КыргызчаРусский

Эрежелер›Лексикология›Неологизм деген эмне

Неологизм деген эмне

Неологизм деген термин грек тилинен алынган. Ал пео — «жаңы» жана 1О£ОЗ — «сөз» деген эки сөздөн турат. Тилдин тарыхый жактан законченемдүү өнүгүшү тилдин ээси болгон ошол элдин тарыхы, коомдук аң-сезимдин өнүгүшү менен түздөн-түз байланыштуу. Бул жагынан алганда, Октябрь революциясынын натыйжасында кыргыз элинин турмушунда эбегейсиз зор өзгөрүүлөр болду. Бул өзгөрүүлөр тилдик фактыларда, айрыкча, анын лексикасында ачык чагылдырылган, б.а. , коомдогу зор өзгөрүүлөр жаңы түшүнүктөрдү жана аларды белгилеген жаңы сөздөрдү — неологизмдерди жаратты. Бирок неологизмдерди коом турмушунда пайда болгон кубулуш, көрүнүштөрдү, жаңы түшүнүктөрдү. нерселерди атоо үчүн колдонулган сөздөр менен гана чектеп коюуга болбойт. Муну менен катар жазуучулардын чыгармаларында кезигүүчү индивидуалдык мүнөздөгү сөздөрдү да неологизмдер катары кароо зарыл. Ошондуктан неологизмге төмөнкүдөй аныктама берүүгө болот:

Неологизм деп адамдардын коомдук-саясий турмушундагы тарыхый маанилүү окуяларды, жаңы түшүнүктөрдү, нерселерди атоо үчүн колдонулган жана мурдагы эле түшүнүктү дагы элестүү кылып көрсөтүү же ага эмоционалдуу-стилистикалык түр берүү максатын көздөгөн лексикалык топту айтабыз. Неологизмдин лингвистикалык табияты жөнүндө бирдиктүү бир пикир жок. Айталы, айрым бир изилдөөчүлөр коом турмушундагы пайда болгон жаңы түшүнүктөрдү, нерселерди атоонун негизинде жаралган жаңы сөздөрдү неологизмдер катары карашса, айрымдары неологизмдердин негизги белгиси катары алардын пассивдүү лексикага тиешелүү экендигин эсептешет. Экинчи топтогулар эгерде тигил же бул сөз активдүү лексикага айланып кетсе, ал жаңы пайда болгондугуна карабастан, неологизм болуудан калат деп белгилешет. Мисалы, колхоз, комсомол, трактор ж.б. сыяктуу сөздөр неологизм эмес деп карашат. Ал эми үчүнчү топтогу изилдөөчүлөр «неологизм» деген түшүнүктү тилдин өнүгүшүнүн бүгүнкү күндөгү гана эмес. ар кандай белгилүү тарыхый мезгилдеги абалына байланыштуу кароо керектигин эскертишет. Бул топтогу изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, азыркы кыргыз адабий тилиндеги неологизмдер жөнүндө сөз кылганда, революциядан кийинки совет доорунда пайда болгон жаңы сөздөр, жаңы сөз айкаштары, ар кандай жаңы маанилер неологизм катары каралууга тийиш. Мындан сырткары. алар эски түшүнүктү билдирген мурунку эле сөздөрдүн акын-жазуучулар тарабынан стилдик максатта жаңы мааниде колдонулушун да неологизмге кошушат. Кыргыз тилинин фактылары боюнча алып карганда, мына ушул үчүнчү топтогу окумуштуулардын пикирлери чындыкка коошот. Бирок тил коомдук көрүнүш катары коомдук шартка. Андагы ар кандай өзгөрүүлөргө, кайра түзүүлөргө байланыштуу өзгөрүп турары белгилүү. Ошондуктан кыргыз тилинде революциядан кийин пайда болгон жаңы сөздөр, сөз тизмектери, жаңы туюнтмалардын айрымдары коомдук өнүгүүнүн белгилүү бир этабына чейин жаңы сөз — неологизм — катары каралып келсе, кийинчерээк ар түрдүү тарыхый шарттарга, коомдук кайра түзүүлөргө байланыштуу неологизм болуудан калып, кадыресе эле сөзгө, атүгүл айрымдары историзмге айланып кетти. Мисалы, кыргыз тилинде Октябрь революциясынан кийин пайда болуп, алгачкы учурда неологизм кагары эсептелип жүргөн кызыл жүк. Кедей тобу. ыктыярдуулардын отряды, союз кошчу, уюшма. Жаңы үнөм саясаты деген сыяктуу көптөгөн сөздөр жана сөз айкалыштары азыркы учурда историзмге айланып калышты. Булардын айрымдарынын ордуна башка жаңы сөздөр пайда болду. Мисалы, уруяттын ордуна — эркиндик социалчылдыктын ордуна — социалисттик; уюшманын ордуна — коллективдүү чарба же колхоз ж.б. Кыргыз тилиндеги неологизмдердин пайда болуу булактары өтө ар түрдүү. Биринчи кезекте, революциядан кийин пайда болгон жаңы түшүнүктөрдү туюнтууда эне тилибиздин ички булактары — сөз жасоонун бардык каражаттары, жолдору кеңири пайдаланылды. Тагыраак айтканда, неологизмдер кыргыз тилинде семантикалык, морфологиялык жана синтаксистик ыкмалар аркылуу жаралды.

Булагы: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997