КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Зат атоочтун жасалышы

Зат атоочтун жасалышы

Зат атооч сөздөрдүн морфологиялык курамы өтө ар түрдүү болуп, жогоруда  көрсөтүлгөндөй, бир  нече  лексика-тематикалык топтордон турат. Уңгу (тубаса) зат атоочтор сан жагынан өтө арбын болгону менен зат атоочтордун басымдуу бөлүгүн туунду зат атоочтор түзөт, алар сөз жасоонун морфологиялык жана синтаксистик жолдору менен жасалат.

Зат атоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы атооч уңгуларга жана этиш уңгуларга зат атоочтун курандыларынын жалганышы аркылуу ишке ашат.

Зат атоочту жасоочу курандылардын бир тобу (мисалы: -лык, -чыл, -чан, -дар, -кор, -кер, -ма, -ынды, -гыч) сын атоочту жасоочу курандылардын катарында да бар.

Мындай курандылар менен жасалган сөздөрдүн зат атооч же сын атооч экендигин дайыма контекст аркылуу айырмалайбыз. Зат атоочтор өз алдынча эле туруп, заттык атоо маанисин туюндура алса, сын атоочтор дайыма өз аныкталгычы менен кошо келгенде гана затты аныктоо, башкача айтканда, сын-сыпат, касиет маанилерин туюндура алат. (Сын атооч бөлүмүн караңыз). Ошондой болсо да кыргыз тилинде зат атоочту жасоочу курандылар өтө арбын.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Зат атоочтун жасалышы