Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Синтаксистик жол менен жасалышы›Кош сын атоочтор
Кош сын атоочтор
Кош сын атоочтор түгөйлөрүнүн маанилерине жараша төмөнкүдөй топтордон турат:
- Ар бир түгөйү маанилеш же карама-каршы болуп, өз алдынча маанисин сактаган кош сын атоочтор: кара-кочкул, улуу-кичүү, жылуу-жумшак, жакшы-жаман ж.б.
- Ар бир түгөйү өз маанилерин сактоо менен кайталанып айтылуу аркылуу уюшулган кош сын атоочтор: чоң-чоң, бийик- бийик, аппак-аппак, түркүн-түркүн, узун-узун ж.б.
- Бир түгөйү өз алдынча маанисин сактап, экинчиси өз алдынча мааниге ээ болбогон сын атоочтор: жоон-жолпу, кызыл-тазыл, оңой-олтоң, майда-чүйдө, таттуу-маттуу, жаман-жуман, тааныш-мааныш ж.б.
- Эки түгөйү тең өз алдынча мааниге ээ болбогон кош сын атоочтор: үрөң-бараң, уйгу-туйгу, илең-салаң, олур-болур, оргу- баргы ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Синтаксистик жол менен жасалышы
Негизги эреже: Синтаксистик жол менен жасалышы