Эрежелер›Морфология›Этиш›Жак категориясы
Жак категориясы
Кыргыз тилинде жак категориясы өзгөчө категория болуп эсептелет. Көпчүлүк окмуштуулар аны этиш сөз түркүмүнө гана тиешелүү категория катары эсептешет. Чындыгында жак мүчөлөрү менен этиш сөздөр гана эмес, атооч сөздөрдүн да басымдуу бөлүгү өзгөрүлө берет.
Бирок, жак категориясы этиш сөз түркүмүнө көбүрөөк тиешелүү. Анткени, этиштер - кыймыл-аракетти жана ал-абалды билдирген сөздөр. Кыймыл-аракет менен ал-абалды аткаруучулар менен алып жүрүүчүлөр биринчи, экинчи, үчүнчү жактар болуп эсептелет. Ошентип, этиш сөздөрдүн жак боюнча өзгөрүлүп айтылышы этиш сөз түркүмүнүн жакталышын түзөт. Атооч сөздөрдүн жакталышы тууралуу жогоруда зат атоочту өткөндө сөз кылганбыз.
Сүйлөмдө адамзаттык маанидеги атоочтордун ким экендигин жана кыймыл-аракеттин, ал-абалдын кимге, эмнеге таешелүүлүгүн билдирген грамматикалык маанилердин жыйындысы жак категориясы деп аталат. Мисалы: Мен каракчы эмесмин, Мен Дадый мырзанын жигитимин! (Т.Абдумомунов) Мисалдагы каракчы эмесмин, жигитимин деген сөздөр логикалык субъектинин ким экендигине тактык киргизип, сүйлөмдөгү айтыла турган негизги ойду тыянактап турат, башкача айтканда, ойдун ким болуп аяктоосун билдирип турат. Сөз сүйлөп жаткан кишинин өзү жөнүндө болуп жатат. Дагы бир мисал: Батма: И - и! ... Айланып кетейин, Уланымсыңбы? (М.Тойбаев). Уланымсыңбы деген сөз логикалык субъектини тактап, субъектинин сөзүн тыңшап жаткан тарап экенин билдирип турат. Мында да ойдун негизинин ким экени такталып, аяктоосу бар.
Жак категориясы кыргыз тилинде конкреттүү жактардын түздөн-түз жана кээде көмүскөдө туруп катышуусу аркылуу ишке ашат да, тиешелүу жак көрсөткүчтөрү менен туюндурулат. Жак, бул сүйлөп жаткан, тындап жаткан тараптар жана сөз болуп жатып, сөзгө катышпаган объектилер катары таанылуучу тараптар болуп эсептелет. Кыргыз тилинде жекелик жана кептүк сандарда айтыла берүүчү үч жак бар.
Биринчи жак.
Биринчи жак - сүйлөөчү, башкача айтканда, сүйлөп жаткан тарап. Биринчи жактын өзү мен, көптүк санда биз деген жактама ат атоочтор аркылуу туюндурулат. Биринчи жак көбүнчө субъект катары кызмат кылат: Желиге бербе Осмонкул, жеңе турган Калыкмын. (Калык). Кээде объект да болот: Мен Масадыктын атасынын бир тууган карындашы болом. Масадыкка эжемин. (Т.Абдумомунов).
Экинчи жак.
Экинчи жак - сөздү тындоочу, башкача айтканда, биринчи жактын айткандарын тындап жаткан тарап. Экинчи жак кыргыз тилинде кадыресе (кээ бир эмгектерде одоно) жана сылык түрлөрдө айтылат. Экинчи жактын кадыресе түрү сен, көптүк санда силер, сылык түрү сиз, көптүк санда сиздер деген жактама ат атоочтор аркылуу туюндурулат: Таланттуу хирургсуң, жүрөккө операция жасаганы жатасың. (Т.Абдумомунов). Атабаев: Сиздин бар болгон катуулугуңуз ушул экен да, Аттокур аке?!. Жолборс имиш!. Койонсуң!,.. (Т.Абдумомунов).
Үчүнчү жак.
Үчүнчү жак - сөзгө катышпаган, бирок сөз болуп жаткан тарап. Үчүнчү жактын өзү ал, көптүк санда алар деген жактама ат атоочтор аркылуу берилет. Атооч сөздөр үчүнчү жакта грамматикалык атайын көрсөткүчкө ээ болбойт: Душманга тике баккан ошол Каныбек. (К.Жантөшев).
Үчүнчү жакты туюндурган зат атооч сөздөр баяндоочтук милдетти аткарат да ошол баяндоочтук милдетинде анын жак мааниси даана байкалат.
Биринчи жана экинчи жактар адамзатты көрсөтөт, анткени биринчиси сүйлөп жатып, экинчиси аны угуп жаткан тарап болуп эсептелет. Ошентип, бул эки жак кишини билдирет. Ал эми үчүнчү жак киши гана эмес башка бардык заттар, түшүнүктөр да боло берет. Себеби, үчүнчү жак - сөз болуп жактан жак. Сөз киши тууралуу да, кандайдыр башка зат тууралуу да, кандайдыр түшүнүк тууралуу да боло берет.
Кыргыз тилинде жак категориясынын атайын грамматикалык каражаттары - жак мүчөлөрү, бар. Жак мүчөлөр атооч уңгуларга жалганганда, аларды - атооч сөздөрдү, тиешелүү жак ээси катары көрсөтөт. Ал эми этиш уңгуларга жалганганда, кыймыл-аракет же ал-абал менен кошо кыймыл- аракетке же ал-абалга кириптер болгон жактын өзүн кошо көрсөтөт.
Жак мүчөлөрү түзүлүшү боюнча толук жак мүчөлөр жана кыскарган жак мүчөлөр болуп өз ара экиге бөлүнөт. Жак мүчөлөрдүн толук түрү атоочторго да этиштерге да жалгана берет, ал эми кыскарган түрү этиш сөздөргө гана жалганат.
Жак мүчөлөрдүн толук түрү
|
| Жекелик сан | Көптүк сан |
| 1 - жак | -мын | -быз |
| 2 - жак | -сың (-сыз) | -сыңар (-сыздар) |
| 3 - жак | - | - |
Жак мүчөлөрдүн кыскарган түрү
|
| Жекелик сан | Көптүк сан |
| 1 - жак | -м | -к |
| 2 - жак | -ң (-ңыз) | -ңар (-ңыздар) |
| 3 - жак | - | - |
Биринчи жана экинчи жактардын жак мүчөлөрү тиешелүү жактама ат атоочтордон келип чаккан. Жак мүчөлөрдүн толук түрүнөн бул көрүнүш даана байкалып турат: менмин, адаммын, Эдилбекмин, окуймун, келемин, сенсиң, Асылсың, ойнойсуң, жазасың, бизбиз, окуучубуз, сизсиз, Айнурасыз, келесиз, силерсиңер, жумушчусуңар, үйрөнөсүңөр, аткарасыңар, силерсиздер, врачсыздар, ойлойсуздар, көрөсүздөр ж.б.
Жак мүчөлөрдүн толук түрү менен кыскарган түрүнүн ортосунда түзүлүш жагында гана эмес, грамматикалык маанилери жагынан да айрыма бар. Кыскарган түрү атоочторго жалганбайт, этиштерге гана жалганат. Ал эми толук түрү этиштерге да, адамзаттык атооч сөздөргө да жалгана берип, дайыма баяндоочтук грамматикалык маани берет. Мисалы: Башкарма менин тилимден чыкпайт, кадырман кишимин. (Т.Абдумомунов) Азоодой жүрөк туйлады, ашыкмын, сага, ашыкмын. (Э.Турсунов).
Атооч сөздөрдүн жак боюнча өзгөрүшүндө үчүнчү жактын жекелик санда да, көптүк санда да грамматикалык көрсөткүчү болбойт.
Жак мүчөлөрдүн толук түрү атооч сөздөргө жалганганда ошол атооч сөздөр өзүнүн ким, эмне же кандай экендигине аныктык, тактык киргизет. Мисалы:
| Жекелик сан | Көптүк сан | ||
| (мен) | студент - мин | (биз) | студент - пиз |
| (сен) | студент - сиң | (силер) | студент - сиңер |
| (сиз) | студент - сиз | (сиздер) | студент - сиздер |
| (ал) | студент | (алар) | студент - (тер) |
| (мен) | жаш - мын | (биз) | жаш - пыз |
| (сен) | жаш - сың | (силер) | жаш - сыңар |
| (сиз) | жаш - сыз | (сиздер) | жаш - сыздар |
| (ал) | жаш | (алар) | жаш - (тар) |
Атооч сөздөргө жалганып, аларга баяндоочтук грамматикалык маани да кошумчалайт. Мисалы: Энекебай, кайратымдан жазбадым. Мен мурунку, мен эмесмин - башкамын. (Ж.Турусбеков) Көзүңдөн жаш кургабай, кутуң учуп, түбөлүк туюкталган булуттайсың. (А.Токомбаев) Бир гана айтарым: кечирим суроочу болбо, себеби, көбүнчө өзүңдүн алдыңда өзүң айыптуусуң. (Т.Абдумомунов).
Жак мүчөлүү атооч сөздөр аныкталгыч катары келип, этиштин өзгөчө формалары менен айкашта болгон учурда баяндоочтук милдет аткарбай канат. Мисалы: Ушу кебетеңди көрүп туруп, кишимин дегениңе ким ишенет? (М.Алыбаев).
Этиш сөздөргө жалганган жак мүчөлөр кыймыл-аракетти аткаруучу субъектинин кайсы тарап экенин кошо аныктайт. Мисалы: Баары эсимде. - Байке, байке! Нан берчи, - деп ыйладың. (А.Токомбаев).
Сүйлөмдө грамматикалык ээ катышпаса, жак мүчөсүнүн толук түрү грамматикалык баяндоочко субъектилик маанини да кошо ыйгарат. Мисалы: Мынча эмне маалкатасың, айтчу болсоң айтпайсыңбы?... (Т.Абдумомунов) Кызыр жылоологон адамсыз, таксыр, айтканыңыз келсин, ылайым... (Т.Касымбеков).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жак категориясы