Эрежелер›Морфология›Сөздүн тутуму›Сөз жасоо жолдору
Сөз жасоо жолдору
Кыргыз тилинде жаңыдан жасалган сөздөр бир топ арбын. Алардын ар кандай ыктар, амалдар менен жасалгандыгына карай өзүнчө бөтөнчөлүктөрү бар. Мисалы: малчы, басма, ачыткы, сына-, көбөй- деген сөздөр негизге куранды мүчөлөрдүн жалганышы менен жасалса, байке, таята, быйыл, аткулак, Каракол, Жаныбек деген сөздөр эки сөздүн кошулуп, лексикалык бир маани билдириши аркылуу жасалган. Ошентип, сөздөрдүн жасалыш ыгындагы айырмачылыктарга карата кыргыз тилинде сөз жасоонун эки жолу болот: сөз жасоонун морфологиялык жолу жана сөз жасоонун синтаксистик жолу. Тил илиминде айтылып жүргөн сөз жасоонун лексика- семантикалык жолун С. Давлетов лексикалык маанилер алкагында карап, лексикологиянын обөектиси деп эсептейт1.
Биз да ушул көз карашты колдоп, төмөндө сөз жасоонун аталган эки жолу тууралуу сөз кылабыз.
1 Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980. 26-
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Сөз жасоо жолдору