КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Жандоочтор

Жандоочтор

Сүйлөмдө атооч сөздөрду жандап, алардын өз ара карым- катышын эпке келтирип, аларга ар кыл грамматикалык маани ыйгарып турган кызматчы сөздөр жандоочтор деп аталат. Мисалы: Кыл куйрук шамал менен сапырылды. (А.Токомбаев) Мукаштар толук бир айдан соң /рүмчүгө жетишти. (К.Тыныстанов)

Жандоочтор сүйлөмдө өзү жандап айтылган сөздөрдүн башка сөздөр менен синтаксистик байланышка түшүнүн шарттайт.

Кыргыз тилинде гана эмес дээрлик бардык түрк тилдеринде жандоочтор аркылуу ишке ашкан синтаксистик байланышты башкаруу байланышы катары карап, жандоочтук башкаруу деп аныкташкан. Профессор Акеш Имановдун жогорку окуу жайларынын студенттерине арналган кыргыз тили окуу китебинде да «...жандоочтордун тизмектеле айтылуусу аркылуу бири-бири менен катыш түзүп турган сөздөр башкаруу байланышында деп эсептелет», деп жазылган.

Азыркы кыргыз тилиндеги синтаксистик байланыштын мындай түрүн А. Жапаров (Абдыкул Жапар) баганыңкы байланыштын ээрчишүү, башкаруу, ыкташуу, таандык байланыш түрлөрүнүн катарында тура турган синтаксистик байланыштын бешинчи түрү катары аныктап, жөлөкчүл байланыш1 деп белгилейт.

Жандоочтор аркылуу синтаксистик байланышка түшкөн сөздөрдөгү байланыштын мүнөзүн аныктоо биздин озуйпабызга кирбейт, аны синтаксис адистери аныктап такташсын. Биздин милдет - синтаксистик категориялар менен тыгыз байланышта болгон кызматчы сөздөрдүн бири жандоочтордун гана мүнөзүн, маанилерин аныктап, тактап чыгыш.

Ошентип, жандоочтор дайыма атооч сөздөрдү жандап жүрүп, сүйлөмдөгү орду боюнча алардан кийин келет. Демек, алар жөндөмө мүчөлөрүнүн милдеттери сыяктуу милдет аткарат. Жандоочтордун мындай касиети дээрлик бардык окуу китептеринде көрсөтүлгөн.

Кыргыз тилинде жандоочторго аркылуу, ары, башка, баштап, бери, бетер, бойдон, бойлой, бойлоп, бою, боюнча, гана, да, дейре (дере), деле, жараша, жете, жөнүндө, жуук, илгери, караганда, карай, карата, ката, катар, кийин, көздөй, көрө, көрөкчө, менен, мурун, өңдүү, сайын, сөрөй, соң, сымак, сымал, сыңар, сыяктуу, марта, тартып, тууралуу, чакты, чалыш, чамалуу, чамасында, чейин (дейин), шекилде, шекилдүү жана башка сөздөр кирет.

Жандоочтордун кай бирлерин башка сөз түркүмдөрүнөн логикалык (семантикалык) принцип менен ажыратуу абдан кыйын. Аларды морфологиялык жана кебүнчө синтаксистик принцип менен гана жандооч экенин, башкача айтканда, жандооч болуп турганын ажырата алабыз. Мисалы: Жалгыз караан ары басты. (И.Сулайманов) Сүйлөмдөгү ары деген сөз каякка? деген суроого жооп берип, тактооч болуп турат. Мындан ары кечикпейм, агай. («Ала Тоо») Бул сүйлөмдөгү ары деген сөз каякка? деген суроого өзүнчө жооп бере албай, мындан деген сөзгө мезгилдик кошумча маани берип, качан? деген суроого ошол сөздү жандап, аны менен бирдикте туруп (мындан ары) жооп берип, жандооч болуп турат.

Ошентип, жандоочтордун бир тобу морфологиялык жана синтаксистик принциптердин жардамы менен аныкталып, жандооч экендиктери белгилүү болгондуктан аларды мына ошол табиятына жараша чыныгы жандоочтор жана өтмө жандоочтор (функционалдык жандоочтор) деп экиге бөлүп карайбыз.

Чыныгы жандоочторго бетер, боюнча, гана, дейре, деле, соң, жуук, карай, карата, көздөй, өңдүү, сайын, сөрөй, сымак, сымал, сыяктуу, тартып, чакты, чейин деген сыяктуу жандоочтор кирет. Булар ушу турган турпаты менен эле жандоочтор болуп, сөздөрдү сөз түркүмдөргө бөлүштүрүүнүн логикалык (семантикалык) принциби менен эле аныкталып турат. Булардын жандооч экендигин аныктоодо морфологиялык жана синтаксистик принциптер талап кылынбайт.

Өтмө жандоочторго ары, башка, баштап, бери, да, жараша, илгери, караганда, кийин, менен, мурун деген сыяктуу жандоочтор кирет. Булар текстте айтылган ойлорго жараша бирде жандооч болсо, бирде башка сөз түркүмдөрдүн бири болуп да келе берет. Булардын жандооч экендигин аныктоодо логикалык (семантикалык) принцип жетишсиз болуп,  аларды биз дайыма сөздөрдү сөз түркүмдөргө бөлүштүрүүнүн морфологиялык жана синтаксистик принциптеринин жардамы менен аныктайбыз. Мисалы:

Токмоктон ары турат

Ары көздөй бара бер

Сенден башка киши жок

Башка киши келатат

Бүгүндөн баштап окуйт

Баарын баштап келатат

Андан бери үч күн өттү

Бери карай келатты

Окууңа жараша болот

Өңүнө жараша берди

Биринчи катардагы мисалдарда ары, башка, баштап, бери, жараша деген сөздөр өз алдынча эч кандай суроого жооп бере албай, өздөрүнөн мурда келген атооч сөздөрдү жандап, аларга кошумча грамматикалык маанилерди гана алып келди. Булар жандоочтор.

Ал эми экинчи катардагы мисалдарда ары, башка, баштап, бери, жараша деген сөздөр өз алдынча кандайдыр суроого жооп болуп түшүп, сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарып турат. Булар биерде маани берүүчү сөздөр, жандооч эмес.

 

Асел менен окуйм

Асел менен Апал тең

Ата, мен да барам

Асел да, Апал да биринчиде

Биринчи катардагы мисалдарда менен, да деген сөздөр сөз менен сөздү байланыштырган жок, өздөрүнөн мурдагы сөзгө кошумчалык маани гана ыйгарды. Булар жандоочтор.

Ал эми экинчи катардагы мисалдарда менен, да деген сөздөр сөз менен сөздү байланыштырып, байламталык милдетти аткарып турат. Булар байламталар.

 

1.) Абдыкул Жапар. Синтаксический строй кыргызского языка. Ч. 1. Бишкек, 1991.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жандоочтор