Эрежелер›Лексикология›Синекдоха деген эмне
Синекдоха деген эмне
Синекдоха — сөздөрдү алмаштырып, ооштуруп айтуунун бир түрү. Синекдоханын негизинде да заттардын, кубулуштардын бири-бири менен байланыштуулугу, карым-катышы жатат. Бул жагынан алганда, синекдоха метонимияга жакын. Бирок синекдоханын метонимиядан айырмасы — заттардын оз ара катышынын сандык гана белгилери боюнча жасалгандыгында. Демек, синекдоха деп бүтүндүн ордуна бөлчөктүн, жалпынын ордуна жалкынын, же болбосо, тескерисинче, бөлчөктүн ордуна бүтүндүн, жалкынын ордуна жалпынын колдонулушун айтабыз. Эгерде бүтүндүн ордуна бөлчөк, жалпынын ордуна жалкы колдонулган болсо, анда сөз мааниси кеңейет. Мисалы, кээде канча малың бар дегендин ордуна канча туягың бар дейбиз. Мында туяк бөлчөк иретинде (малдын бир мүчөсүнүн бөлүгү) бүтүндүн — малдын ордуна колдонулуп жатат. Синекдоха кыргыз тилинде өзүнүн жасалуу жолдору боюнча өтө ар түрдүү. Анын айрым бир негизги жолдору катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот. 1. Бүтүн нерсени билүү үчүн анын айрым бир бөлүктөрү гана колдонулат. Кыргыз тилинде синекдохалык бул ыкма. б.а. . бүтүн нерсени анын кандайдыр бир бөлүгү менен атоо кеңири тараган. Мисалы, адамдын дене мүчөлөрүнүн бөлүктөрүн белгилеген баш, көз, кол, туяк деген сөздөр өздөрүнүн негизги түз маанилеринен сырткары «адам» деген синекдохалык өтмө мааниге да ээ: Баштык ичпейт, баш ичет (макал). Быйыл уулубуз үйгө бир баш киргизди. (А.У.) Алтымыш миң кол менен абакең жолду баштады («Манас»). Көзү жокто адамды жамандоо — бейадептин иши. Атадан калган бир туяк эле. (Т.С.) Бизди жоого минишке жарактуу кыл куйруктардан ажыратып. анан баягы кыпчактардын таз кебин кийгизгилери бар окшойт. (Т.К.) Булардын ичинен баш өзүнүн синекдохалык өтмө мааниси жагынан көп жактуу. Ал «адам» маанисинен сырткары «мал» маанисинде да колдонулат: малдын башын кыштан аман асыроо — башкы милдет. Ушул сыяктуу ыкмада жасалган синекдохалык кубулуш катары ак сакал деген сөздүн «улгайган, кары адам» маанисинде, ак жоолук деген сөздүн «аял» маанисинде колдонулушун да көрсөтүүгө болот: Өңчөй ак сакалдар кыркар тартып бир ксипарда төрдөн орун алышты Өзүңө окшогон тиричиликке, үй-бүлөгө ийги бир ак жоолукка жетсем дегенде эки көзүм төрт. Барарым менен үйүңө ак элечек киргизип, өзүңдү келиндүү кыламын. (А.Т.)
2. Айрым бир предметтердин мекемелердин, иш орундарынын атоолору же алардын бөлүктөрү, деталдары адамдын кызмат абалын чагылдырат, же тескерисинче, ал бөлүктөр бүтүн жөнүндө, мекеме жөнүндө түшүнүк берет: Анын төркү столго отурганына мына төрт айдын жүзү болду. 3. Айрым бир учурда бүтүндүн бөлүктөрү аркылуу анын андан да майда бөлүктөрү жөнүндө түшүнүк берилет. Айталы, кол — бүтүндүн бөлүгү, бирок колун кыса кармады десек, колдун бардык бөлүктөрүн эмес, түшүнүк анын манжаларына гана тарайт. Ошондой эле колун кесип алды — дегенде да «кол» сөзү колдун бардык бөлүктөрүн эмес, анын бир гана манжасын билдирет. Кыргыз тилинде синекдохалык бул кубулуш анча өнүккөн эмес. 4. Кээде бир топко кирүүчү нерсенин, заттын атын билдирген жалпылама сөздөр ошол топтун конкреттүү бир түрү болуп саналган жеке нерсе же зат жөнүндөгү түшүнүктү да билдирет. Мындай учурда көбүнчө жалпыланган түшүнүк жеке түшүнүктүн ордуна колдонулат. Мисалы, куш деген сөздү канаттуу аттуулардын жалпы баарына да жана анын конкреттүү жеке алынган бир түрүнө карата да колдонууга болот. Ошондой эле мал же эгин деген сөздөр жалпы эле төрт түлүккө же дан өсүмдүктөрүнө карата да, же алардын айрым түрлөрүнө карата да колдонулат: Чү, жаныбарым, — деп эки-үч теминген соң Сарала эки алдыңкы колун чулп эттирип, кашаттагы сууга салды. (Т.С.) А-а, тетиякка куураган бак-дарактардын сыныктарын терип койгон тура. (Н.