КыргызчаРусский

Эрежелер›Лексикология›Табу деген эмне

Табу деген эмне

Табу — бардык тилдерде кезигүүчү лексика-семантикалык өзгөчө бир көрүнүш. Ал ар бир улуттун, элдин дүйнөгө, тигил же бул көрүнүшкө, түшүнүккө, нерсеге ж.б. карата болгон көз карашына, мамилесине, салтына, үрп-адатына, диний түшүнүктөрүнө жараша ар кандай мүнөздө болот. Ушуга байланыштуу табу сөздөрү ар бир конкреттүү тилде ар башка негизде пайда болуп, ар башка мүнөздө калыптанат. Буга төмөнкү фактылар күбө. Джакартадан 150 чакырым аралыктагы Батыш Ява тоолорунда Индонезиянын бадуй уруусу жашайт. Ал уруунун закону боюнча башка адамдарды өзүлөрүнүн жашаган чөйрөсүнө жолотпойт. Ошондой эле өзүлөрү да бир суткага болсо да айлынан башка жакка кетүүгө акысы жок. Алар бийик түркүктөрдүн үстүнө салынган бамбуктан жасалган үйлөрдө жашашат жана көп сандаган табуларга, катуу закондорго баш ийет. Ал урууда азыркы кездеги жаңылыктардын колдонулушуна табу эң башкы тоскоолдук болуп саналат. Мисалы, аларда матрац, тарелка, стакан, керосин, электр жарыгын колдонууга жана аларды атоого тыюу салынган: уруунун тартибинде төрт буттуу жаныбарларды өстүрүүгө, тааныш эмес даракты жана кандайдыр бир өсүмдүктөрдү отургузууга же айдоого, кенен жолдорду курууга, куурулган тамактарды жешке уруксат кылынбайт. Ушул күнгө чейин жазууну билишпейт. Башкаруу органдарынын бадуйлардын жерине мектеп салууга жасаган бир канча аракетинен эч нерсе чыккан эмес. (М. Домагацкий. «Изолированное племя», «Правда», 1 июля 1973 г.). Жогоруда көрүнүп тургандай, ар бир элде же урууда саясий-экономикалык жана коомдук-маданий өнүгүүлөрүнүн ар кандай этаптарында табунун пайда болушуна ар башка мүнөздөгү ар түрдүү шарт-жагдайлар таасир этиши мүмкүн. Бул болсо тигил же бул элдин же уруунун, анын турмуштук жашоо шартынын ар бир учурдагы конкреттүү жагдайы менен байланышта каралат. Айталы, «алгачкы коомдогу элдердин сөздүк составынын жаңыланышына тилдин табу кубулушу чоң таасир эткен» 11. Изилдөөлөрдө белгиленгендей, көптөгөн уруулар жана элдер бүгүнкү күнгө чейин адамдар менен анын атынын ортосунда кандайдыр бир органикалык өзгөчө байланыш болот деп түшүнүшөт 12. Мисалы. Чили аралдарынын айрым аймактарында жашаган тургундары эгерде чет элдик адамдар сенин атыңды билип калса, анда ал сени кандай кааласа, ошондой бийлей алат деген түшүнүккө бекем ишенишет. Ошондой эле алардын түшүнүгү боюнча, адам өзүнүн атын көп кайталаса (өзү же башка бирөөлөр), ал арыктайт, же кандайдыр бир кырсыкка учурайт. Ушул ишенимди бекем туткан индеецтер бүгүнкү күндө да европалык адамдарга өз атын айтуудан тайсалдашат. Профессор Р. А. Будагов мына ушу сыяктуу табуларга байланышкан төмөнкүдөй кызыктуу фактыларды келтирет: «Кафрларда аял өзүнүн күйөөсүнүн атын толук айтууга гана эмес. анын жана туугандарынын ысымын белгилеген сөздүн бир эле мууну башка сөздөрдүн тутумунда кезиксе, аны айтууга да катуу тыюу салынган. Мындай учурда аял аларды тергөө үчүн өзгөчө сөздөрдү, өзгөчө «неологизмдерди» ойлоп табууга аргасыз болгон. Көптөгөн ар түрдүү урууларда табу өлгөн адамдардын атына байланышкан. Туземдик элдерде адамдарды короз, жол, тоок. от, ягуар ж.