КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Сын атоочтун даражалары

Сын атоочтун даражалары

Заттардагы, буюмдардагы, нерселердеги, ар түрдүү заттык түшүнүктөрдөгү сын-сыпат, өң, түс, даам, тулку, кебете, көлөм, ченем же башка белгилер, касиеттер бирдей боло бербейт. Бирөңчөй заттарда да алдагыдай касиеттер бирдей болбойт. Мына ушул ар түрдүүлүк, бирдей эместик, башкача айтканда, сын-сыпат касиеттердин салыштырмалуулук белгилери сын атоочтун даража категориясы аркылуу туюндурулат.

Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, басаңдатма, салыштырма, күчөтмө.

  1. Жай даража. Жай даражадагы сын атоочтор заттардын сын-сыпатын, белгилерин жайынча атайт. Мисалы: Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат. (Макал) Түндө түшүмдө эски кыштак кириптир. (М.Гапаров) Эки көзү чекчейген, кара сакалы уйпаланып кеткен, үрөйү учуп, оозу жарым ачыла акактап алган. (Б.Усубалиев).

Жай даражаны уюштуруучу грамматикалык каражат болбойт. Сын атооч сөздөрдүн бардыгы жай даражада турат.

  1. Салыштырма даража. Салыштырма даража заттын сын-сыпат белгисин башка белгиге, же башка заттын сын-сыпат белгисине салыштырып билгизет. Салыштырма даражада заттын белги, сапат же касиеттеринин башка заттагы белги, сапат же касиетерден ашыгыраак же кемирээк, көбүрөөк же азыраак экендиги көрсөтүлүп, кайсы бир даражада басаңдатуу, же күчөтүү маанилери кошо болот.

Салыштырма даража төмөнкү жолдор аркылуу уюшулат:

а)-ыраак  (-раак) мүчөсүнүн   сын   атооч сөздөргө жалганышы аркылуу: агыраак, көгүрөөк, жыттуураак, көбүрөөк, таттуураак, бийигирээк, жапысыраак, таштуураак, күчтүүрүүк, чөптүүрөөк, таштагыраак, тентегирээк, сулуураак, эттүүрөөк, баткагыраак ж.б. Мисалы: Ал бийигирээк жерде туруп альт, өз жигиттерине опурула баштады. (А.Стамов) Андан арыбиз куушураак жолго түштүк. («Алатоо»).

б) Салыштырылуучу зат чыгыш жөндөмөдө аталат да, сын атоочко -ыраак(-раак) мүчөсү жалганат: менден  чоңураак, иттен жапысыраак, Асандан кичирээк ж.б. Мисалы: Аркы суудан берки суу улуураак турбайбы, аркы кыздан берки кыз сулуураак турбайбы. (Фольк) Мындан чоңураак киши деп элестетчүмүн. ( К. Жантөшев).

в) Салыштырылып жаткан сөз чыгыш  жөндөмөдө айтылып, сын атооч сөзгө -ыраак(-раак) мүчөсү жалганбай келсе да салыштыруу мааниси уюшулуп айтылат. Мисалы: Кечээ мен окуган китептен кызык экен. Анын бою Адылдан узун го.

Кыргыз тилинде салыштырма даражанын күчөтүп салыштыруу жана басаңдатып салыштыруу маанилери да бар деп айттык. Мындай маанилер атайын башка бир грамматикалык каражат менен туюндурулбай, салыштырма даражанын контексттеги маанилери менен эле туюндурулуп айтыла берет. Мисалы: сылык киши, сылыгыраак киши, бир аз сылыгыраак киши, анча-мынча сылыгыраак жайы бар киши, өтө сылыгыраак киши.

  1. Басаңдатма даража. Басаңдатма даража заттын сын- сыпат белгисинин демейдегиден төмөндүгүн, демейдегиге жете бербегендигин көрсөтөт. Булар өң-түс маанидеги сын атоочтордон төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен уюшулат:

-ыш: агыш, көгүш;

-гыл: киргил, кочкул;

-ылжым (-ылжын): көгүлжүм (көгүлжүн), каралжын;

-ылтыр: көгүлтүр;

-гыч: саргыч, бозгуч, кызгыч;

-гылт: кызгылт, сургулт;

-гылтым: кызгылтым, көгүлтүм;

-омук: бозомук;

-ымтыл: карамтыл, көгүмтүл.

