КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Багындыргыч байламталар

Багындыргыч байламталар

Кошмок сүйлөмдүн тутумундагы сүйлөмдөрдү бири- бирине кандайдыр деңгээлде көз каранды абалда тутуп байланыштырган байламталар багындыргыч байламталар деп аталат. Башкача айтканда, булар сөздөрдү же сүйлөмдөрдү бири-бирине баш ийдирип байланыштырат.

Алар, негизинен төмөнкү байламталар: андыктан, анткени, кандай ... ошондой, канчалык ... ошончолук, неге десең, неге дегенде, ошол себептүү, ошондуктан, ошонун натыйжасында, ошон үчүн, себеби, эгер, эгерде, эмне үчүн десең, ж.б.

Мисалы: Тойчубек жолун анчалык узарта албады, неге десең, бет алдынан аркырап бороон урууда. (К.Баялинов) Анын уулу келесоо боло турган, ошондуктан энем менин көз жашымдан корксо керек. (К.Жантөшев) Байламталар (неге десең, ошондуктан) кошмок сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бирине кандайдыр себеп маанисинде көз каранды кылып байланыштырып турат.

Багындыргыч байламталар өздөрү туюндурган маанилик өзгөчөлүктөрүнө жараша андан ары дагы топчолорго бөлүнөт.

а). Себеп байламталар тутумдашкан сүйлөмдөрдүн бири- бири менен кандайдыр бир ойдун айтылыш же чечилиш себеби аркылуу байланышын камсыз кылат. Буларга андыктан, анткени, аның үчүн, неге десең, ошол себептүү, ошонун натыйжасында, ошон үчүн, себеби, эмне үчүн десең сыяктуу байламталар кирет.

Мисалы: Биз чеберлеп алга жылуубуз керек, анткени душман бизден алыс эмес. (Т.Сыдыкбеков) Жаздын алды менен тырбалаңдап бир тынган жок, ошонун натыйжасында түшүмү мол болуп, эл алдында жүзү жарык. (Н.Байтемиров) Байламталар (анткени, ошонун натыйжасында) кошмок сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бирине кайсы бир кырдаалдын, кандайдыр бир иштин себебине жараша көз каранды кылып байланыштырып турат.

Себеп байламталардын айрымдары (анткени, неге десең, себеби, эмне үчүн десең) багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөмдөн кийин келишин, айрымдары болсо (андыктан, аның үчүн, ошол себептүү, ошондуктан) багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөмдөн мурда келишин талап кылат.

Мисалы: Жолойго жардам берип кармашууга эч бир жылкычы даабады, анткени Жолойдун төмөн асты бийик аска. (К.Жантөшев) Күз болсо аяктап бара жатат, аның үчүн кышка дагы мыкты даярдана башташыбыз керек. (Н.Байтемиров) Биринчи сүйлөмдөгү байламта (анткени) багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөмдөн кийин келишин, экинчи сүйлөмдөгү байламта болсо, (аның үчүн) багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөмдөн мурда келишин шарттап турат.

б). Шарттуу байламталар тутумдашкан сүйлөмдөрдүн бири-бири менен кандайдыр бир ойдун  макулдашуу, убадалашуу маанилеринде байланышын камсыз кылат. Алар: эгер, эгерде. Булар адатта  шарттуу ыңгайдын -са  мүчөсү жалганган баяндоочу бар багыныңкы сүйлөмдөрдө колдонулуп, баш сүйлөмдөгү аракеттин аткарылыш шартын билдирет.

Мисалы: Эгерде сен бир ишке макул болсоң, ошондо катты аласың. (К.Баялинов) Эгер макул дейт экен, азыр эле алып кете койгула. (Н.Байтемиров).

Шарттуу байламталар менен байланышканда багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдөн мурда да, кийин да келе берет. Мисалы: Эгер бул айтканымды аткарбасаңар, анда мени менен илээшип убара болбогула. (К.Жантөшев) Ал кубанычы менен кайгысына ыйлады, дүйнө дааналанып, деңизге жакын келгенине ыйлады, эгер ичер суум болсо, наар алар тамагым болсо, бу турмушту дагы деле жакшы көрөт элем деп ыйлады. (Ч.Айтматов)

в). Салыштырма байламталар тутумдашкан сүйлөмдөрдөгү ойлордун бири-бири менен салыштырылып, кандайдыр өлчөнүп, ченелип айтылышын түшүндүрөт. Буга кандай ... ошондой, канча ... ошончо, канчалык ... ошончолук деген сыяктуу татаал байламталар кирет.

Мисалы: Кайсы жерин канчалык катуу сүрсө, ал жери ошончолук отко кактагандай ысыды. (А.Токомбаев) Сууктун ызгаары жаш балдарга кандай баткан болсо, чоңдорго да ошондой баткан. Чоңдор кандай кыйналса, жаш балдар да ошондой кыйналган. (К.Баялинов) Байламталар (канчалык … ошончолук, кандай ... ошондой) кошмок сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн маанилерин бири-бирине кандайдыр салыштыруу аркылуу байланыштырып турат.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Багындыргыч байламталар