б. сыяктуу конкреттүү заттардын, жаныбарлардын аттары менен аташат. Эгерде, мисалы от же короз деген ат менен аталган адам өлө турган болсо, анда анын атына байланышкан ошол сөздү айтууга катуу тыюу салынган. Ал эми «от» же «корозду» тергеп, башкача атоо үчүн ага карата жаңы атты, жаңы сөздү ойлоп табуу талап кылынган. Натыйжада, табунун ушул түрүнүн эсебинен көптөгөн тузем тилдеринин сөздүгү тынымсыз жаңыланып турат» 13. Ушул сыяктуу көптөгөн фактыларга иликтөө жүргүзүү менен, окумуштуу табу белгилүү бир диндик ишенимдерге негизделгендигин, б.а. , адам менен анын тырмактарынын же чачтарынын ортосунда кандай байланыш болсо, нерсе менен анын атынын ортосунда да ошондой физикалык байланыш бар деген диний түшүнүк тилде көптөгөн табулардын жаралышына өбөлгө түзгөндүгүн белгилейт 14.

Чындыгында эле, табу кайсы элде. кандай шартта жаралбасын, анын пайда болушунун себеби адамдардын сөзгө карата мамилесине барып такалат. (Бул жагынан алганда, табунун жаралыш себеби бардык элдерде бирдей, окшош.) Дааналап айтканда, байыркы заманда ар бир адам (эл) сөз менен ал белгилеген нерсенин ортосунда тикеден-тике, табигый байланыш бар, сөз — бул өзү белгилеген нерсенин денелик бир бөлүгү деп эсептешкен. Ошондуктан өздөрү ыйык туткан жана чочулашкан нерселердин баарынын атын айтууга тыюу салышкан, атын атасак алар билип коюшат деп кооптонушкан.

Ошентип, табу сөздөрүнүн тилде жашап турушу коомдун экономикалык, саясий жана маданий өнүгүш деңгээли менен тыгыз байланышта болот. Буга байланыштуу адамдар өздөрүн курчап турган айлана-чөйрөсүн, дүйнөнү, жаратылыштын көрүнүштөрүн, алардын сырларын канчалык терең өздөштүргөн сайын, табуга болгон көз карандылык ошончолук бошоңдойт. Сыртынан караганда, табу эвфемизмге окшоп кетет, анткени бул экөөндө тең эле кайсы бир сөздү тике айтууга тыюу салынып, анын ордуна бөлөк сөздөр колдонулат. Бирок экөөнүн жаралыш себеп-мотиви эки башка. Айталы, «табу сөз менен нерсе, сөз менен көрүнүш өз ара физикалык байланышка ээ деген диний ишенимге негизделсе, эвфемизмдер таптакыр башка мотивге — тилде реалдуу колдонулуп жүргөн турмуш-тиричиликке таандык сөздөрдү жумшартып, башка сөздөр менен алмаштырып айтуу мотивине негизделет» 15. Экинчиден, эвфемизм — стилистикалык каражат, табуда мындай касиет жок. Жыйынтыктап айтканда, табунун жаралыш себеби бардык элде сөзгө карата көз карашка барып такалса да, ал (табу) — ар элдин улуттук өзгөчөлүгү менен шартталган өтө көп кырдуу, көп жактуу көрүнүш. Анын көп кырдуулугу ар бир элдин үрп-адатынын, салтынын, социалдык шарттарынын ар башкалыгы, өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Айталы, австралиялык жергиликтүү элдерде ар кандай тергөөлөрдүн келип чыгышы тотемизм менен тыгыз байланыштуу. Аларда уруу же уруктун аты кайсы жаныбарлардын аты менен аталса, анын этин жешке, аны өлтүрүүгө катуу тыюу салынган. Кыргыз тилиндеги табунун жаралышына да тотемизм, анимизм өңдүү диний ишенимдер, ырым-жырымдар ж.б. жагдай-шарттар себеп болгон. Тактап айтканда, мындай ар түрдүү ишенимдердин, жагдай-шарттардын негизинде кыргыздарда айрым жаныбарларды, адамдарды жана малдарды кырып жок кылуучу оорулардын, ошондой эле адамдардын аттарын тике айтууга тыюу салынып, тергөө келип чыккан. Кыргыз тилиндеги табуларды лингво-этнографиялык жактан, негизинен, төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүүгө болот: 1) адамдын атына байланышкан табулар; 2) каардуу күчтөрдүн, оорулардын атына байланышкан табулар; 3) ар түрдүү жаныбарлардын атына байланышкан табулар; 4) ар кандай түшүнүктөрдүн атына байланышкан табулар. 1. Кыргыз тилинде табунун бирден-бир эң кеңири тараган түрү — адамдардын аттарын тергөө. Тергөөнүн бул түрү көпчүлүк түрк тилдерине бирдей тараганы менен, ар бир элдин үрп-адатына, салтына, диний түшүнүктөрүнө жана мифтик ишенүүлөрүнө байланыштуу ар бир конкреттүү тилде ар башка мүнөзгө ээ. Мисалы, кыргыздар уруучулук түзүлүштөгү салтына, үрп-адатына байланыштуу аял күйөөсүнүн, күйөөсү аялынын атынан айтышкан эмес. Бул көрүнүш айрым жерлерде бүгүнкүгө чейин сакталган. Эгерде үйдө бала болбосо, анда аялы менен күйөөсү бирин-бири эй, ой деп, эгерде бала болсо, баланын атын атап, анан атасы же энеси деп кошуп айтып тергешкен: Кой, баланын атасы, айланайын, тамашаңды кой. (Т.К.) Аялдар күйөөсүн көбүнчө бай, байым, башка аялдар да баланчанын байы деп атаган. Мындан сырткары, кожоюн, киши, жолдош, үйдүн ээси, балдардын атасы, жаздыкташ, түгөйүм деп тергешкен. Айрыкча аялдар өзүлөрүнүн күйөөлөрүнүн тууган-туушкандарын бүтүн тергөөгө тийиш болгон. Ошентип, жаңы келин күйөөсүнүн эркек бир туугандарын, мисалы, кесибине жараша молдоке, койчу бала, жылкычы уул, же уул, ортончу бала, кичине бала ж.б. деген сыяктуу тергеп келишкен. Ата кагылайын уул ай ээ, мынча неге кечиктиң. Ой-и кайним, бери кайрыла кетсең боло, — деп шаңкылдады. (Т.С.) Бригат акем жаңы эле келип кетти. (Т.К.). Туруңузчу, байым, өз төшөгүңүзгө жатыңызчы, кулдан бетер как жерге жатпай. (Т.С.) Кыргыздарда адам аттарынын тергелиши туш келди эмес, белгилүү бир лексикалык норма аркылуу туюнтулган. Мисалы, Сүттүбай-кылан; Ташбай же Ташыбек-шагыл; Конокбай-түнөөч; Тезекбай-Комок; Козубай же Козубек-марка, Кебээ; Карабайымырт; Темир же Темирбек-чоюн ж.