Салыштырма даражанын -ыраак мүчөсүнүн маанисинде да басаңдатма даражанын мааниси болорун жогоруда айттык.

Басаңдатма даража бир аз, анча-мынча деген өңдүү сөздөрдүн сын атоочторго кошулуп айтылышы менен да уюшулат: бир аз жакшы, анча-мынча дурус. Мисалы: Бир аз жакшы чапан кийсең болмок экен, балам. Окуучулардын анча- мынча мыктылары олимпиадага тандалды.

  1. Күчөтмө даража. Күчөтмө даража заттын сын-сыпат белгисинин демейдегиден арбын, жогору, күчтүү деңгээлде экенин билдирет да төмөндөгүдөй жолдор менен уюшулат:
  1. Сын атооч сөздөрдүн биринчи муунунун өзгөрүп кайталанып айтылышы аркылуу: кыпкызыл, кыпкыска, жапжашыл, таптаттуу, бопбош, супсулуу, сапсары, жупжумшак, жапжакшы, капкара ж.б. Мисалы: Жүрөктө турду жаңырып, ыпысык сүйүү обону. (С.Тургунбаев).
  2. Сын атооч сөздөрдүн кайталанып айтылышы аркылуу уюшулат, бул учурда сын атоочтордун биринчиси илик жөндөмөдө, экинчиси 3-жакка таандык болуп айтылат: көктүн көгү, бийиктин бийиги, тереңдин тереңи, акылдуунун акылдуусу, баткактын баткагы, ысыктын ысыгы, ылайканын ылайкасы ж.б.
  3. Эң, аябай, өтө, абдан, эбегейсиз, ашкан, мүлдө, чым, чымкый,   чылк,   эпсиз   деген   сыяктуу   күчөткүч   сөздөрдүн жардамы менен уюшулат: эң сонун, аябай кызык, өтө жаман, чымкый кызыл, абдан чоң, эбегейсиз бийик, ашкан айлакер, чым кара ж.б. Мисалы: Өтө жаман өзүн мактайт. (Макал) Чымкый кызыл көйнөгү сыдырымга желбиреп турат. (Б.Усубалиев)
  4. Чыгыш жөндөмөсүндөгү зат атоочтун жардамы аркылуу: койондон жапыс, бүркүттөн алгыр, аттан да күлүк, сүттөн ак, көмүрдөн да кара, үйдөн да чоң ж.б. Мисалы: Мен койондон жапыс болоюн, сен бүркүттөн алгыр бол. («Эр Төштүк»).
  5. Кээ бир сын атоочтордун кайталанып кош сөз түрүндө айтылышы аркылуу: бийик-бийик, терең-терең, ширин-ширин, узун-узун, семиз-семиз, чоң-чоң, арык-арык ж.б. Мисалы: Ээ, уулум, мен өмүрүмдө чеги жок бастым, эчен узак-узак жолдорду... (К. Сабыров) Узун-узун уз келет, узун бойлуу кыз келет. (Фольк).
  6. Санды билдирген жана  сан атооч сөздөргө  эсе деген сөздүн кошулуп айтылышы менен да сын атоочтордо күчөтмө маани жаралат: көп эсе жакшы, он эсе мыкты ж.б. Мисалы: Мындан жүз эсе, мындан миң эсе курч кайрат, майтарылбас эрдик менен, керек болсо канды суудай төгүп, аябастан жанды кечип күрөшүш керек. (К.Акматов)
  7. Жаман, иттей, өлгүдөй деген сөздөрдүн өтмө мааниде колдонулуп, сын атоочтор менен бирге айтылышы аркылуу: жаман катуу, жаман жеңил, жаман сулуу, иттей жоош, иттей таттуу, өлгүдөй сонун ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Сын атоочтун даражалары