КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Жакталыш (Зат атоочтун жакталышы)

Жакталыш (Зат атоочтун жакталышы)

Тилдин жандуу жашашы адамдардын пикир алышуусунда өзгөчө ишке ашат. Ал эми пикир алышууда сөздү айтып жаткан киши (биринчи жак) менен сөздү тыңшап жаткан киши (экинчи жак) өз ара аракетте болот. Пикир алышуу учурунда сөзгө катышпагандар (үчүнчү жак) – аракетте болбогондор, тууралуу да кеп жүрө берет.

Биринчи жак менен экинчи жак дайыма адамзаттык заттар болот. Анткени, пикир алышкандар, башкача айтканда, сүйлөп жаткандар менен тыңшап жаткандар адамдар гана болушат. Ал эми үчүнчү жак адамзаттык заттар да, адамзаттык эмес заттар да боло берет.

Кыргыз тилинде адамзатты билдирип, адамзатка тиешелүү болгон зат атоочтор гана жак боюнча өзгөрөт, башкача айтканда, жакталат: атамын, энесиң, студентсиз, ишкерсиздер, жылкычымын, уялашсыңар, илимпозбуз, Эсенмин, Калыйсың, Чолпонбаевасыз, Таабалдиевичсиң ж.б.

Адамзаттык эмес зат атоочтор жак боюнча өзгөрбөйт, башкача айтканда, жакталбайт. Кыргыздар төөмүн, атсың, жыгачсыз, топураксыңар, чөпсүң деп айтпайт. Айрым өзгөчө учурларда гана итсиң, малсыңар (урушканда), пилмин, карышкырсың (роль аткарганда) деп колдонулушу мүмкүн. Бирок, мындай учурларда да ошол сөздөр кишини билдирип, адамзаттык зат атооч маанисине ээ болот.

Адамзаттык мааниде болуп затташкан сөздөр да жак мүчөлөрүн кабыл алат: мыктысың, коркоксуң, атсызбыз, аюудайсыз, айылдыксыңар, багарымсың, билгенимин, биринчисиң, бешөөсүздөр, үч-үчтөнсүңөр, он чактыбыз ж.б.

Кыргыз тилинде жак мүчөлерүнүн толук жана кыскарган түрлөрү бар. Зат атоочко, деги эле атоочторго анын толук түрү гана мүнөздүү. Жак категориясы жана жак мүчөлөрү тууралуу кеңири маалымат төмөндө этиш сөз түркүмүндө берилет. Анткени, бул категория көбүрөөк этишке тиешелүү.

Кыргыз тилинде жак мүчөлөрү төмөнкүдөй формадагы адамзаттык зат атоочторго же кишини билдирип айтылган атоочторго жана атоочтуктар менен кыймыл атоочторго жалганат:

  1. Уңгу зат атоочторго: атамын, энесиң, баласыз, баатырсыздар, молдобуз, студентсиңер ж.б.
  2. Туунду зат атоочторго: атчанмын, тончонсуң, илимпозбуз, күйөрманбыз, ишкерсиз, уялашсыңар, сырдашмын, айдоочумун ж.б.
  3. Адамдардын аты, бүлөяты (фамилиясы), атысмы (атасынын аты) жана ылакап (псевдоним) аттарына: Эсенмин, Жамийласың, Чолпонбаевасыз, Кабыловсуң, Жумабековичмин, Карыпбек кызысың, кичине баласыз ж.б.
  4. Кишини билдирип айтылган жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрүндөгү атооч сөздөргө: үйдөмүн, шаардасың, жайлоодосуңар, тыштамын, отуздамын, бишкектенмин, айылдансың, мыктылардансыңар, үчүнчү курстанбыз ж.б.
  5. Орун жана орунду тактоо маанилерин билдирип турган татаал -дагы мүчөсүнөн кийин да (адамзаттык мааниде болсо) жалганат: жайлоодогумун, оюмдагысың, шаардагысыз ж.б.
  6. Адамзаттык мааниде келип затташкан атооч сөздөргө: мыктысың, коркоксуң, аюудайсың, жөөмүн, тилектешмин, менмин, сенсиң, ошолсуң, кимсиң, экинчимин, тогузунчусуз, алтообуз, беш-бештенсиңер, он беш чактыбыз ж.б.
  7. Заттык мааниде колдонулган тактоочторго да жалгана берет: азбыз, көпсүңөр, арткысың, ылдаммын, ылдамсыз ж.б.
  8. Адамзатты билдирген атооч сөздөргө жалганган биринчи жана экинчи жактардын таандык мүчөлөрүнөн, кээде жалпы таандык мүчөсүнөн кийин да жалгана берет: уулумсуң, жээнимсиз, жакшыларыбыз, мыктыларысыңар, сүйгөнүмсүң, апамдыкымын, Жамийланыкысың, багарымсың, күлбөсүмсүң ж.б.
  9. Кишини, анын кесибин билдирген куранды мүчөлөрдөн кийин да жалганат: айылдыксың, балалуумун, китепсизмин ж.б.

Зат атоочтордун жана башка атооч сөздөрдүн жак боюнча өзгөрүшү атоочтордун жакталышы деп аталат. Бул этиштердин жакталышынан дайыма жак мүчөлөрдүн толук түрүн гана кабыл алышы менен айырмаланат.