б. деген өңдүү сөздөр менен тергелип келген. Өзгөчө чыгыш элдериндеги бул көрүнүштү феодализм доорундагы аялдардын укугунун ого бетер төмөндөшү, ислам дини менен шарияттын аларды дагы кемсинтиши менен түшүндүрүүгө болот. Мисалга келиндин кайындарына карата тергеген элге кеңири болгон «Шабыраманын ары жагында, шаркыратманын бери жагында, маараманы улума жеп жатат. Сууруманы сууруй чап, кайрамага кайрай чап» деген сыяктуу тергөөнүн чекке жеткен үлгүсүн көрсөтүүгө болот. Түрк элдеринде. анын ичинде кыргыздарда балдарга ат коюуда ишеним жана анын белгилери чоң роль ойногон. Мунун себеби диний ырым-жырымдарга байланыштуу болгон. Айталы, баланын өз атынан атоодон же ага демейдегидей жагымдуу ат коюудан коркушкан. Анткени ага жакшы ат койсо же аны өз атынан атаса, кандайдыр бир жашыруун күчтөргө угулуп, баланын тирүү жүрүшүнө зыян келет деген ишенимден улам ага угумсуз, жагымсыз аттарды коюшкан же өз атынан башка кошумча атты колдонушкан. Мисалы, Итибай, Итигүл, Чанач, Думана, Итемер, Таштанды, Жаманбала, Жаманкара ж.б. Айрым учурда баласы токтобогондугуна байланыштуу Токтосун, Турсун, Жүрсүн, Сатыбалды, Качкын ж.б. аттарды коюшкан. Эркек бала көрүү үчүн жаңы төрөлгөн кыз баланы Бурул, Жаңыл. Алмаш деп аташып, бардык үмүтүн сөзгө байлашкан. 2. Адамдар мурунку учурларда жаратылыштын ар түрдүү сырларын билүүгө жөндөмсүз болушкан. Алар түрлүү жаратылыштык көрүнүштөрдү кудай, же кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөр жараткан деп түшүнүшкөн. Бул болсо аларды өз атынан атоого тыюу салууга (табуга), булардын ордуна тергөө сөздөрүн колдонууга алып келген. Кыргыздар илгертен бери эле адамдарды жана малдарды кырып жиберүүчү оорулардын атын түз атоодон коркушуп. Аларды тергешкен. 1894-жылы «Киргизская степная» газетасы минтип жазат: «Айрыкча кыргыздарда (казактарда — А.С.) эпидемиянын пайда болушу кыргыздарды катуу дүрбөлөңдүү коркунучка түшүргөн. Качан адамдар кудайды унутуп калганда, жерде эпидемия пайда болоруна алар ишенишет. Чечек жерде өтө карыган. Тиши жок, саксайган кемпир түрүндө пайда болот». Бул көрүнүш кыргыз элинин түшүнүгүндө да болгону талашсыз. Демек, мына ушундай ишенүүлөрдүн негизинде кыргыздарда да төмөнкүдөй оорулардын аттары тергелип калган. Мисалы, чечек — Коросон ата, улуу тумоо, чоң жарыктык, баягы жарыктык, жапайы мончок же баягы гүл, кызылча, кызыл көйнөк; учук — көкүрөк оору, котон жара — жаман жара, кара жама — оозу жара, келте — улуу тумоо ж.б. деп тергелген. Эгерде үйдө бирөө чечек менен ооруса, үйдө конок, мейман бар, ал эми малдар кара жама болгондо, аны ак байпак болуп тур деп тергешкен. Айрым бир каардуу күчтөрдүн аттары да тергөөнүн объектиси болгон. Мисалы. кыргыздарда кара басты деген түшүнүк бар. Мында албарстыны атабай. кара деген сөздү анын ордуна тергөө маанисинде колдонушкан, же аны сары кыз, үйлүү кыз, азыткы деп тергешкен. Казактарда шайтанды тергешип, аны сары бала, шиш мурун, ийри таман деп аташкан. Айрым бир ооруларды кыргыздар каардуу күчтөрдүн колунда деп түшүнүшүп, аны шамалдын эпкини тийген, көзүнө бир нерсе көрүнгөн деп тергеп келишкен. 