КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиштин өзгөчө формалары›Татаал чакчыл мүчөлөр

Татаал чакчыл мүчөлөр

-ганы мүчөсү.

-ганы (-гени, -гону, -гөнү, -каны, -кени, -кону, -көнү, айрым учурларда -галы, -гели) мүчөсү өткөн чактык атоочтуктун -ган мүчөсү менен ээ болуу маанисин туюндурган байыркы -ды мүчөсүнүн биригишинен пайда болгон.

Мындай формадагы чакчылдар төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди билдирет:

  1. Баяндоочтук кыймыл-аракеттин белгилүү бир убакыттан бери карай үзгүлтүксүз болуп келгенин билдирет. Мисалы: Жаңы директор келгени ишибиз оңоло баштады. («Кыргыз руху») Ошол мытайым үстөл кучактаганы чыгым деле көбөйдү. (Т.Сыдыкбеков) Манас Манас болгону, Манас атка конгону, Таластан кыргыз көчкөн жок. («Манас»).
  2. Баяндоочтук кыймыл-аракеттин аткарылыш максатын көрсөтөт. Мисалы: Камка апам бир топ кемпирлерди коштоп кыдырып, келиндеринен чай ичкени чыгыптыр. (Т.Сыдыкбеков) Ушул суроого жооп алганы сиздердин редакцияга кайрылдым. («Асаба»).

-галы (-гели) варианты кыргыз тилинде диалектилик мүнөзгө ээ. Мисалы: Чөп чабык башталгалы бир топ иштер бүттү.

-ганча мүчөсү.

-ганча (-генче, -гончо, -гөнчө) мүчөсү өткөн чак маанисиндеги атоочтуктун -ган мүчөсү менен мезгилдик маанидеги -ча мүчөсүнүн биригишинен келип чыккан. Төмөнкүдөй грамматикалык маанилерде колдонулат.

  1. Баяндоочтук кыймыл-аракетке карата мезгилдик маани билдирет. Мисалы: Тек турганча тегин иште. (Макал) Кымыз ичип үйгө киргенче, жалгыз күүсүн карыя он чакты кайталап чертти. (А.Токомбаев) Татаал сүйлөмдүн тутумунда мезгил баяндоочтук милдет аткарат. Мисалы: Суу сээп, жаман таарларын кагып салганча, Маманазар чай ичип келди. (К.Жантөшев).
  2. Баяндоочтук кыймыл-аракеттин аткарылыш сапатын билдирет. Мисалы: Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат. (Макал) Күн сайын кечинде, кеч курун ушул жерге келип, түн бир оокум болгончо отурам. (Т.Абдумомунов).
  3. Сүйлөмгө алымсынбагандык, купулга толбогондук, кандайдыр бир нерсеге ыраазы болбогондук маанисин ыйгарат. Мисалы: Казан асып сенделип, калкыңда тирүү жүргөнчө, каным, жүрү кетели, качып жүрүп өтөлү. (Токтогул).

-гыча мүчөсү.

Бул мүчө көпчүлүк учурда -ганча мүчөсүнүн варианты катары каралат. Мындагы -гы (-гыча) мүчөсү келер чактын байыркы атоочтук мүчөсү болуп эсептелет.

-гыча мүчөсү менен уюшулган чакчылдар төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди билдирет:

  1. Баяндоочтук кыймыл-аракетке мезгилдик жактан чек коюу маанисин кошумчалайт. Мисалы: Кеткиче Жамбыл менен бирге болуп, жаңырган биротоло оюн көрдүм. (Тоголок Молдо) Айтор, Субанкулду күтүп отургуча кеч кирип кетти. (Ч.Айтматов).
  2. -гычакты (-гичекти, -гүчөктү, -гучакты) варианттары менен колдонулуп, баяндоочтук кыймыл-аракетке кошумча болуп өткөн кыймыл-аракетти билдирет. Мисалы: Көңүл күсөп тапкан ушул обонду үнүм бүтүп калгычакты ырдаймын. (К.Сабыров) Ойноп күлүп, көпкө жүрдүк, жаркыным, кеткичекти аппак болуп таң атып. (С.Жусуев).

Бул мүчө менен уюшулган чакчылдарда өткөн жана келер чактардын маанилери кандайдыр аралаш келгендей экени келтирилген мисалдардан белгилүү болуп турат.

-майынча мүчөсү.

Бул мүчө терс форманын -ма (азыркыча -ба), байыркы чакчыл -йын жана мезгилдик маанидеги -ча мүчөлөрүнүн биригишинен турат. Төмөнкүдөй грамматикалык маанилерде колдонулат:

  1. Баяндоочтук кыймыл-аракетке мезгилдик чектөө маанисин кошумчалайт. Мисалы: Мен бир ишти баштап алсам эгерде, аягына чыкмайынча тынбаймын. (К.Сабыров).
  2. Баяндоочтук кыймыл-аракетке себеп маанисин кошумчалайт. Мисалы: Көзүм жумулмайынча сенин кунуңду Чубактын кунундай кубалайм. (А.Токомбаев) Бул бороон басылмайынча биз жолду таба албайбыз. (К.Жантөшев) Шайыргүл: Жок! Айтмайынча эч кайда кетпейм! (Т.Абдумомунов)

Бул мүчө -майын формасында да жолугат: Бала ыйламайын эмчек жок. (Макал).

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Татаал чакчыл мүчөлөр