Жак боюнча адамзаттык гана зат атоочтордун өзгөрүшү жана ал өгөрүштө жак мүчолөрдүн толук түрүнүн гана колдонулушу жак мүчөлөрдүн маанилик табияты менен да шартталат. Анткени, жак мүчөлөр биринчи жана экинчи жактарда эле болот. /чүнчү жакты тейлөөчү жак мүчө жок. Ал эми биринчи жак менен экинчи жак кишини гана билдирет. Биринчиси сүйлөп жаткан жакты, экинчиси аны тыңшап, жооп берип жаткан жакты көрсөтөт. Демек, бул эки жактын мүчөлөрү жалганган атооч сөздөр адамды жана адамга тиешелүү болгон затты же заттык түшүнүктү гана билдирет.

Келип чыгыш тегин алып карасак да, биринчи жактын мүчөсү (-мын, -быз) менен экинчи жактын мүчөсү (-сың, -сыз) тиешелүү жактама ат атоочтордон келип чыккан.

Зат атоочтун, дегеле атоочтордун жак боюнча өзгөрүшүнүн терс формасы дайыма атооч сөздөн кийин эмес деген сөздүн кошо айтылышы менен туюндурулуп, атоочко жалгануучу жак мүчө да ошол эмес деген сөзгө өтүп кетет.

 

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1-жак

бала эмес-мин

бала эмес-пиз

2-жак

бала эмес-сиң

бала эмес-сиңер

 

бала эмес-сиз

бала эмес-сиздер

3-жак

бала эмес

бала эмес

 

Атооч сөздөрдүн ичинен ат атоочтордун жакталышында өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Бул айрыкча жактама ат атоочтордун жакталышынан көрүнөт. Анткени, жактама ат атоочтордун өздөрү ошол үч жактын көрсөткүчтөрү болуп эсептелет. Айталы, «мен» (көптүк санда «биз») ат атоочу биринчи жакты көрсөткөндүктөн экинчи жана үчүнчү жактардын мүчөлөрүн кабыл албайт. Биринчи жактын мүчөсү менен гана өзгөрө алат: менмин, бизбиз. Ал эми «сен» (көптүк санда «силер», сылык түрү «сиз», «сиздер») деген ат атооч экинчи жактын мүчөсү менен гана өзгөрөт: сенсиң, сизсиз, силерсиңер, сиздерсиздер. Мисалы: Ак туйгун менмин талпынган, ак пери сенсиң калкымдан. (А.Токомбаев) Көзүңө көрүнгөндүн баары менмин, жалдырап сени тилсиз карап турган. (О.Султанов).

Ал эми үчүнчү жактын жактама ат атоочу («ал», «алар») жак мүчөлөрүн кабыл албайт.

Атооч сөздөрдөгү жак мүчөлөр жакчыл таандык мүчөлөрдөн төмөнкүдөй белгилери менен айырмаланат:

  1. Таандык мүчөлөр сөздөрдү үч жактын бирине таандык, тиешелүү кылып көрсөтсө (апам, апаң, апаңыз, апасы), жак мүчөлөр сөздөрдү ошол жактардын тигил же мунусунун өзү катары көрсөтөт (апамын, апасың, апасыз, апа).
  2. Таандык мүчөлөр атооч сөздөргө гана жалганат, ал эми жак мүчөлөр атоочторго да, этиштерге да жалгана берет.
  3. Таандык мүчөлөргө дайыма басым түшүп турат, ал эми атооч сөздөргө жалганган жак мүчөлөргө басым түшпөйт: биздин энебиз, сиздин энеңиз; биз кишибиз, сен окуучусуң, сиз мыктысыз. Мисалдарда таандык мүчөлөр уланган сөздөрдө басым салт катары сөздүн аяккы муунуна түшүп, таандык уландысы басым менен айтылды (биздин энебиз), ал эми жак мүчөлөр менен келген сөздөрдө басым салтты бузуп, уңгунун акыркы муунунда кала берип, акыркы муунга – жак мүчөгө, түшкөн жок (биз кишибиз).
  4. Таандык мүчөлүү атооч сөздөр дайыма илик жөндөмөсүндөгү сөз менен айкашып келип, синтаксистик жактан таандык байланышта: менин энем, сенин балаң, сиздин атаңыз, ал эми жак мүчөлүү атооч сөздөр дайыма атооч жөндөмөсүндөгү сөз менен айкашып келип, синтаксистик жактан ээрчишүү байланышында болот: мен барам, сиз барасыз, мен баламын, сен жазуучусуң.
  5. Таандык мүчөлүү атооч сөздөр жөндөлөт, ал эми жак мүчөлүү атооч сөздөр жөндөлбөйт. Анткени, таандык мүчөлөр заттык атоо маанисин жоготпойт, сактайт, ал эми жак мүчөлөр заттык атоо маанисине баяндоо, жыйынтыктоо (предикаттык) маанилерин кошумчалайт.
  6. Таандык мүчөлүү атооч сөздөр сүйлөмдө көбүнчө ээ, толуктооч, кээде бышыктоочтун да милдетин аткарат, ал эми жак мүчөлүү атооч сөздөр сүйлөмдө көбүнчө баяндоочтук милдетти аткарат.

Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Зат атоочтун жасалышы