Эрежелер›Морфология›Этиш›Ыңгай категориясы
Ыңгай категориясы
Этишти башка сөз түркүмдөрдөн айрымалоочу грамматикалык категориялардын дагы бири ыңгай категориясы болуп эсептелет. Ыңгайдын грамматикалык каражаттары аркылуу этиш сөздөр субъект менен объектинин ортосундагы кыймыл-аракеттин мүнөзүн билдирет. Башкача айтканда, ыңгайларда этиш сөздөрдүн лексикалык мааниси өзгөрбөй, грамматикалык маанилери өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ошентип, ыңгай категориясы этиштин сөз өзгөртүү системасынын бир тармагы.
Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин субъектилер тарабынан аткарылыш мүнөзүн билдирген грамматикалык маанилер жыйындысы этиштин ыңгай категориясы деп аталат.
Кыргыз тилинде ыңгайдын беш түрү бар:
- Баяндагыч ыңгай
- Буйрук ыңгай
- Тилек ынгай
- Ниет ыңгай
- Шарттуу ыңгай
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Мамиле мүчөлөрүнүн кабатталып келиши