Б.) Адамдар да, канаттуулар да, айбандар да — бардыгы уйкуда. (А.Т.) 5. Айрым учурда абстракттуу маанини туюндурган сөздөр да конкреттүү маанидеги түшүнүктү билдирүү үчүн колдонулат. Кээде бул туунду маани алгачкы негизги маанисине караганда кеңири жана терең болушу мүмкүн. Мисалы, Көчөдө кыбыр эткен жан жок. Кайсы жериң ооруса, жаның ошол жерде. Бул сөз бир жанга чыкпасын. Жаны барда жалынган жаман эрдин иши экен (макал). 6. Кээде адамдардын, жаныбарлардын өңү, түсү да бүтүндүн бөлүгү катары колдонулуп, синекдоханы уюштурууга негиз болот: Ошол тегирменчинин какылдагы тегирменине ун салдырганы барган келиндерге: — Эй, ак кулактар, — дептир какылдап. (А.К.) Акман айрыдагы чөбүн көтөрүп келип, акырга салып эң четки торуну эркелетти: Чү, тентек тору, — деп атты акырга байлады (Т.С.) Жусупбектин байдан түшкөн олжосу мына ушул кер болду. (А.Т.) 7. Кыргыз тилинде адамдардын сырткы айрым бир түспөлү, көрүнүшү, кийими аркылуу синекдохалардын жасалышы кеңири учурайт. Мындай синекдохалар оозеки кепте болсун, көркөм чыгармаларда болсун, көбүнчө тамаша, юмор иретиңде колдонулат: Аңгыча эки сакал жулмалаша кетишти. Шляпа көзүн чакырайтып, шилекейин эки-үч кайрып жутуп, беркини карап турду. Бир кезде, автобус Фрунзеге жөнөгөндөн кийин, четтеги мурут ыктытып: «Я кокуй, кай жакты көздөй жөнөдүк», — деди («Чалкан»), Ой, селделер! Тарткыла дейм бутун, колуңарга жугуп калабы?! (Т.К.) 8. Айрым бир сын, сан атоочтор заттанышып, конкреттүү мааниде колдонулат да, синекдохалык мааниге ээ болот: Кичинекейди чоң энем абдан жакшы көрөт Ушул жаманды көтөрүп жүрөм. Эски калпагын колуна кармап, бирөө ортого чыкты. Сен ошентип жаздым болдуң кенжетайым. (Ч.А.)
9. Адамдардын дене түзүлүшүндөгү өзгөчөлөнгөн белгилери, айрым бир табигый мүнөзү, сапаттык бөтөнчөлүктөрү бүтүндүн бөлүгү катары келет. Мындай синекдохалар кыргыз тилинин оозеки жана жазуу кептеринде активдүү колдонулат: Аттиң ай, аттигин-иң! Эч болбосо береги быйпык менен төйтүктөр күлкүнүн сырын түшүнсө... Олда-а жарыктык макоолорум, ау! (Т.Сыдыкбеков). Кокуй, өлүгүңдү көрөйүн, жарым эс! Чын айтып отурасыңбы сен?! (Т.К.) Ээ... Эркетайым ай... Сыйыңа ыраазымын. Аягымды жаап койгунуң да, тиги эчки сакалды чакырып кел тез. Ээ, болору болду, болуш. Өз ээси таяктаган итти бөтөн эшигине жолотпойт, — деди болуштун ачуусуна май тамызган чекир көз, чийкил сары. Ой журт, тиги жинди кантет, ыя. Тал түштө менин кызымды ала качабы?! Кара сакал кыжынып, Көкөтөйгө карап калды — Астахбурулда... Кызыл бет, быйпык жолдошторун урушту. Атаңдын кана, кана оозуна ...бучук, аңкоолор десе... (Т.С.) Жогоркудай синекдохалык ыкма көркөм ыкма катары оозеки кепте жана элдик оозеки чыгармаларда арбын пайдаланылат. Мисалы, элдик оозеки чыгармаларда: Кыргай кабак, кыйгач каш, Кымча белдүү, түймө баш Кыйласынан ажырап («Манас») деген ыр түрмөгүндөгү аял затынын дене мүчөлөрү аркылуу алардын өздөрүн атоо синекдохалык ыкма менен берилген. Ал эми айрым ата-энелер жаш балдардын атын тике айтуунун ордуна аларды түз, келбетине карай эркелетип түйрүк, кетирекей, сарым, ынды кара деп атары белгилүү. Мындай мүнөздөгү синекдохалар оозеки кепке өтө мүнөздүү. Синекдохалар кептин жогорку түрлөрүнөн сырткары кээде таза стилдик максат үчүн. айталы, азил, шыкак, келекелөө маанисинде да көркөм адабий чыгармаларда кеңири колдонулат. Мисалы: Жаңыдан гана столго отурганда, мына бул сакалдын кирип келгенин көрбөйсүңбү. Ал мурутту кайдан издейбиз ж.б. Демек, метафора жана метонимия сыяктуу синекдоха да көркөм адабий чыгармаларда ар кандай максаттарда колдонулуучу эң негизги көркөм ыкмалардын бири болуп саналат.
Булагы: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997