КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Синтаксистик жол менен жасалышы

Синтаксистик жол менен жасалышы

Эки же андан көп уңгу биригип, заттагы бир белгини, бир эле сапатты же бир гана касиетти билдирсе, синтаксистик жол менен жасалган сын атоочтор болушат. Буларды, адатта, татаал сын атоочтор дейбиз. Синтаксистик жол менен жасалган сын атоочторду да көбүнчө контекст аркылуу ажыратабыз.

Кош сын атоочтор түгөйлөрүнүн маанилерине жараша төмөнкүдөй топтордон турат:

  1. Ар бир түгөйү маанилеш же карама-каршы болуп, өз алдынча маанисин сактаган кош сын атоочтор: кара-кочкул, улуу-кичүү, жылуу-жумшак, жакшы-жаман ж.б.
  2. Ар бир түгөйү өз маанилерин сактоо менен кайталанып айтылуу аркылуу уюшулган кош сын атоочтор: чоң-чоң, бийик- бийик, аппак-аппак, түркүн-түркүн, узун-узун ж.б.
  3. Бир түгөйү өз алдынча маанисин сактап, экинчиси өз алдынча мааниге ээ болбогон сын атоочтор: жоон-жолпу, кызыл-тазыл, оңой-олтоң, майда-чүйдө, таттуу-маттуу, жаман-жуман, тааныш-мааныш ж.б.
  4. Эки түгөйү тең өз алдынча мааниге ээ болбогон кош сын атоочтор: үрөң-бараң, уйгу-туйгу, илең-салаң, олур-болур, оргу- баргы ж.б.

Кошмок сын атоочтор түгөйлөрүнүн мүнөзү боюнча төмөнкүдөй топтордон турат:

  1. Бардык түгөйлөрү сын атоочтордон уюшулган кошмок сын атоочтор: кара кер, кара кашка, кара тору, кара көк, кара күрөң, жээрде кашка, жашыл ала, ак сары, узун бойлуу, кең далылуу ж.б.
  2. Түгөйлөрү сын атооч менен зат атоочтон уюшулган кошмок сын атоочтор: көк көз киши, ак көңүл адам, кара каш келин, кымча бел селки, ак пейил инсан ж.б.
  3. -лык мүчөсү уланган сөз менен эсептик сан атоочтун жана кээ бир зат атоочтун айкашып келишинен уюшулган кошмок сын атоочтор: үч күндүк жол, он жылдык мезгил, беш айлык курс, эл аралык абал ж.б.
  4. Зат атоочтордун өз ара айкашынан да кошмок сын атооочтор уюшулат: бүркүт кабак мүнөз, жолборс жүрөк жигит, жылкы мүнөз адам ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Синтаксистик жол менен жасалышы

Ичиндеги эрежелер