар башка лексикалык маанидеги сөздөр. Ал эми чыныгы омонимдер болсо негизги формасында айтылышы жана жасалышы бирдей, бирок ар түрдүү лексикалык мааниге ээ болгон сөздөр. Тилде мындай омоним болуп эсептелбеген, бирок айтууда же жазууда окшошуп калуучу сөздөрдү чыныгы омонимдерден ажырата билүү үчүн алардын ар бирине кыскача токтолуу зарылдыгы келип чыгат.
Булагы: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997