КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Катыштык сын атоочтор

Катыштык сын атоочтор

Катыштык сын атоочтор заттардагы белгилерди, өзгөчөлүктөрдү, касиеттерди башка заттар, башка нерселер, башка түшүнүктөр аркылуу билдирет. Башкача айтканда, заттардагы сапат белгилер башка бир сөздөрдүн катыштыгы менен түшүндүрүлөт.

Кыргыз тилинде сын атооч сөздөрдүн көпчүлүгүн катыштык сын атоочтор түзөт. Анткени, катыштык сын атоочтор башка сөздөрдөн жасалат да, түп уңгусу сын- сыпаттын, касиеттин, белгинин эмнеден келип чыккандыгын, кандай затка байланыштуулугун билдирет. Мисалы: тончон киши (тон деген сөздөн келип чыккан), мөмөлүү дарак (мөмө), акылдуу кыз (акыл), таттуу тамак (таты-), жыттуу чөп (жыт), ысык чай (ысы-), толук орто билим (тол-), оттуу жылга (от), баткак жол (бат-), катуу шамал (каты-), ылайка суу (ылай), суусуз чөл (суу), сырдаш курбу (сыр),  бактысыз киши (бакты - бакыт), таштак жол (таш), тандалма жыйнак (тандал-), күйүмдүү бала (күйүм) ж.б.

Катыштык сын атоочтордун маанилери ар түрдүү болот. Алар билдирген сапаттык, белгилик, касиет маанилер тиешелүү уңгулардын маанилерине жараша айтылат. Ошондуктан, катыштык сын атооч сөздөр маанилик белгилери боюнча төмөнкүдөй топторду түзөт:

  1. Заттын белгиси, касиети катары мезгилдик түшүнүктү билдирген катыштык сын атоочтор: түнкү  сугат,  кышкы сессия, бүгүнкү лекция, күзүндөгү окуя. Мисалы: Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык. (Макал)
  2. Орун, мейкиндик түшүнүктөрдү заттын белгиси, касиети катары туюндуруучу катыштык сын атоочтор: жайлоодогу мал, үйдөгү буюм, айылдагы мектеп ж.б. Мисалы: Айылдагы мектептердин абалы менен таанышып кайтышты.
  3. Кандайдыр заттын же абстракттуу түшүнүктүн бар же жок экендигин анын белгиси, касиети катары туюндуруучу катыштык сын атоочтор: тондуу бала, бактылуу кыз,  айсыз түн, суусуз талаа, жыттуу самын, таштак жол, баткак көчө ж.б. Мисалы: Валянын жылдыздуу бети албырып чыкты. (Ж.Мавлянов) Жылуу үйгө киргени денеси жибий түшүп, заматта уйкусу келди.
  4. Кандайдыр топ, пикирдештик, аймак боюнча жалпылыкты заттын белгиси катары көрсөткөн катыштык сын атоочтор: айылдык кыз, сырдаш курбу, курсташ балдар, классташ бала, сапарлаш киши ж.б. Мисалы: Он жыл өтүп, курсташ балдар бүгүн биринчи жолу чогулуп отурушат.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008