Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Кызматчы сөз түркүмдөрү
Кызматчы сөз түркүмдөрү
Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрүн жогоруда биз негизги (маани берүүчү), өзгөчө жана кызматчы сөз түркүмдөрү деп бөлүштүргөнбүз. Кызматчы сөз түркүмдөрү өз алдынча лесикалык мааниге ээ болбой, сүйлөмдө негизги сөз түркүмдөрүнө кошумча грамматикалык маани тартуулайт. Булар «маани бербөөчү сөз түркүмдөрү» деп да аталат. Белгилүү тилчи С.Кудайбергенов буларды маани бербөөчү сөз түркүмдөрү катары карап, бул топко жекече турганда лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөр кирерин белгилөө менен, алар башка сөз түркүмдөрүнөн төмөнкү белгилери боюнча айырмаланарын көрсөткөн.
- Ар бири баштагы бүтүн сөздүк белгисин сакташып, негизги компоненттерден тыбыштык сөз катары ажыратылып айтылат. Ал эми мүчө болсо, айкашкан сөздөрү менен бирге айтылат. Бирок экөө тең лексикалык мааниге ээ эмес.
- Маани бербөөчү сөздөр морфологиялык жактан уңгу, мүчөлөргө ажыратылбаган өзүнчө турган сөз болгондуктан, үндөштүк законуна баш ийбейт. Мүчөлөр менен айкашпайт. Мүчөлөр болсо, тыбыштык составы жагынан жалганган сөзүн ээрчип, үндөштүк законуна баш ийет.
- Маани бербөөчү сөз түркүмдөрү, бүтүн сөздүк касиетин сакташып, дайыма басымды кабыл алышат: сен үчүн, дейин, гана, албетте, мүмкүн, келдим го! келе гой ж.б.1
Ошентип, сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруу, ийкемдүү тутумдаштыруу милдетин аткарып, кошумча ар түрдүү грамматикалык маанилерди алып келген сөздөрдү кызматчы сөз түркүмдөрү дейбиз. Кыргыз тилинде алар төмөнкүлөр:
- Байламталар
- Бөлүкчөлөр
- Жандоочтор
- Кыялий мамиле (модалдык) сөздөр.
1.) Кыргыз адабий тилинин грамматикасы. 1-бөлүк. Фонетика жана морфология. Фрунзе, 1980. 475-478-б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат