КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Байламталардын тутумдук түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

Байламталардын тутумдук түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

Кыргыз тилинде байламталар түзулүшүнө карай жөнөкөй жана татаал байламталар болуп экиге бөлүнөт.

Бир эле сөздөн турган байламталарды  жөнөкөй байламталар дейбиз. Алар: а, ары, бирок, болбосо, да, дагы, деле, жаки, жана, мейли, менен, нары, не, себеби, эгер, эгерде ж.б. Тарыхый жактан тутуму татаал болгону менен андыктан (андай + эткендиктен), анткени (андай + эткени), ошондуктан (ошондой + эткендиктен) сыяктуу байламталарды да ушул турпаты менен байламта сөз түркүмүнүн катарына өткөндүктөн, жөнөкөй байламталардын катарына кошобуз.

Эки же андан көп сөздөн турган байламталарды татаал байламталар дейбиз. Алар: ал эми, андай болсо, анткен менен, жана да, же болбосо, кандай ... ошондой, канчалык ... ошончолук, неге десең, ошол себептуу, ошондой болгону менен, ошондой болсо да, ошон үчүн, эгерде ... ошондо ж.б.

Байламталык маанилери жана аткарган  милдеттери боюнча жөнөкөй жана татаал байламталар бири-биринен айырмаланышпайт. Маани берүүчү сөздөргө жана сүйлөмгө кызмат кылуу мүмкүнчүлүктөрүндө да айырмачылыктар жок. Мисалы: - Балам, жол болсун? – деп карыя сурап койду да , күңгүрөнгөн муңдуу күүнү акырын гана чертип кирди. (А.Токомбаев) Биздин жолубуз ашуу ашып,  бир  топ  эле татаал болчу, ошол себептүү жүрүштөгү басыгыбыз жай болду. («Ала Тоо»)

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Байламталардын тутумдук түзүлүшүнө карай бөлүнүшү