КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиштин өзгөчө формалары›Жөнөкөй чакчыл мүчөлөр

Жөнөкөй чакчыл мүчөлөр

-ып мүчөсү.

-ып, (-ип, -уп, -үп, -п) мүчөсү менен уюшулган чакчылдарда төмөнкүдөй грамматикалык маанилер болот:

  1. Өзүнөн кийин келген этиштин кыймыл-аракетинен же турган ал-абалынан мурда болгон кыймьш-аракетти билдирет, башкача айтканда, өткөн чактык мааниде болот. Мисалы: Айтылгандарды көңүл койо угуп, өз тыянагын чыгарды. Ушул учурда кыз тараптан бир топ кыз-келиндер чыгып, күйөөгө, анын жанчыларына сарпай кийгизе баштады. (М.Гапаров).
  2. Өзүнөн кийин келген этиштин кыймыл-аракети же ал- абалдык белгиси менен бир эле мезгилде болуп жаткан кыймыл- аракетти билдирет. Мисалы: Алтын канат айрыплан болбосом, кантип издейм булутуңду аралап. (Калык). Үнүн бийик чыгарып сүйлөп жатты.
  3. Өзүнөн кийин келген этиштин кыймыл-аракетине удаалаш кыймыл-аракетти билгизет. Мисалы: Тоорулуп келе берет ар түн мага, көөдөнгө көрүнбөгөн отту жага. (К.Сабыров). Күрөшкө эки жигитти чечинтип чыгарышты... (Т.Сыдыкбеков).
  4. Этиштин кыймыл-аракетинин кыймылдык ал-абалын, сапатын билдирип толуктайт. Мисалы: Экөө тең сөздөрү түгөнгөнсүп, унчукпай калышты. (М.Гапаров) Асылканыбызды тоту кушча кулпунтуп кийинтип койобуз... (ТАбдумомунов).
  5. Этиштик кыймыл-аракеттин мезгилин көрсөтөт. Мисалы: Биз алар менен Бишкектен кайтып жатып коштоштук.
  6. Этиштик кыймыл-аракеттин максаттык белгисин билдирет. Мисалы: Кара тору жигит окуу издеп шаарга келди. («Ала Тоо») Катаган: Ал кайырдиндерге кошулуп кайырдин болуп кетти... (Т.Абдумомунов).

-ып мүчөсү аркылуу уюшулган чакчыл сөздөрдүн терс формасы -й (-бай, -ба, -й) мүчөсү менен берилет. Мисалы: окуп - окубай, аткарып - аткарбай, айта берип - айта бербей, күлө берип - күлө бербей ж.б. Терс форманын (-ба) мүчөсү -ып мүчөлүу чакчылдардын өзүлөрүнө да жалганышы мүмкүн. Бирок, мындай учурда чакчылга этиштик жак, чак каражаттары жалганып, чакчыл сөз чыныгы этиштик маани билдирип, капыскы өткөн чакта айтылып калат. Мисалы: Мен ушуну такыр окубапмын. Айткан кишилериң келбептир го. Сен аны көрбөпсүң го. Ошентип, бул учурда -ып  мүчөсү  этиштин капыскы өткөн чагын уюштурган мүчө болуп кызмат кылат.

-ып формасындагы чакчылдар кайталанып айтылса, этиштик кыймыл-аракеттин узакка созулгандыгын, үзгүлтүксүздүгүн же кыймыл-аракеттин кудуретин күчөтүп көрсөтөт. Мисалы: Томсоросуң, тултуясың, турасың, Ыйлап- ыйлап улутунган баладай. (М.Алыбаев). Анын кичинекей тегерек кара көзүнө жаш толо калгандай чыдай алган жок, өксүп-өксүп ыйлап жиберди. (А.Токомбаев).

Чакчылдын -ып мүчөсүнүн өзү да ар башка этиш тутумунда кайталанып  келе берет. Жогоруда белгиленгендей, мындай учурда чакчылдарда өткөн чактык маани пайда болот. Мисалы: Бирок дале күйүп-сүйүп ыр жазат, Бар го эсинде кечеги өткөн жаш чагы. (Т.Байзаков).

