Эрежелер›Морфология›Этиш›Буйрук ыңгай
Буйрук ыңгай
Кыргыз тилинде этиш сөздөрдүн дээрлик бардыгы баштапкы турпатында туруп эле буйруу маанисин билдирет. Анткени, кыймыл-аракеттин дайыма аткаруучусу (башкача айтканда, кыймылга келтирүүчүсү) болот. Ал эми кыймылга келтирүүчү же өзү кыймылга келет, же башка бир объектини кыймылга келтирет. Демек, кыймылдын аткарылышы кимдир- бирөөдөн өзүнөн-өзү талап кылынат. Карап көрөлү: бар-, же-, тегерен-, отур-, чурка-, кел-, ото-, атта-, абайла-, бас-, жат-, тур- ж.б. Булардын бардыгында тең кыймыл-аракеттин аткарылышын кимдир-бирөөдөн талап кылуу (буюруу же өтүнүү) мааниси бар.
Кыргыз тилинде кыймыл-аракеттин аткарылышынын кимдир-бирөөдөн талап кылынышы эки түрдө ишке ашат: 1) экинчи жактан, башкача айтканда, тыңдоочудан талап кылуу; 2) үчүнчү жактан, башкача айтканда, сөзгө катышпай жаткан тараптан талап кылуу.
Буюруу, талап кылуу маанилери грамматикалык атайын каражаттын жардамы менен да уюшулат.
Кыймыл-аракеттин экинчи же үчүнчү жакка карата багытталып, буюруу, өтүнүү, талап кылуу маанилерин билдириши буйрук ыңгай деп аталат. Мисалы: Кайтып келгенимче Бектемир акемдикинде эле тура тургун. (Т.Абдумомунов). Жүрөк заада болбой жүнүңөрдү түктөйткүлө! (Э.Турсунов).
Буюруунун объектиге карата кыргыз тилинде эки түрдүүчө мааниси болот: сылык буюруу, кадыресе (одоно) буюруу. Экинчи жактын сылык түрүндө айтылган буюруу маанилер сылык буюруу, ал эми андан башка түрлөрдө (формаларда) айтылган буюруу маанилери кадыресе (же одоно) буюруу деп аталат.
Буюруу маанилер кыймыл-аракеттин аткарылышын, ишке ашышын талап кылгандыктан дайыма келер чакты билдирет. Анткени, кыймыл-аракет буюруу процессинен кийин келет.
Буйрук ыңгай төмөнкүдөй жолдор аркылуу уюшулат:
- Биринчи жактын келер чактагы көптүк түрүнүн мүчөсү (-алы) аркылуу: Жүргүлө, балдар, тоого экскурсияга баралы. («Жеткинчек»)
- Жекелик санда экинчи жактын жак мүчөсүз айтылышы аркылуу: Койо бер! Койо бер деймин. (С.Өмүрбаев) Бар, сыртка чыгып тур. (Н.Байтемиров)
- Кээде экинчи жак жекелик санда -гын, -гының мүчөлөрү аркылуу айтылып, буюруу, талап кылуу маанисин берет: жүргүн, окугун, сүйлөгүнүң, баскының ж.б. Мисалы: Балта берди колума, баскын деп айдап желкелеп, салды токой жолуна. (Токтогул). Сылык түрүндө -ыңыз: келиңиз, айтыңыз, жүрүңүз, көрүңүз, басыңыз ж.б.
- Экинчи жак көптүк санда -гыла мүчөсү менен буюруу, талап кылуу маанисин берет: Жок, Чортон баатыр... Эми менден ырайым күтпөгүлө! (Т.Абдумомунов) Баатырга айталык, күтө тургула. (А.Стамов).
- Үчүнчү жакта -сын мүчөсү да буюруу, талап кылуу маанисин уюштурат: уксун, билсин, айтышсын, жазып беришсин ж.б. Мисалы: Балдар мага күлбөсүн, шылдың кылып жүрбөсүн. (А.Токомбаев).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Шарттуу ыңгай