КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Ниет ыңгай

Ниет ыңгай

Кыргыз тилинде ниет ыңгайды -мак мүчөсү уюштурат. Ал-макчы (-мак, -чы) формасында да жолугат. Мисалы: Аалы көргөнүн айтмак болуп обдулуп койду. («Эркинтоо») Айтып койоюн, биз да артыңардан бармакчыбыз. (К.Сактанов)

Кыймыл-аракетке, ал-абалга карата ниеттенгендик маанилерин билдирген этиштин формалары ниет ынгай деп аталат. Мисалы: Ышкы отуна күйбөсө эгер жалындап, акын кантип анда сага жалынмак. (Т.Мамеев) Көпчүлүк учурда -мак (-макчы) мүчөсү жалганган сөздөргө эле, экен деген жардамчы этиштер кошулуп айтылат. Мисалы: Булганч тилиңден башка дагы эмне көрсөтмөк элең мага? (Т.Абдумомунов). Дагы бир аз күтө турсак, бизге да айтмак экен. (Качк. Осмоналиев).

Ниет ыңгайды туюндурган -мак мүчөсү менен кыймыл атоочтун -мак мүчөсү бири-биринен контексттеги маанилери аркылуу гана айырмаланат. Ниет ыңгайда этиштик кыймыл- аракет мааниси, ал эми кыймыл атоочто болсо, зат атоочко жакын болуп, атоо мааниси басымдуулук кылат. Ал ошол жүрүшү менен менден бирди көрмөк. (Т.Сыдыкбеков) Көрмөк деген сөздөгү -мак мүчөсү ниет ынгайдагы кыймыл-аракетти билдирип турат. Сүйлөмдүн аягында келип, эмне кылмак? деген суроого жооп болуп түштү. Адамды туумак кыйын, багып өстүрмөк кыйын, а өлтүрмөк көз ачып-жумганча. (Ч.Айтматов) Туумак, өстүрмөк, өлтүрмөк деген сөздөр болсо, сүйлөмдүн аягында келген жок, эмне? деген маанидеги суроого жооп болуп түштү. Бул жерде -мак мүчөсү менен келген сөздөр кыймыл атооч болуп турат.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Шарттуу ыңгай