Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Сапаттык сын атоочтор
Сапаттык сын атоочтор
Сапаттык сын атоочтор заттардагы табигый белгилерди, өзгөчөлүктөрдү, касиеттерди түздөн-түз эле билдирет. Алардын мындай мүмкүнчүлүгү башка сөздөрдүн катыштыгы жок эле ишке ашат. Сапаттык сын атоочтордун дээрлик бардыгы тубаса сын атоочтор болуп эсептелет. Мисалы: кызыл, сары, ак, түз, кең, тар, чоң, курч, шок, бош, көк ж.б.
Сапаттык сындар - сын атоочтордун негизги уюткусу. Анткени сын атоочторго сөз түркүмү катары тиешелүү болгон өзгөчөлүктөр биринчи кезекте ушул сапаттык сындардын табиятында болот. Булар көпчүлүк туунду сын атоочторго жана даража формаларынын жасалышына негиз болуп кызмат кылат.
Ошентип, жогоруда белгиленгендей, сапаттык сын атоочтор тубаса сын атоочтор болушат. Бирок, мындай бүтүм - шарттуу түрдө гана чыгарылган бүтүм. Анткени, тарыхый жагынан алып караганыбызда, кээ бир сапаттык сындар туунду сөздөр болуп чыгат. Мисалы: ала деген сапаттык сын атооч сөз ал, ак деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. Монгол тилинде анын толук формасы айтылат: алаг морь - ала ат; узун деген сын атооч сөздүн да туунду экенин ага уңгулаш болгон узак, узар деген сөздөр менен салыштырып баамдайбыз. Тилибиздин азыркы учур абалынан караганыбызда булар (ала, узун) тубаса уңгу катары кабыл алынат. Тарыхый иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн нормативдик грамматикаларда мындай сөздөр тубаса уңгулар болуп талдоого алына берет.
Сапаттык сын атоочтор катыштык сын атоочтордон төмөнкүдөй белгилери менен айырмаланат.
- Сапаттык сын атоочтордун көпчүлүгү уңгу сөздөр, ал эми катыштык сын атоочтордун бардыгы туунду сөздөр болуп саналат.
- Сапаттык сын атоочтордун көпчүлүтү өз ара антонимдик катыштарды түзө алат: чоц - кичине, ак - кара, жоон - ичке, тар - кең, узун - кыска ж.б.
- Сапаттык сын атоочтордун дээрлик бардыгы заттардагы касиеттин, белгинин деңгээлин көрсөтүп, даража көрсөткөчтөргө ээ болот. Мындай көрсөткүчтөргө катыштык сын атоочтордун айрымдары гана ээ болот.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Катыштык сын атоочтор