КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Багындырбас байламталар

Багындырбас байламталар

Сөз менен сөздү же сүйлөм менен сүйлөмдү бири- бирине баш ийдирбей, тең укукта кармап байланыштырган байламталар багындырбас байламталар деп аталат.

Мисалы: Айша да, койчуман да үзбөй гезит, журнал окушту. (К.Тыныстанов) Бектурган итти таш менен ургулады, бирок ит өжөрлөнүп, арсылдап, асылып жатты. (А.Токомбаев) Ак көңүлү кармаган күнү бир сындырым нан берет, болбосо кезертип эчтеме бербей тим койот. (К.Баялинов) Байламталар сөз менен сөздү (да) жана  сүйлөм менен сүйлөмдү (бирок, болбосо) бири-бирине баш ийдирбей байланыштырып турат.

Тутумдашкан сөздөрдүн же сүйлөмдөрдүн ортосундагы ой ырааттуулугуна байланыштуу багындырбас байламталар өз ара төмөнкүдөй топторго бөлүнөт.

а). Байланыштыргыч баламталар  сөз  менен сөздү  же сүйлөм менен сүйлөмдү маанисине карай кадыресе жай гана байланыштырат. Буга ары, да, дагы, дале, жана, жана да, жана дагы, менен, нары деген байламталар кирет.

Мисалы: Жалгыз кызы ага көрк дагы, караан дагы болгонсуйт. (К.Жантөшев) Жери кара топурак, ары суусу кенен. (Н.Байтемиров) Биринчи сүйлөмдөгү байламта (дагы) сүйлөмдүн бирөңчөй мүчөлерүн (көрк, караан) байланыштырды. Сүйлөмдүн бирөңчөй мүчөлөрү бири-бирине баш ийбей тең укукта болот. Ал эми экинчи сүйлөмдөгү байламта (ары) тең байланыштагы кошмок сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштырды.

Ошентип, байланыштыргыч байламталар ар дайым бирөңчөй мүчөлөрдү же тең байланыштагы кошмок сүйлөмдөрдөгү жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бири менен тутумдаштырат.

б). Каршылагыч байламталар кошмок сүйлөмдөрдүн тутумундагы карама-каршы маанидеги жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бири менен тутумдаштырат. Каршылагыч байламталарга а, ал эми, андай болсо да, анткени, анткен менен, антсе да, бирок, бирок да, деген менен, ошентсе да, ошондо да, ошондой болгону менен, ошондой болсо да деген сыяктуу байламталар кирет.

Мисалы: Көчөдө бак деген толуп жатат, бирок бул теректердин укмуштуу касиети бар. (Ч.Айтматов) Мына мага атырылып келаткан жолборсту атаарын атамын го, бирок.., бирок бу караңгыда аны өлтүрө атыш кыйын. (С.Өмүрбаев) Куугунчулардын бардыгынын минген аттары мыкты аттардан эле, ошондой болсо дагы Түлкүбектин айтуусу боюнча бир канча жигит ат тандап минди. (К.Жантөшев) Байламталар (бирок, ошондой болсо дагы) кошмок сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бири менен маанилик жактан карама-каршы келгидей кылып байланыштырып турат.

в). Божомолдогуч байламталар бири-бири менен тутумдашкан сөздөрдүн же сүйлөмдөрдүн кайсы биринин гана ишке ашар-ашпасын, ырас же ырас эместигин, туура же туура эместигин, бар же жок экендигин билдирет. Булар болбосо, же, же болбосо, не деген сыяктуу байламталар.

Мисалы: Биздин атабыздын үйү ушул болуу керек, же бул эмеспи? (К.Жантөшев) Какылдак уктай албай жатып, жаңыдан дылдырап көзү илинип бараткан: не улуган бороон урабы, не сапар келген жолоочу кагып, терезе тык-тык этет. (Т.Сыдыкбеков) Өзүң айтканың абдан жакшы, болбосо иш чатакка айланат беле дейм. (К.Жантөшев) Биринчи сүйлөмдөгү байламта (же) шектүүлүк маанисин, экинчи, үчүнчү сүйлөмдөрдөгү байламталар (не, болбосо) болжолдоо маанилерин билдирди.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Багындырбас байламталар