-ып мүчөсү менен уюшулган чакчылдар кээде сүйлөмдүн аягына да келет. Мындай учурда чакчыл баяндоочтук милдетти аткарып, этиштик касиеттерди сактайт, бирок кандайдыр аяктабаган кыймыл-аракетти билдирет. Мисалы: Кенч капкасын ачып... (М.Борбугулов) Адатта мындай сүйлөмдөр атама сүйлөмдөр болот.

-а мүчөсү.

-а (-е, -о, -ө) мүчөсү үнсүз тыбыш менен аяктаган этиш уңгуларга жалганат. Мындай чакчыл мүчөлөр төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди жаратат.

  1. Кыймыл-аракеттин этиштик кыймыл-аракет менен чогуу параллель аткарылгандыгын билдирет. Мисалы: Баланын кийген кийимине айландыра көз таштады. («Кыргызстан маданияты») Моокумун кандыра кере-кере дем алып жатты. Көрө-көрө көсөм болуптур. (Макал).
  2. Этиштик кыймыл-аракет менен мезгилдеш кыймыл- аракетти көрсөтөт. Мисалы: Жүрө бергилечи, бара көрөрбүз. («Алатоо») Бардык сынактарга алдын ала даярдык көрөбүз. («Кыргыз Туусу»).
  3. Этиштик кыймыл-аракеттин аткарылыш сапатын, ишке ашыш ыгын, деңгээлин билдирет. Мисалы: Отургандар алакандарын чапкылап, каткыра күлүп калышты. Дос күйдүрө айтат, душман сүйдүрө айтат. (Макал) Тоголото топ тептик, топ качса да биз жеттик. (М.Жангазиев).
  4. Этиштик кыймыл-аракетти толуктоо маанисиндеги кыймыл-аракетти билдирет. Мисалы: -Жок, барбайм,- деп Айбала чыйрала сүйлөдү. (К.Жантөшев) Машиненин үстүндөгү адам Чаргынга шектене карады. (Т.Сыдыкбеков) Чоң бүркүт экен, канатын жая отуруп калды..
  5. Этиштик кыймыл-аракеттин мүнөзүнө жараша чак маанисин да кошо көрсөтөт. Мисалы: Чатактын түйүнү бара чечилер. (Т.Сыдыкбеков) Бул сүйлөмдө этиш (чечилер) арсар келер чакта турат, ошондуктан чакчылда (бара) да келер чак мааниси бар. Бакыт короону айландыра темир тор менен курчап чыкты. Бул сүйлөмдө этиш (курчап чыкты) айкын өткөн чакта турат,  ошондуктан чакчылда (айландыра) да өткөн чак мааниси бар.

-а мүчөлүү чакчылдар терс формада -бай (-ба, -й) болуп айтылат. Мисалы: Таксиге түш десе болбой кечигип келбедиңби.

-й мүчөсү.

-й мүчөсү үндүү тыбыш менен аяктаган этиш уңгуларга жалганат да төмөнкүдөй грамматикалык маанилердеги чакчылдарды уюштурат:

  1. Этиштик кыймыл-аракетти толуктоо маанисиндеги чакчылдарды уюштурат. Мисалы: Аз болгондо он бештей адам баягы ортодо туруучу чоң столду курчай отурушту. (Т.Сыдыкбеков) Бекер отурганча, Бекназардын төөсүн буйлалай отур. (Фольклор).
  2. Этиштик кыймыл-аракеттин аткарылыш ыгын, шартын, максатын билдирет. Мисалы: Түш оой кой короого келди. («Алатоо») Каныбек тарапты карады да, анан башын сыйпалай жашын төгүп жиберип, оңдонуп отурду. (К.Жантөшев).
  3. Жогоруда белгиленгендей, терс маани каражаты менен кошо келгенде этиштик кыймыл-аракеттин аткарылыш чегин, шартын билдирет. Мисалы: Тилеп алган балдарың жетим болбой кор болбойт. (Барпы) Ороого көмгөн дан койбой, ойлоп күлөөр жан койбой, калпа ажыга багынды. (Тоголок Молдо) Жан кыйналбай жумуш бүтпөйт. (Макал).

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жөнөкөй чакчыл мүчөлөр