3. Жаныбарларга байланыштуу тергеме сөздөр табынуу, сыйынуу, фетишизм жана мифологиялык көз караш менен тыгыз байланышкан. Бара-бара алардын мурдагы маанилери көмүскөлөнүп же кеңейип олтуруп, символикалык мааниге да айлана баштаган. Мисалы, бөрү, карышкыр — улума, чаңдаяк, ит-куш; бой — кара курт; жылан — түймө, түймө баш. камчы, азиз; жолборс — кара кулак ж.б. Казактарда канталанын атын атоого катуу тыюу салынган. Анткени анын атын атаса, ал тез көбөйүп кетет деген ишенимден улам аны кызып, сасык, кебек деп тергешкен. Тергөөнүн жогоркудай түрү Орто-Азия, Сибирь элдеринде учурайт. Бул ошол элдердин мурдагы жашоо шартынын, мифологиялык көз караштарынын жакындыгы менен түшүндүрүлөт. 4. Кыргыздарда жамандыкка жорууну билдирүүчү айрым сөздөр, түшүнүктөр түз эмес, тергелип айтылган. Табунун бул түрү ар кандай ырым-жырымдарга байланыштуу келип чыккан. Мисалы, мал уурдалганда, «уурдалды» деген сөздүн ордуна киши колдуу болду; короодогу «малга карышкыр келбесин» дегендин ордуна ит-куш келбесин деп тергешкен. Анткени жогорку түшүнүктөрдү түз атаса, уурдалган мал табылбайт же дагы уурдалат. Ошондой эле карышкырды түз атаса, короого карышкыр тиет деген ишенимде болушкан. Ал эми мал саалып бүткөндө, бүттү деп айтуунун ордуна байыды деп тергешкен. Бул жерде да «бүттү» деген сөз жаман жорого багытталуучу, б.а. , мал түгөнөт деген ишенимден улам анын ордуна байыдыны колдонушкан. Бүгүнкү күндө ар кандай ишенимдердин, ырым-жырымдардын ж.б. жоюлуп баратышы менен, жогоркудай типтеги табулар да лексикалык составдан чыгып баратат. Бирок алар күндөлүк турмушубузда өтө сейрек колдонулуп, же биротоло колдонуудан чыгып баратканы менен, айрым акын-жазуучулардын чыгармаларында кыргыз элинин мурунку турмушун, анын үрп-адатын, салтын, дүйнөгө болгон көз карашын реалдуу чагылдыруу, каармандардын кептери аркылуу алардын образ-мүнөздөрүн дагы таамай, терең берүү максатында атайын бир көркөм ыкма катары пайдаланылып жүрөт. Мисалы, Баатырдын келинимин аке — жаш келин кайнатасын «баатыр» деп тергөөчү. Акемдер жүрөт, төө басты кылып, мойнунан ылдый топурак куйсак болот эле. Узун акенин тентек карасы сени көп карайт — Эмне деп айтайын? — Падышам, кан төрөм де, эже (Т.С.) Батый ордунан тура калып, ачуу жанына баткан кишидей үнүн көтөрө чыгарды: Молдокемдер айтышыптыр, болуш акемдер айтышыптыр, тоодой-таштай кишилер кантип жокту айтышсын. (Т.С.) Жогорку мисалдарда баатырдын келинимин, акемдер, узун акенин тентек карасы, падышам, кан төрөм, молдокемдер, болуш акемдер деген табу сөздөр каармандардын кебинде колдонулуп жатат. Өтө сейрек болсо да кээде алар автордун кебинде да колдонулат, б.а. , автор каармандын атынан сөз алганда тергөө сөздөрүн пайдаланышы мүмкүн. Мисалы, Ал болуш акем деп Бердибайды сыйлаганда, Калдуу эне деп ооз учунан Айымжанды да сыйлап алдынан кыя өтчү эмес. (Т.С.)

Булагы: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997