Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Синтаксистик жол менен жасалышы›Кошмок сын атоочтор
Кошмок сын атоочтор
Кошмок сын атоочтор түгөйлөрүнүн мүнөзү боюнча төмөнкүдөй топтордон турат:
- Бардык түгөйлөрү сын атоочтордон уюшулган кошмок сын атоочтор: кара кер, кара кашка, кара тору, кара көк, кара күрөң, жээрде кашка, жашыл ала, ак сары, узун бойлуу, кең далылуу ж.б.
- Түгөйлөрү сын атооч менен зат атоочтон уюшулган кошмок сын атоочтор: көк көз киши, ак көңүл адам, кара каш келин, кымча бел селки, ак пейил инсан ж.б.
- -лык мүчөсү уланган сөз менен эсептик сан атоочтун жана кээ бир зат атоочтун айкашып келишинен уюшулган кошмок сын атоочтор: үч күндүк жол, он жылдык мезгил, беш айлык курс, эл аралык абал ж.б.
- Зат атоочтордун өз ара айкашынан да кошмок сын атооочтор уюшулат: бүркүт кабак мүнөз, жолборс жүрөк жигит, жылкы мүнөз адам ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Синтаксистик жол менен жасалышы
Негизги эреже: Синтаксистик жол менен жасалышы