Эрежелер›Морфология›Сөздүн тутуму›Сөз жасоонун синтаксистик жолу
Сөз жасоонун синтаксистик жолу
Эки же андан көп сөздөрдүн биригиши аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун синтаксистик жолу деп аталат. Мисалы: агайын, кайната, бүгүн, айбалта, кумшекер, ашказан, үй-жай, ата-бала, кыз-кыркын, курал-жарак, баш бак-, кол кой-, көз сал-, Сагыналы, Мукамбеткалый, Сатыбалды, Арчатору, Аккыя, Онбиржылга, Чатыркөл ж.б. сөздөр эки (үч) сөздүн биригип бир маани бериши аркылуу жасалган, башкача айтканда, сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалган. Кыргыз тилинде мындай ык менен жасалган сөздөр өтө көп.
Мисалы, зат атоочтор: кыларкан, таяке, оозеки, жетата, көккытан, аткулак, бакажалбырак, ташкөмүр, бала-бакыра, ыйкы-тыйкы, күч-кубат, Сатыбалды, Токтобүбү, Турусбек, Ысыккөл, Шамалдысай, Чоңсарой, Акталаа ж.б.
Сын атоочтор: боз ала, жээрде кашка, кызыл ала ж.б.
Сан атоочтор: он бир, кырк сегиз, бир жүз отуз беш, алты миң сегиз жүз токсон төрт, экиден бир, үч-үчтөн, төрттөн бир, төрт-беш, жыйырма-отуз, бирин-серин ж.б.
Ат атоочтор: кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч бир, ар ким, ар нерсе, алда ким, эмне кылып жатат? ж.б.
Этиштер: ала кел-, бара бер-, келе бер-, байкай кой-, окуп чык-, тоюп ал-, ырдап кой-, капа бол-, көз сал-, тил ал-, кол кой-, жол чал-, тырп эт-, жарк эт-, чү де-, кош де-, жылт кой-, чөк түш- ж.б.
Тактоочтор: ары-бери, бат-бат, бетме-бет, анча-мынча, эртели-кеч, анда-санда, алда кайда, ар дайым ж.б.
Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр – татаал сөздөр. Ошондуктан, төмөндө татаал сөздөрдүн түрдүү касиеттерине, түрлөрүнө өзүнчө токтолобуз.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Сөз жасоонун синтаксистик жолу