Эрежелер›Морфология›Этиш›Баяндагыч ыңгай
Баяндагыч ыңгай
Кыймыл-аракеттин же ал-абалдын болгонун, аткарылганын чындык катары көрсөтүп, жайынча баяндаган этиштин формалары баяндагыч ыңгай деп аталат.
Баяндагыч ыңгайдын өзүнүн грамматикалык көрсөткүчтөрү жок, ал жак жана чак мүчөлөрү аркылуу жүзөгө ашат. Мисалы: Жок, Барат ырчы, андайлар унутулбайт. (Т.Абдумомунов) Жанагы комсомолдон колу бошобогон Осмонкул Алиевди чуркатып койом. (С.Станалиев). Мисалдардагы унутулбайт, чуркатып койом деген сөздөр кыймыл-аракетти жайынча гана баяндады, мына ошол жайынча баяндоо -т (учур чак маанисиндеги 3-жактын мүчөсү), -м (айкын келер чак маанисиндеги 1-жактын мүчөсү) мүчөлөрү аркылуу туюндурулду.
Баяндагыч ыңгайдагы этиштер жак, чак жана сан категориялары менен өзгөрөт. Баяндагыч ыңгайдын жак, чак жана сан категориялары боюнча өзгөрүшү ылдыйда ошол категориялар менен берилет.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Шарттуу ыңгай