КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Морфологиялык жол менен жасалышы

Морфологиялык жол менен жасалышы

Куранды мүчөлөрдүн жардамы менен уюшулган сын атоочтор сөз жасоонун морфологиялык ыгы менен жасалган сын атоочтор болушат. Сын атоочту жасоочу курандыларды атооч сөздөрдөн сын атооч жасоочу жана этиш сөздөрдөн сын атооч жасоочу курандылар деп бөлүп көрсөттүк. Куранды мүчөлөрдүн алардын сөз жасоо мүмкүнчүлүгүнө ылайык өнүмдүү, аз өнүмдүү, өнүмсүздөрүн айрым-айрым келтирдик.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Морфологиялык жол менен жасалышы