Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Байламталардын аткарган кызматына карай бөлүнүшү
Байламталардын аткарган кызматына карай бөлүнүшү
Кыргыз тилинде байламталар жандуу тилде аткарган кызматына карай өз ара дагы эки топко бөлүнөт. Бир тобу сөз менен сөздү да, сүйлөм менен сүйлөмдү да байланыштыра берет. Башка бир тобу сүйлөм менен сүйлөмдү гана байланыштырып, сөз менен сөздү байланыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
а). Сөз менен сөздү да, сүйлөм менен сүйлөмдү да байланыштыруучу байламталарга ары, да, дагы, дале, деле, жана, же, же болбосо, менен, нары, не сыяктуу байламталар кирет.
Мисалы: Аткарылган мындай иштерге ары кубанып, ары сүйүнүп да турдук. (М.Абакиров) Кириск кубанып да, коркуп да кетти. (Ч.Айтматов) Бул көчөдө көбүнчө дыйкандар жана алыпсатарлар турат. (К.Жантөшев) Байламталар (ары, да, жана) сөз менен сөздү байланыштырды.
Кылган ишибизге ары терең кубансак, ары өзүбүзгө өзүбүз таң калып турдук. (К.Жантөшев) /йгө бардым да, китебимди алып кайра тарттым. («Алатоо») Экөө кобурашкан бойдон фабрикага кирип келишти жана ар бири өз-өз станогунун жанынан орун алды. (С.Сасыкбаев) Байламталар (ары, да, жана) сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырды.
б). Сүйлөм менен сүйлөмдү гана байланыштыруучу байламталарга а, ал эми, андай болсо, андыктан, анткени, анткен менен, аның үчүн, бирок, бирок да, болбосо, жана да, же болбосо, кандай ... ошондой, канчалык ... ошончолук, неге десең, ошол себептүү, ошондой болгону менен, ошондой болсо да, ошон үчүн, эгер, эгерде ... ошондо өңдүү байламталар кирет.
Мисалы: Билесиз го, алыстан тоо ашып келдик, а сиз бияктан түз жол менен келдиңиз. (Т.Касымбеков) Үчөөбүз үч жерде үңүрөйүп турдук жашоодон үмүт үзүп, бирок кармашууну аябай самап отурабыз. (К.Сактанов) Көп кардардын бириби десе, үн-сөзсүз, не прилавкага жакындабайт. (М.Макенбаев) Анын жумушу саат жетиде башталат, ошон үчүн дайыма эрте турат. («Мурас») Байламталар (а, бирок, не, ошон үчүн) сүйлөмдөрдү байланыштырып турат.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Байламталардын аткарган кызматына карай бөлүнүшү