КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Шарттуу ыңгай

Шарттуу ыңгай

Кыймыл-аракеттин аткарылыш, аткарылбашына сүйлөөчү тарабынан коюлган болжолдуулукту, шарттуулукту билдирген этиштин формалары шарттуу ыңгай деп аталат. Мисалы: Ошо өзү келип айтпаса, мен кай талаага берем кабарды?! (С.Өмүрбаев)

Кыргыз тилинде шарттуу ыңгайдын грамматикалык каражаты болуп -са мүчөсү эсептелет.

Бул мүчөнү этишти жасоочу -са мүчөсүнөн айырмалап карообуз керек. Этишти жасоочу -са мүчөсү жаңы сөз жасайт: сууса- (суу -са), жаңса-. Ал эми шарттуу ыңгайдын -са мүчөсү жаңы сөз жасабайт, этиш сөзгө шарттуулук (грамматикалык) маани алып келет: келсе, ойлосо ж.б.

Шарттуу ыңгай этиштер бири-биринен айырмаланган ар кандай грамматикалык маанилерди туюндурат:

  1. Мезгилге байланыштуу шартуулук маанини билдирет. Мисалы: Кар кетип жаз келсе, жер көгөрүп өрүк гүлдөйт.
  2. Каалоо маанисиндеги шарттуулукту билдирет. Мисалы: Окууга өтсөм дегенде эки көзүм төрт.
  3. Орун, өлчөм көрсөткүчтөрүнө байланыштуу шарттуулук маанисин билдирет. Мисалы: Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку. (Макал) Төө канча болсо, жүк ошончо. (Макал)
  4. Субъектилерди же объектилерди салыштыруу маанисин берет. Мисалы: О, сен экөөбүз кандай болсок, ал да ошондой. (Т.Сыдыкбеков)
  5. Карама-каршы маанидеги шарттуулук маанисин билдирет. Мисалы: Эй, бала!.. Айткандарың төгүн чыкса, эмне болоруңду билесиңби? (Т.Абдумомунов)
  6. Сурануу, жалынуу, өтүнүү маанилерин билдирет. Мисалы: Ак шайы жоолук колго алып, булгасаң боло, Алымкан. (Токтогул).
  7. Себеп шарттуулук маанисин билгизет. Мисалы: Китеп ачсам, карайсың тамга болуп,  бакка  кирсем, карайсың алма болуп. (С.Жусуев)
  8. -чы мүчөсү кошулуп айтылганда өкүнүү, кайгыруу маанилери туюндурулат. Мисалы: Ат арыбас болсочу, жаш карыбас болсочу. Жаратканы чын болсо, жай-жайына койсочу. (Токтогул).
  9. Кайталанып айтылган этиштердин биринчисине шарттуу ыңгайдын мүчөсү жалганып келсе, көңүлкоштук, күмөндүүлүк маанилерин туюндурат: болсо болор, келсе келер, жүрсө жүрөр, жазса жазар, айтса айтар ж.б. Мисалы: Сулуу деген болсо болор сенчелик, аны сүйгөн болсо болор менчелик. (А.Токомбаев).

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Шарттуу ыңгай