Эрежелер›Лексикология›Метонимия деген эмне
Метонимия деген эмне
Метонимия — грек тилиндеги metonumia — «кайрадан атоо» деген сөзүнөн алынган термин. Метонимиялар атайын бир грамматикалык каражаттар аркылуу жасалбастан, семантикалык ыкмада, б.а. , нерселердин ортосундагы ар түрдүү байланыш-катыштардын негизинде бир сөздүн ордуна экинчи бир сөздү колдонуудан пайда болот. Мындай байланыш нерсе менен ал жасалган материалдын, орун менен андагы адамдардын, процесс менен анын натыйжасынын, иш-аракет менен анын куралынын ж.б. ортосунда болушу мүмкүн. Албетте, метонимиянын жасалышы үчүн нерселердин ортосундагы байланыш-катыштын бүтүндөй комплекси талап кылынбайт. Мисалы, столдо фарфорлор жана күмүш аралаш бронзалар. Кийгени бүт кыжымы. Уйкуда кыштак мемиреп түн жамынып жортуулдап, ким жүргөнүн ким билет. (А.Т.) Көрүнүп тургандай метонимияда заттардын орундук, иш-аракеттик, материалдык катышы, байланышы негиз болот, б.а. , кандайдыр бир заттын мааниси ошону менен бирге ажырагыс байланыштагы буюмга өткөрүлөт. Метонимия өзүнүн табияты боюнча оозеки кепке көбүрөөк мүнөздүү. Ошондуктан өтмө маанинин башка түрлөрүнө караганда метонимиялык ыкма аркылуу калыпташкан маанинин жалпы элдик мүнөзгө ээ болуусу кеңири. Бирок мындан көркөм адабий чыгармаларда метонимия сейрек учурайт экен деген түшүнүк келип чыкпоого тийиш. Метонимиялар да башка көркөм каражаттар сыяктуу эле ар кандай стилдик максаттарда кеңири колдонулат. Мисалы, Көөлгүп көлдөлөң жатса, сороюп барып жыгачына конуп алышпадыбы. Танкең келген аякты кетирбей иче берет. Жутпасаңыз да тишиңиздин арасында жүрсүн, жолдош начальник, — күлөт да, стаканды акырын алып жутуп коёт. Мына «Б» колхозу бүт чогулду. Гүлнарың профессордуктан мурун колукту болгону жүрөт, — деди Чаргын жактырбай. Көрбөйсүңбү, чаар топунун колтугунда ыргыштайт. Бул топ жекшемби сайын калбайт, совхоздон келет. Бир уруу элдин кызына идишти бөксө сунасыңбы? (Т.С.) Кайраты качкан кара таандай эл үчүн Ак өгүздү артка таштоо оңойлукка турбады. (К.Б.) Жогорку сүйлөмдөрдөгү метонимиялар нерселердин ортосундагы ар түрдүү байланыш-катыштардын негизинде жаралып, стилдик ар кандай максаттар үчүн колдонулган.
Булагы: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997