КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү

Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү

Байламталардын сөз менен сөздү же сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыра турган мүмкүнчүлүгү алардын грамматикалык маанилери болуп саналат. Кыргыз тилиндеги байламталардын мына ошол грамматикалык маанилери бирдей эмес. Байламталардын бир тобу өздөрү байланыштырган тилдик бирдиктерди бири-бирине көз каранды абалда кармап байланыштырса, экинчи бир тобу байланышып жаткан тилдик бирдиктерди бири-бири менен тең укукта кармап байланыштырат. Ошентип, тилдин жандуу жүрүшүндө алардын грамматикалык маанилери бирдей болбойт.

Ошентип, кыргыз тилиндеги байламталарды алардын грамматикалык маанилерине карай багындыргыч байламталар жана багындырбас байламталар деп эки чоң топко бөлүштүрөбүз.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү