Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Тубаса жана туунду байламталар
Тубаса жана туунду байламталар
Кыргыз тилиндеги байламталарды тутумдук түзүлүшү жана келип чыгыш теги боюнча тубаса жана туунду байламталар деп эки топко бөлүштүрөбүз.
Тубаса байламталар - морфологиялык жактан тутумдарга (морфемаларга) ажыратылбай турган байламталар. Булардын дээрлик бардыгы жөнөкөй байламталар: а, да, же, не ж.б.
Туунду байламталар - морфологиялык жактан тутумдарга (морфемаларга) ажырай турган байламталар, башкача айтканда, кайсы бир башка сөздөн же сөздөрдүн биригишинен жасалган байламталар. Булар уңгу менен мүчөнүн же уңгу менен уңгунун биригишинен пайда болгон байламталар болуп саналат.
Мисалы: Анткени - аны (андай) + эт-, -ган (-кен) деген морфемалардан жана жекелик сандагы үчүнчү жактын таандык уландысынан (-ы) турат.
Болбосо - бол- (этиш уңгу), -бо(-ба) деген морфемалардан жана шарттуу ыңгайдын (-са) мүчөсүнөн турат.
Жана - жан- деген этиш сөзгө (жанаш деген уңгунун тутумундагы этиш) чакчылдын -а мүчөсүнун жалганышы аркылуу жасалып, байламта сөз катары лексикалашып кеткен.
Себеби - арабча себеп деген сөзгө кыргыз тилинин жекелик сандагы үчүнчү жакчыл таандык уландысы (-ы) кошулуп жасалган.
Ошентсе да – ошондой + эт-, -са жана да деген айрым- айрым бөлүктөрдөн (компоненттерден) турат.
Эки же андан көп сөздөрдүн биригишинен түзүлгөн татаал байламталар да туунду байламталар болуп эсептелет. Мисалы: Мен го барып келдим, ал эми сен таптакыр барган жоксуң. (К.Баялинов) Быйыл жыл жаанчыл келди, ошол себептүү чөп бир топ эле арбын болду. («Кыргыз Туусу»).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Тубаса жана туунду байламталар