КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Тилек ыңгай

Тилек ыңгай

Кыймыл-аракеттин аткарылышында каалоо, тилек кылуу маанипери кошо айтылган этиш формалары тилек ыңгай деп аталат.

Кыргыз тилинде тилек ыңгай -гай мүчөсү аркылуу уюшулат. Бул дайыма эле деген жардамчы этиш менен бирге айтылат: баргай эле, келгей эле, билбегей эле ж.б. Мисалы: Самаган жерге саатында баргай эле жигиттер, салтанатты душманга салгай эле жигиттер. (К.Тыныстанов)

Этиштин татаал формалары сыңары жак, сан, чак боюнча өзгөргөндө тиешелүү уланды мүчөлөр ошол жардамчы этишке жалганат: мен баргай эле-м, сен баргай эле-ң, сиз баргай эле-ңиз, ал баргай эле; биз баргай эле-к, силер баргай эле-ңер, сиздер баргай эле-ңиздер, алар барышкай эле.

Жардамчы этиш (эле) кошулбай айтылган учурлар сейрек жолугат. Мындайда да чак, жак, сан көрсөткүчтөрү -гай мүчөсүнөн кийин жалганат: тен баргай-мын, сен баргай-сың, сиз баргай-сыз ж.б.

Тилек ыңгай маанисин -гы(-кы) мүчөсү1 жалганган этиштерге кел-, жок, бар деген сөздөр кошулуп айтылган татаал формалар да билдирет. кел- деген сөз кошулуп айтылганда чак, сан көрсөткүчтөрү мына ушул сөзгө жалганат: окугум келет, окугум келди, көргүм келип жатат, уккум келбейт ж.б. Ал эми жок, бар деген сөздөр кошулуп айтылганда чак, жак, сан көрсөткүчтөрүнүн эч бири бул сөздөргө жалганбайт: айткым бар, айткың бар, келгиси бар, келгиңиз жок ж.б.

Тилек ыңгай маанисин -ганы татаал мүчөсү жалганган этиштер менен жат-, тур-, кал- деген сыяктуу жардамчы этиштер айкашып келип да билдирет: айтканы калды, тим койсо урганы турат ж.б. Татаал -айын мүчөсүндө да тилек ьщгай мааниси болот: келейин дедим эле, келейин деп чечтим ж.б.

Тилек ыңгай мааниси буюрса, тилек кыл- деген сыяктуу келечектен үмүт эткен сөздөрдүн кошулуп айтылышы менен да уюшулат: Буюрса, быйыл шаарга барып окуйм. Чет өлкөдөн окуп билим алууну алдыма тилек кылып койдум.

 

 

1.) Бул мүчөнү С. Кудайбергенов «келер чактык байыркы атоочтук» мүчө деп аныктаган: Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: Морфология. - Фрунзе, 1980. - 165-6.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Шарттуу ыңгай