Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Байламталар
Байламталар
Сүйлөмдөгү сөздөрдү, сөз айкаштарын жана кошмок сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бири менен байланыштырып турган кызматчы сөздөрдү байламталар дейбиз. Мисалы: Окту жиреп жүрөм, бирок, эмнегедир, алар мага тийбейт. (К.Сактанов) «Соопчулукка» деп безилдегендиктен жана сенин атыңды атагандыктан, мен акырын үн чыгарып келинди чакырдым. (К.Жантөшев)
Биринчи мисалдагы байламта (бирок) кошмок сүйлөмдүн тутумундагы эки жөнөкөй сүйлөмдүн ортосундагы каршылагыч маанини туюндуруп, байланыштырып турат. Ал эми экинчи сүйлөмдөгү байламта (жана) болсо, бирөңчөй мүчөлөрдү (безилдегендиктен, атагандыктан) бири-бири менен байланыштырды.
Байламталар, биз жогоруда белгилегендей, маани берүүчү сөздөргө кызмат кылып, алардын ар кандай грамматикалык маанилерин жаратып, өз алдынча лексикалык маани бере албайт. Айрымдары маани берүүчү сөздөргө гана эмес, сүйлөмдөргө да грамматикалык маани ыйгара берет.
Түпкү теги боюнча кыргыз тилиндеги байламталардын көпчүлүгү лексикалык мааниси бар сөздөрдөн келип чыккан. Мисалы: анткени (андай+эткен+ы), жана (жан+а), себеби (себеп+ы), деле (дагы+эле) ж.б.
Байламталардын тутумдук түзүлүшү да өтө ар түрдүү. Алар бир эле сөздөн, эки сөздөн жана бир нече сөздөн да курала берет. Эки жана андан көп сөздөрдөн куралган байламталардын айрымдары сүйлөмдүн ар кайсы жеринен орун алып да келе берет. Мисалы: Сууктун ызгаары жаш балдарга кандай баткан болсо, чоңдорго да ошондой баткан. (К. Баялинов) Бул жерде татаал байламтанын (кандай ... ошондой) эки тутуму сүйлөмдүн эки башка жеринен орун алып турат.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Байламталар